1Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу Степандан: «Ушул чынбы?» – деп сурады.
2Степан мындай деп жооп берди: «Агайын-туугандар жана аталар! Сөзүмө кулак салгылачы. Атабыз Ыбрайым Месопотамияда жашап турганында, Харанга көчүп кете элегинде, ага даңктуу Кудай келип:
3“Өз жериңден, тууган-уругуңдан, атаңдын үйүнөн чыгып, Мен көрсөтө турган жерге баргын”, – деди.
4Ошондо ал Каздим жеринен чыгып, Харанга келип отурукташты. Атасы өлгөндөн кийин, Кудай аны ал жактан азыр силер жашап жаткан ушул жерге көчүрдү.
5Ал жерден Ыбрайымга бир карыш жер да мурас кылып берген эмес, бирок ал балалуу боло элек болсо да, Кудай ал жерди ага жана анын кийинки тукумуна энчилеп берүүнү убада кылды.
6Кудай ага: “Сенин тукумуң жат жерде келгин эл болот, аларды кулга айландырып, төрт жүз жыл кысымга алышат.
7Бирок аларды кулга айландырган элди Мен Өзүм жазалайм, ошондон кийин алар ал жерден чыгып, ушул жерде Мага кызмат кылышат”, – деди.
8Кудай аны менен келишим түзүп, келишимдин белгиси катары ага сүннөткө отургузуу парызын берди. Ыбрайым Ыскак деген уулдуу болуп, аны сегизинчи күнү сүннөткө отургузду. Ыскактан Жакып төрөлдү, Жакыптан Ысрайыл элинин он эки уруусунун түпкү аталары төрөлдү.
9Алар көрө албастык кылып, Жусупту Мисир жерине кулчулукка сатып жиберишти, бирок Кудай аны менен болду.
10Аны бардык кыйынчылыктарынан куткарып, ага акылмандык берип, Мисир падышасы фараондон ырайым таптырды. Фараон аны бүт Мисирге жана өзүнүн падыша сарайына башчы кылып койду.
11Мисир жана Канаан жеринде ачарчылык болуп, элди чоң кайгы басты. Аталарыбыз нансыз калышты.
12Бирок Жакып Мисирде эгин бар экендигин угуп, аталарыбызды ошол жакка жиберди. Бул алардын Мисирге биринчи жолку баруусу эле.
13Алар Мисирге экинчи жолу барышканда, Жусуп бир туугандарына: “Мен силердин бир тууганыңармын”, – деп, ачык айтты. Ошентип, Жусуптун тууган-уругун фараон таанып калды.
14Жусуп киши жиберип, атасы Жакыпты жана бүт тууган-уругун – жетимиш беш адамды чакыртып алды.
15Ошентип, Жакып Мисирге көчүп барды. Жакып да, аталарыбыз да ошол жерде көз жумушту.
16Алардын сөөгү Шекем жериндеги мүрзөгө коюлду. Ыбрайым ал мүрзөнү Шекемдеги Хамор уулдарынан күмүшкө сатып алган эле.
17Кудайдын Ыбрайымга берген убадасынын аткарыла турган убагы жакындай берди. Элибиз да Мисир жеринде көбөйүп жатты.
18Кийин Жусуп жөнүндө билбеген башка падыша тактыга келди.
19Ошол падыша биздин элибизге каршы ар кандай айла-амалдарды колдонуп, кысым көрсөттү. Элибиз көбөйбөш үчүн, жаңы төрөлгөн балдарды сууга таштоого мажбурлады.
20Ошол убакта Муса төрөлдү, ал Кудайдын алдында абдан сүйкүмдүү эле. Аны үч ай өз ата-энеси бакты.
21Ал эми сууга ташталгандан кийин, аны фараондун кызы багып алып, өз уулундай тарбиялап өстүрдү.
22Муса Мисирде ар тараптуу билим алып, сөзү өтүмдүү, ишке жөндөмдүү адам болду.
23Ал кырк жашында өзүнүн бир туугандары – ысрайылдыктарды көрүп келүүнү чечти.
24Барганда, алардын бирин бир мисирлик кордоп жатканын көрүп, болуша кетти. Мисирликти өлтүрүп, кордук көргөн ысрайылдык үчүн өч алды.
25“Кудай мен аркылуу куткарарын бир туугандарым түшүнөт”, – деп ойлоду ал. Бирок алар түшүнүшкөн жок.
26Эртеси күнү Муса эки ысрайылдыктын бири-бири менен урушуп жатканын көрүп, алардын жанына келди да, аларды элдештиргенге аракет кылып: “Силер бир туугансыңар да! Эмнеге бири-бириңер менен урушуп жатасыңар?” – деди.
27Бирок өз жакынына кордук көрсөтүп жаткан адам Мусаны түртүп жиберип, мындай деди: “Ким сени бизге башчы кылып, соттоочу кылып койду эле?
28Кечээ мисирликти өлтүрдүң эле, бүгүн мени өлтүргүң келип турабы?”
29Бул сөздөрдү укканда, Муса Мисирден качып чыкты. Ал Мидиан жеринде келгин катары жашап турду. Ал жерде ал эки уулдуу болду.
30Кырк жыл өткөндөн кийин, Синай тоосунан алыс эмес жердеги чөлдө күйүп жаткан тикендүү бадалдын жалынынан ага Теңирдин периштеси көрүндү.
