Элчилердин иштери 28:1-31 KYB2004 - Bible AI

1Жээкке аман-эсен чыккандан кийин, аралдын аты Мелит экендигин билдик.

2Жергиликтүү эл бизге өзгөчө адамгерчилик көрсөттү. Алар от жагып, бизди чакырышты, анткени жамгыр жаап, суук болуп жаткан эле.

3Пабыл бир топ кургак чырпык терип келип, отко салып жатканда, ысыктыктан улам, бир уулуу жылан чыгып, анын колуна жабышты.

4Жергиликтүү эл анын колуна жабышкан жыланды көргөндө, бири-бирине: «Бул адам киши өлтүргүч болсо керек, деңизден аман чыкса да, Акыйкаттык аны тирүү калтырган жок», – дешти.

5Бирок Пабыл жыланды отко силкип таштады, андан эч кандай зыян тарткан жок.

6Алар Пабылдын денеси шишип кетет, же болбосо ал мүрт өлөт деп күтүп жатышкан эле. Бир топ убакыт өтсө да, ага эч нерсе болгон жок. Ошондо алар ойлорун өзгөртүшүп: «Бул бир кудай болсо керек», – дешти.

7Ал жерден алыс эмес жерде аралдын башчысы Публий деген адамдын жери бар эле. Ал бизди чакырып, үч күн меймандостук менен коноктоду.

8Публийдин атасы ысытма жана ич өткөк менен ооруп жаткан эле. Пабыл анын жанына барды да, сыйынып, колдорун анын үстүнө коюп, аны айыктырып койду.

9Ошондон кийин аралдагы башка оорулуулар да келип, айыгып жатышты.

10Алар бизге урмат-сый көрсөтүп, жолго чыгарыбызда керектүү нерселер менен камсыз кылышты.

11Yч айдан кийин, ушул аралда кыштаган «Эгиз кудайлар» деген александриялык кеме менен деңизге чыктык.

12Сиракуза шаарына барып, ал жерде үч күн болдук.

13Ал жерден чыгып, Регия шаарына келдик. Бир күндөн кийин түштүк шамалы соккондуктан, эртеси күнү Путеол шаарына келдик.

14Ал жерден бир туугандарды таптык. Алар бизден жети күнгө калуубузду өтүнүштү. Андан кийин Римге жол тарттык.

15Ал жердеги бир туугандар биз жөнүндө угуп, Апий аянтына жана «Үч мейманкана» деген жерге чейин келип, бизди тосуп алышты. Пабыл аларды көргөндө, Кудайга ыраазычылык билдирди жана кайраттанып да калды.

16Римге келгенибизде, жүз башы туткундарды падышанын аскер башчысына тапшырды. Пабылга болсо бир аскер менен өзүнчө жашоого уруксат берилди.

17Үч күндөн кийин Пабыл жүйүттөрдүн эң атактуу адамдарын чакыртты. Алар чогулганда, мындай деп сүйлөй баштады: «Агайын-туугандар! Элге каршы же ата-бабаларыбыздын салттарына каршы эч нерсе кылбасам да, кишенделип, Иерусалимден римдиктердин колуна салынып берилдим.

18Алар мени суракка алып, менден өлүм жазасына тарткыдай кылмыш таба албай коюшкандан кийин, бошотмокчу болушту.

19Бирок жүйүттөр каршы чыгышкандыктан, мен Рим падышасынын сотун талап кылууга аргасыз болдум. Бирок мен ал сотту өз элимди айыпташ үчүн талап кылган жокмун.

20Мен силерди мына ушул себеп менен, силер менен көрүшүп, сүйлөшүү үчүн чакырдым. Анткени мен Ысрайыл элинин үмүтү үчүн ушул кишен менен кишенделдим».

21Ошондо алар ага: «Биз Жүйүт аймагынан сен жөнүндө эч кандай кат алган жокпуз, келген бир туугандардын эч кимиси сен жөнүндө кабарлаган жок, эч бир жаман нерсе айткан да жок.

22Ошондой болсо да сенден өз оюңду уккубуз келет. Анткени биз бул окутуу жөнүндө бардык жерде талаш-тартыш болуп жатканын билебиз», – дешти.

23Ошентип, алар бир күндү белгилешип алып, Пабыл жашап турган үйгө дагы көптөгөн жүйүттөр менен келишти. Пабыл аларга эртеден кечке чейин Кудайдын Падышачылыгы жөнүндө күбөлөндүрүп, «Тоорат» жана «Пайгамбарлар» китептеринин негизинде Ыйса жөнүндө ишенимдүү далилдерди келтирди.

24Кээ бирөөлөрү айтылган сөздөргө ынанышты, ал эми кээ бирөөлөрү ишенишкен жок.

25Өз ара келише албай, алар тарай башташты. Ошондо Пабыл аларга мындай деди: «Ыйык Рух Ышайа пайгамбар аркылуу биздин ата-бабаларыбызга мындай деп туура айткан экен:

26“Бул элге барып айт: Кулагыңар менен угасыңар, бирок түшүнбөйсүңөр; көзүңөр менен карайсыңар, бирок көрбөйсүңөр.

27Анткени көздөрү менен көрбөш үчүн, кулактары менен укпаш үчүн, жүрөктөрү менен түшүнбөш үчүн, Мага кайрылып айыкпаш үчүн, бул элдин жүрөгүн май басты, кулактары катууланды, алар көздөрүн жаап алышты”.

28Ошондуктан билип алгыла: Кудайдын куткаруусу бутпарастарга жиберилди, муну мына ошолор угушат».

29Ал ушул сөздөрдү айтканда, жүйүттөр өз ара көпкө талашып-тартышып, тарап кетишти.

30Пабыл Римде эки жыл батирде жашады. Келгендердин баарын кабыл алып,

31Кудайдын Падышачылыгы жөнүндө, Теңир Ыйса Машайак жөнүндө кайраттуулук менен айтып, аларды тоскоолдуксуз окутуп жатты.