1Петир менен Жакан элге сүйлөп жатышканда, ыйык кызмат кылуучулар, ийбадатканадагы күзөт башчылар жана садукейлер алардын жанына келишти.
2Алар бул экөөнүн элди окутуп, өлгөндөрдүн Ыйса аркылуу тирилерин жарыялап жатышканына ачууланышты.
3Аларды кармап, эртең мененкиге чейин камап коюшту, анткени кеч кирип калган эле.
4Бирок сөздү уккандардын көпчүлүгү Ыйсага ишенип калышты. Алардын саны беш миңге жакын эле.
5Эртеси күнү жүйүттөрдүн башчылары, аксакалдары, мыйзам окутуучулары,
6башкы ыйык кызмат кылуучу Анас, Кайапа, Жакан жана Искендер, башкы ыйык кызмат кылуучулар уруусундагылардын бардыгы Иерусалимге чогулушту.
7Алар Петир менен Жаканды ортого чыгарып: «Силер муну кайсы күч менен же кимдин атынан кылдыңар?» – деп сурашты.
8Ошондо Петир Ыйык Рухка толуп, аларга мындай деди: «Эл башчылары жана Ысрайыл аксакалдары!
9Эгерде силер бүгүн бизди оорулуу адамга жакшылык кылганыбыз үчүн суракка алып, анын кантип айыкканы жөнүндө сурап жатсаңар,
10анда бардыгыңар, бүт Ысрайыл эли, билип алгыла: бул адам силер айкаш жыгачка кадаган, бирок Кудай кайра тирилткен назареттик Ыйса Машайактын атынан айыгып, силердин алдыңарда турат.
11Ыйса – силер, куруучулар, жаратпай койгон, бирок бурчтун негизи болуп коюлган таш.
12Адамдарды Ыйсадан башка эч ким куткара албайт. Анткени асман астында бизди – адамдарды куткара ала турган башка ысым жок».
13Алар Петир менен Жакандын тайманбастыгын көрүп, алардын окубаган, жөнөкөй адамдар экендигин билип таң калышты. Алардын Ыйса менен бирге жүргөндүгүн билишти.
14Бирок айыккан адамдын алардын жанында турганын көрүшүп, каршы сүйлөй алышкан жок.
15Анан аларга синедриондон чыгып турууну буйрушту да:
16«Бул адамдарды эмне кылалы? Анткени алар аркылуу улуу керемет көрсөтүлгөндүгү Иерусалимде жашагандардын баарына маалым болду, биз да муну тана албайбыз.
17Бирок бул мындан ары эл арасында жайылбашы үчүн, аларды коркутуп, бул ысым жөнүндө жарыялоого тыюу салалы», – деп, өз ара кеңешишти.
18Анан аларды чакырып: «Ыйсанын ысымы жөнүндө таптакыр сүйлөбөгүлө да, окутпагыла», – деп буйрук беришти.
19Бирок Петир менен Жакан аларга: «Өзүңөр ойлоп көргүлөчү, Кудайды укпай, силерди угуу Кудай алдында туурабы?
20Биз көргөнүбүз менен укканыбызды айтпай коё албайбыз», – деп жооп беришти.
21Алар болсо эл тургандыктан, ал экөөнү жазалоонун ыңгайын таба алышпай, аларды дагы бир жолу коркутуп, бошотуп жиберишти. Анткени элдин баары болуп өткөн окуя үчүн Кудайды даңктап жаткан эле.
22Оорусунан керемет менен айыккан бул адамдын жашы кырктан ашып калган болчу.
23Бошотулгандан кийин, алар башка шакирттерге келип, башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдардын айткандарын айтып беришти.
24Алар болсо муну угушкандан кийин, катуу үн менен: «Асманды, жерди, деңизди жана алардын ичинде эмне болсо, ошонун баарын жараткан Эгедер Кудай!
25Сен Ыйык Рух аркылуу атабыз Дөөттүн – Өзүңдүн кулуңдун оозу аркылуу: “Бутпарастар эмне үчүн каарданып жатышат? Элдер эмне үчүн ишке ашпай турган нерсени ойлоп жатышат?
26Дүйнөнүн падышалары каршы көтөрүлүштү, төрөлөр Теңирге жана Анын Машайагына каршы чогулушту”, – деп айткансың.
27Чын эле, бул шаарда Ирод менен Понтий Пилат бутпарастар менен, Ысрайыл эли менен бирге Өзүң майлаган ыйык Уулуң Ыйсага каршы чогулушту.
28Алар Сенин күчүң жана чечимиң менен алдын ала белгиленген нерсени орундатыш үчүн чогулушту.
29Азыр болсо, Теңир, алардын коркутуп жатканын көрүп турасың, Өзүңдүн сөзүңдү тайманбастык менен айтышыбыз үчүн, кулдарыңа кайраттуулук бере көр.
30Сенин ыйык Уулуң Ыйсанын атынан оорулууларды айыктыруу үчүн, кереметтерди жана жышаандарды көрсөтүү үчүн, Өзүңдүн колуңду суна көр», – деп, Кудайга чогуу сыйынышты.
31Ушинтип сыйынып бүтүшкөндө, алар чогулган жер солкулдап кетти. Баары Ыйык Рухка толуп, Кудайдын сөзүн тайманбастык менен айта башташты.
32Ыйсага ишенгендердин көпчүлүгүнүн ой-тилектери бир эле. Эч ким өзүнүн мүлкүн «меники» дечү эмес, алардын бардык нерсеси ортодо болчу.
33Элчилер болсо Теңир Ыйса Машайактын өлүп, кайра тирилгендигин зор кайраттуулук менен күбөлөндүрүп жатышты. Бардыгынын үстүндө Кудайдын зор ырайымы бар эле.
34Алардын эч кимиси эч нерсеге муктаж болчу эмес, анткени менчик жерлери же үйлөрү барлардын баары аларды сатып, сатылган нерсенин акчасын алып келип,
35элчилердин колуна тапшырышчу. Андан ар бир адамга муктаждыгына жараша берилчү.
36Кипрлик леби Жусуптун менчик жери бар эле. Элчилер аны Барнаба деп коюшчу. Бул ысым «Сооротуучу» деп которулат.
37Ал өз жерин сатып, акчасын алып келип, элчилердин колуна тапшырды.