31Муса бул көрүнүштү көрүп, таң калды. Жакшылап караш үчүн, бадалга жакын барганда, ага Теңирдин үнү угулду:
32“Мен сенин ата-бабаларыңдын Кудайымын, Ыбрайымдын, Ыскактын жана Жакыптын Кудайымын”. Муса калтырап коркуп, жакшылап караганга даай алган жок.
33Ошондо Теңир ага мындай деди: “Бут кийимиңди чеч, анткени сен турган жер – ыйык жер.
34Мен Мисирдеги элимдин тартып жаткан азабын көрүп, онтогон үнүн угуп, аларды куткарыш үчүн, асмандан түшүп келдим. Ошондуктан баргын, Мен сени Мисирге жиберемин”.
35“Ким сени бизге башчы жана соттоочу кылып койду?” деген сөз менен четке кагылган ошол Мусаны Кудай тикендүү бадал ичинде көрүнгөн периште аркылуу башчы кылып, куткаруучу кылып жиберди.
36Ошол Муса Мисир жеринде, Кызыл деңизде жана кырк жыл бою чөлдө кереметтерди жана ажайыптарды көрсөтүп, аларды Мисирден алып чыкты.
37Ошол Муса Ысрайыл уулдарына: “Кудай өзүңөрдүн бир туугандарыңардын ичинен мен сыяктуу бир Пайгамбарды чыгарат. Ошону уккула”, – деген.
38Синай тоосунда өзүнө сүйлөгөн периштенин сөздөрүн чөлдө чогулган ата-бабаларыбызга айтып берген Муса ошол. Ал бизге айтып бериш үчүн, Кудайдан тирүү сөздөрдү кабыл алган.
39Аталарыбыз ага баш ийүүнү каалашкан жок, тескерисинче, аны четке кагышты, жүрөктөрүн Мисирге буруп,
40Арунга: “Бизди Мисир жеринен алып чыккан Муса деген неменин эмне болгондугун билбейбиз, ошондуктан бизди баштап жүрө турган кудайларды жасап бер”, – дешти.
41Ошентип, алар ошол күндөрү алтындан музоо жасап, ошол жасалма кудайга курмандык чалып, өз колдору менен жасалган ишке кубанышты.
42Ошондо Кудай алардан жүзүн буруп, асман кошуундарына табынган аларды жайына койду. Бул тууралуу “Пайгамбарлар” китебинде мындай деп жазылган: “Ысрайыл эли! Кырк жыл ичинде чөлдө курмандыкка чалган малыңарды жана курмандыктарыңарды Мага арнадыңар беле?
43Силер өзүңөр менен кошо Молох кудайыңардын чатырын жана Райпан деген жылдыз кудайыңарды алып жүрдүңөр. Силер ал буркандарды табынуу үчүн жасагансыңар, ошондуктан Мен силерди Бабылдан да ары көчүрүп жиберем”.
44Чөлдө аталарыбыздын күбөлүк чатыры бар эле. Муса ал чатырды Кудай буйругандай кылып, көргөн үлгүсү боюнча жасаган болчу.
45Өздөрүнүн ата-бабаларынан өткөрүп алган ал чатырды биздин ата-бабаларыбыз Жашыянын жетекчилиги менен көтөрүп алып, ата-бабаларыбыздын алдынан Кудай Өзү кууп чыккан элдердин жерине алып киришчү. Дөөт падышанын убагына чейин ушундай болгон.
46Кудайдын алдында ырайым тапкан Дөөт Жакыптын Кудайына арнап үй куруу үчүн, Анын Өзүнөн уруксат сураган.
47Үйдү болсо Сулайман курду.
48Бирок Бардыгынан Жогорку адамдын колу менен курулган ийбадатканаларда жашабайт. Кудай Өзү бир пайгамбар аркылуу мындай деп айткан:
49“Асман Менин тагым, жер – буттарымды койгон орун. Силер Мага кандай үй тургузасыңар? Менин эс ала турган ордум кайсы жер?
50Булардын баары Менин колум менен жаратылган эмеспи?” – дейт Теңир.
51Тоң моюндар! Жүрөктөрү менен кулактары сүннөт кылынбаган адамдар! Ата-бабаларыңарга окшоп, силер дайыма Ыйык Рухка каршы чыгасыңар.
52Силердин ата-бабаларыңар куугунтуктабаган бир да пайгамбар болгон эмес. Ата-бабаларыңар Адилеттүүнүн келерин алдын ала жарыялагандарды өлтүрүшкөн, силер болсо чыккынчылык кылып, Аны өлтүрүп салдыңар.
53Периштелер аркылуу берилген мыйзамды кабыл алгандар да, аны аткарбагандар да силерсиңер».
54Бул сөздөрдү укканда, алар ага кыжырданып, тиштерин кычыратышты.
55Ыйык Рухка толгон Степан болсо асманга көз жиберип, Кудайдын даңкын жана Кудайдын оң жагында турган Ыйсаны көрдү.
56Ошондо ал: «Ачылган асманды жана Кудайдын оң жагында турган Адам Уулун көрүп жатам», – деди.
57Бирок алар кулактарын жаап алып, катуу кыйкырып, аны көздөй жапырт умтулушту.
58Алар аны шаардын сыртына алып чыгып, таш бараңга ала башташты. Күбөлөр болсо өз кийимдерин Шабыл деген бир жаш жигиттин жанына коюп коюшту.
59Алар таш менен уруп жатышканда, Степан: «Теңир Ыйса! Менин рухумду алчы», – деп сыйынды.
60Анан чөгөлөп, катуу үн менен: «Теңир! Бул күнөөнү алардын күнөөсү катары эсептебе», – деди. Ушинтип айткандан кийин, ал жан берди.