Элчилердин иштери 5:1-42 KYB2004 - Bible AI

1Сафира деген аялы бар Анания деген киши менчик жерин сатты.

2Анан ал аялы менен макулдашып, сатылган мүлктүн акчасынан жашырып алып калып, калганын элчилердин колуна тапшырды.

3Ошондо Петир ага: «Анания! Эмне үчүн шайтанга жүрөгүңдөн орун берип, Ыйык Рухту алдап, саткан мүлкүңдүн акчасынан жашырып алып калдың?

4Сатканга чейин талаа өзүңдүкү эмес беле? Аны саткандан түшкөн акчага өзүң ээ эмес белең? Эмне үчүн ушундай ишке бардың? Сен адамдарды эмес, Кудайды алдадың», – деди.

5Анания бул сөздөрдү угары менен, жерге жыгылып жан берди. Ошондо бул окуяны уккандардын бардыгын коркунуч басты.

6Жаш жигиттер орундарынан туруп, аны көргө коюуга даярдашты да, алып чыгып, көргө коюшту.

7Болжол менен үч саат өткөндөн кийин, болуп өткөн окуя жөнүндө эч нерсе билбестен, анын аялы да келди.

8Петир андан: «Жериңерди ушунчага саттыңар беле?» – деп сурады. Ал: «Ооба, ушунчага сатканбыз», – деп жооп берди.

9Ошондо Петир ага мындай деди: «Теңирдин Рухун сыноого кантип батындыңар? Күйөөңдү көргө койгондор эшиктен кирип келе жатышат, азыр сени да алып кетишет».

10Ошол замат аял анын бут алдына жыгылып жан берди. Жигиттер ичкери киргенде, анын өлүп калганын көрүштү. Алар анын сөөгүн алып чыгып, күйөөсүнүн жанына коюшту.

11Ошондо бүт Жыйынды жана бул окуяны уккандардын бардыгын коркунуч басты.

12Элчилер аркылуу эл арасында көптөгөн кереметтер жана жышаандар көрсөтүлүп жатты. Ишенгендердин бардыгы бир ой-тилек менен «Сулайман үйүнө» чогулуп жүрүштү.

13Бирок чоочун адамдардын бирөө да аларга кошулууга дааган жок, эл болсо аларды даңктап жатты.

14Эркектер да, аялдар да Теңирге ишенип, ишенгендердин саны уламдан-улам көбөйүп жатты.

15Петир өтүп бара жатканда, жок дегенде, көлөкөсү түшсүн дешип, оорулууларды төшөнчү-орундары менен көтөрүп чыгып, көчөлөргө жаткырып коюп жатышты.

16Иерусалимдин тегерегиндеги шаарлардан да көптөгөн адамдар оорулууларды жана жин оорулууларды алып келип жатышты; алардын бардыгы айыгып жатты.

17Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу жана садукейлер тобундагылар көрө албастык кылып,

18элчилерди кармап, мамлекеттик түрмөгө камап салышты.

19Бирок Теңирдин периштеси түн ичинде түрмөнүн эшиктерин ачып, аларды сыртка алып чыкты да:

20«Баргыла, ийбадатканага кирип, элге өмүр жөнүндөгү ушул сөздөрдүн баарын айткыла», – деди.

21Алар бул сөздөрдү уккандан кийин, эртең менен эрте ийбадатканага кирип, элди окута башташты. Ошол учурда башкы ыйык кызмат кылуучу жана анын жанында жүргөндөр келип, синедрионду жана Ысрайыл аксакалдарын чакырышты да, элчилерди алып келиш үчүн, түрмөгө кызматчыларды жиберишти.

22Бирок кызматчылар барып, аларды түрмөдөн таппай кайтып келишти да:

23«Биз түрмөнүн эшиктери абдан бекем бекитилгенин жана эшиктердин алдында сакчылар турганын көрдүк, бирок ачып киргенибизде, ичинен эч кимди таппадык», – деп билдиришти.

24Ийбадаткананын күзөт башчысы жана башкы ыйык кызмат кылуучулар бул сөздөрдү угушканда: «Бул эмне деген шумдук?!» – деп, айран-таң калышты.

25Ошол учурда бирөө келип, аларга: «Силер түрмөгө камап койгон кишилер ийбадатканада элди окутуп жатышат», – деп билдирди.

26Ошондо күзөт башчысы кызматчылары менен барып, аларды күч колдонбой ээрчитип келди, анткени таш бараңга алып коюшабы деп, элден коркту.

27Аларды синедриондун алдына алып келди. Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу аларга мындай деди:

28«Биз силерге бул ысым жөнүндө окутпагыла деп, катуу тыюу салбадык беле? Силер болсо өзүңөрдүн окутууңарды бүт Иерусалимге жайылтып жибердиңер. Ал Адамдын канын биздин мойнубузга коюуга ниеттенип жатасыңарбы?»

29Ошондо Петир менен элчилер мындай деп жооп беришти: «Биринчи иретте адамдарга эмес, Кудайга баш ийүү керек.

30Ата-бабаларыбыздын Кудайы силер жыгачка асып өлтүргөн Ыйсаны тирилтти.

31Ысрайыл элин тобо кылдырып, күнөөлөрүн кечирүү үчүн, Кудай Ал Башчыны жана Куткаруучуну жогору көтөрүп, Өзүнүн оң жагына отургузуп койду.

32Ал жөнүндө айтылгандын бардыгына биз да, Кудай Өзүнө баш ийгендерге берген Ыйык Рух да күбө».

33Алар муну укканда, аябай ачууланышып, элчилерди өлтүрүүнү ойлошту.

34Ошондо бүт эл урматтаган мыйзам окутуучу, Гамалиел деген бир фарисей синедриондо ордунан туруп, элчилерди бир аз убакытка сыртка чыгарууну буйруду.

35Анан аларга мындай деп кайрылды: «Ысрайыл эркектери! Бул адамдарга кандайдыр бир чара көрөрдөн мурун жакшылап ойлонгула.

36Анткени мындан бир аз мурун өзүн бир улуу адам катары көрсөтүп, Теда деген неме чыкты. Аны төрт жүзгө жакын адам ээрчиди. Бирок ал өлтүрүлдү, аны ээрчигендер да чачырап жок болушту.

37Андан кийин эл каттоонун убагында Галилеядан Жүйүт деген неме чыгып, көп элди ээрчитти. Бирок ал да өлдү, аны ээрчигендер да чачырап кетишти.

38Ошондуктан азыр силерге айтарым: бул адамдарга тийбегиле, буларды өз жайына койгула. Эгерде бул адамдык иш-аракет болсо, анда ал бузулат.

39Эгерде Кудайдан болсо, анда силер аны токтото албайсыңар. Кудайга каршы чыгуучулардан болуп калуудан сак болгула». Алар анын айтканына көнүштү.

40Элчилерди чакыртып сабатышты да, Ыйсанын ысымы жөнүндө жарыялоого тыюу салышты. Анан аларды бошотуп жиберишти.

41Алар болсо Теңир Ыйса үчүн кордук көрүүгө татыктуу болушканына кубана синедриондон чыгып кетишти.

42Ошондон кийин алар күн сайын ийбадатканада жана үйлөрдө адамдарды окутуп, Ыйса Машайак жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратууну токтотушкан жок.

/article>