Элчилердин иштери 6:1-15 KYB2004 - Bible AI

1Ошол күндөрү, шакирттер көбөйө баштаганда, бутпарас өлкөлөрдө жашаган, эллинисттерде эврейлерге каршы нааразычылык пайда болду, анткени күнүмдүк тамак-аш бөлүнүп берилгенде, алардын жесирлери эске алынбай калып жаткан эле.

2Ошондо он эки элчи бардык шакирттерди чогултуп алып, мындай дешти: «Кудайдын сөзүн таратуу ишин таштап коюп, тамак бөлүштүрүп жүргөнүбүз жакшы эмес.

3Ошондуктан, бир туугандар, элдин ишенимине ээ болгон, Ыйык Рухка толгон жана акылдуу жети адамды араңардан тандагыла. Бул кызматты ошолорго тапшыралы.

4Биз болсо дайыма сыйынууну жана Кудай сөзүн айтып кызмат кылууну уланта берели».

5Бул сунуш бүт Жыйынга жакты. Ошентип, алар ишеними бекем, Ыйык Рухка толгон Степан деген адамды, ошондой эле Филипти, Прохорду, Никанорду, Тимонду, Парменди жана антийохеялык прозелит Николайды тандашты да,

6элчилердин алдына алып келишти. Элчилер сыйынып, алардын үстүнө колдорун коюшту.

7Кудайдын сөзү кеңири жайылып, Иерусалимде шакирттердин саны абдан көбөйүп жатты. Ыйык кызмат кылуучулардын ичинен да көптөрү Ыйсага ишенип калышты.

8Ишеними бекем, күчкө толгон Степан эл арасында улуу кереметтерди жана жышаандарды көрсөтүп жүрдү.

9Либертиндердин, киренеялыктардын, александриялыктардын синагогасы деп аталган синагоганын кээ бир мүчөлөрү, киликиялыктардын жана асиялыктардын кээ бирөөлөрү Степанга каршы чыгып, аны менен талашып-тартышышты.

10Бирок анын акылмандык менен, Рухтун күчү менен сүйлөгөн сөзүнө каршы тура алышкан жок.

11Ошондо алар кээ бир адамдарга: «“Биз анын Мусага каршы сүйлөгөнүн, Кудайга акарат келтиргенин уктук” деп айткыла», – деп үйрөтүп коюшту.

12Алар элди, аксакалдарды жана мыйзам окутуучуларды тукурушту да, Степанды кармап, синедрионго алып келишти.

13Анан жалган жалаа жабуучуларды алдыга чыгарышты. Алар: «Бул адам ушул ыйык жайга жана мыйзамга каршы сүйлөгөнүн токтотпой жатат.

14Анткени биз анын: “Назареттик Ыйса бул жайды талкалап, Мусанын бизге калтырган салттарын өзгөртөт”, – деп айтканын уктук», – деп айтышты.

15Ошондо синедриондо отургандардын бардыгы Степанды тигиле карап калышты, анын жүзү периштенин жүзүндөй жаркырап турган эле.

/article>