Элчилердин иштери 3:1-26 KYB2004 - Bible AI

1Петир менен Жакан сыйынуу убагында – күндүзгү саат үчтө ийбадатканага кирип бара жатышкан.

2Тубаса аксак бир адам бар эле. Ийбадатканага кирип бара жаткандардан кайыр сурасын деп, аны күн сайын көтөрүп келишип, ийбадаткананын «Кооз эшик» деп аталган эшигинин алдына отургузуп коюшчу.

3Ал ийбадатканага кирип бара жаткан Петир менен Жаканды көрүп, алардан кайыр сурады.

4Петир менен Жакан ага көңүл коюп карашты. Анан Петир ага: «Бизди карачы», – деди.

5Ал адам алардан бир нерсе алам деген үмүт менен аларды тиктеп калды.

6Бирок Петир ага: «Менде алтын-күмүш жок, бирок эмнем бар болсо, ошону сага беремин: назареттик Ыйса Машайактын атынан буйрук кыламын: ордуңдан туруп, бас», – деди.

7Анан аны оң колунан алып, ордунан турууга жардам берди. Ошол учурда анын таманы менен тизелерине күч кирди.

8Ал ордунан ыргып туруп, баса баштады. Секирип, Кудайды даңктап, алар менен бирге ийбадатканага кирди.

9Бүт эл анын басып жүргөнүн жана Кудайды даңктап жатканын көрдү.

10Алар анын ийбадаткананын «Кооз эшик» деп аталган эшигинин алдында кайыр сурап отурган адам экендигин таанышты. Анын басып жүргөнүн көрүшкөндө, үрөйлөрү учуп, аябай таң калышты.

11Айыгып калган бул аксак киши Петир менен Жакандын жанынан кетпегендиктен, айран-таң калган бүт эл алардын жанына, «Сулаймандын үйү» деп аталган кире бериш бөлмөгө тез эле чогулуп калды.

12Петир муну көргөндө, элге кайрылып, мындай деди: «Ысрайыл эркектери! Буга эмне таң калып жатасыңар? Биз аны өзүбүздүн күчүбүз же такыбаалыгыбыз менен бастыргансып, бизди эмне карайсыңар?

13Ыбрайымдын, Ыскактын жана Жакыптын Кудайы, ата-бабаларыбыздын Кудайы, Өзүнүн Уулу Ыйсаны даңктады. Силер Аны душмандын колуна салып бердиңер, Пилат Аны бошотмокчу болгондо, силер Андан Пилаттын алдында баш тарттыңар.

14Силер ыйык жана адил Адамдан баш тарттыңар да, киши өлтүргүчтү бошотуп берүүнү талап кылдыңар,

15ал эми өмүр Башчысын өлтүрдүңөр. Бирок Аны Кудай тирилтти, Анын тирилгенине биз күбөбүз.

16Өзүнө болгон ишеним үчүн Ал силер көрүп жана таанып турган бул адамга күч берди. Ал берген ишеним менен баарыңардын көз алдыңарда бул адам оорусунан айыкты.

17Агайын-туугандар, силер да, башчыларыңар да ал ишти билбестиктен кылганыңарды билем.

18Кудай болсо Өзүнүн бардык пайгамбарлары аркылуу Машайактын азап тартары жөнүндө алдын ала кандай айтса, ошондой ишке ашырды.

19Ошондуктан күнөөлөрүңөрдүн кечирилиши үчүн, тобо кылгыла, Кудайга кайрылгыла.

20Ошондо силерге Теңирден кубанычтуу мезгилдер келет, Ал силерге алдын ала дайындалган Ыйса Машайакты жиберет.

21Кудай байыркы замандардан бери Өзүнүн бардык ыйык пайгамбарлары аркылуу эмнени айтып келе жатса, ошонун баары аткарылганга чейин, асман Аны кабыл алышы керек эле.

22Муса ата-бабаларыбызга мындай деген: “Кудай-Теңириңер силерге бир туугандарыңардын ичинен мен сыяктуу бир Пайгамбарды чыгарат. Анын силерге айткандарынын баарын уккула.

23Ал Пайгамбарды укпаган ар бир адам эл арасынан жок кылынат”.

24Бүт пайгамбарлар, Шемуел пайгамбар жана андан кийинки пайгамбарлар, алардын кимиси гана сүйлөбөсүн, бардыгы бул күндөр жөнүндө алдын ала айтышкан.

25Силер пайгамбарлардын уулдарысыңар жана келишимдин мурасчыларысыңар. Анткени Кудай Ыбрайым пайгамбарга: “Жер үстүндөгү бардык элдер сенин тукумуң аркылуу бата алат”, – деп, силердин ата-бабаларыңар менен келишим түзгөн.

26Кудай ар бириңерди жаман иштериңерден буруп, силерге бата бериш үчүн, Өзүнүн Уулу Ыйсаны тирилтип, Аны биринчи силерге жиберди».

/article>