1Шабыл болсо Степанды өлтүргөндөр тарапта эле. Ошол күндөрдө Иерусалимдеги Жыйынды катуу куугунтукташты. Ошондо элчилерден башкасынын бардыгы Жүйүт менен Самариянын ар кайсы жерине чачырап кетишти.
2Степандын сөөгүн болсо Кудайдан корккон такыбаа адамдар көргө коюп, ал үчүн катуу аза күтүштү.
3Ал эми Шабыл үйдөн-үйгө кирип, эркек болобу, аял болобу, бардыгын сүйрөп чыгып, түрмөгө камап, Жыйынды жок кылууга аракет кылып жатты.
4Чачырап кеткендер болсо эл аралап, Кудайдын сөзүн таратып жүрүштү.
5Филип Самария шаарына келип, анын тургундарына Машайак тууралуу Жакшы Кабар таратты.
6Филип жасаган кереметтерди уккан-көргөн элдин бардыгы анын сөзүнө чын дилден кулак салышты.
7Анткени жин оорулуу көптөгөн адамдардын ичинен жиндер катуу кыйкырык менен чыгып, көптөгөн шал оорулуулар менен аксактар айыгып жатышкан эле.
8Ошентип, бул шаар чоң кубанычка бөлөндү.
9Ушул шаарда буга чейин сыйкырчылык кылып, Самария элин таң калтырган, өзүн бир улуу адам кылып көрсөткөн Шымон деген бир киши бар эле.
10«Бул кишиде Кудайдын улуу кудурети бар», – деп, элдин бардыгы, кичинесинен чоңуна чейин, ага кулак салышчу.
11Алардын ага кулак салуусунун себеби – ал көп убактан бери өзүнүн сыйкырчылыгы менен аларды таң калтырып жүргөн.
12Бирок Кудайдын Падышачылыгы жана Ыйса Машайактын ысымы жөнүндөгү Жакшы Кабарды жарыялаган Филипке ишенип калган эркектер да, аялдар да сууга чөмүлдүрүлүп жатышты.
13Шымон да Ыйсага ишенип, сууга чөмүлдүрүлдү. Ал Филиптин жанынан чыкпай, жасалып жаткан улуу кереметтер менен ажайыптарды көрүп, таң калып жатты.
14Иерусалимде калган элчилер самариялыктардын Кудай сөзүн кабыл алганын угушканда, аларга Петир менен Жаканды жиберишти.
15Экөө келишти да, аларга Ыйык Рух берүүсүн сурап, Кудайга сыйынышты.
16Анткени алардын эч кимисине Ыйык Рух түшө элек болчу, болгону, алар Теңир Ыйсанын ысымынын урматына сууга чөмүлдүрүлүшкөн эле.
17Эки элчи самариялыктардын үстүнө колдорун коюшканда, алардын үстүнө Ыйык Рух түштү.
18Элчилердин кол коюусу аркылуу Ыйык Рух берилерин көргөндө, Шымон аларга акча алып келип:
19«Мага да ушул бийликти бергилечи, мен кимдин үстүнө колумду койсом, анын үстүнө Ыйык Рух түшсүн», – деди.
20Бирок Петир ага мындай деди: «Күмүшүң менен кошо жок бол, анткени сен Кудайдын белегин акчага сатып алууну ойлодуң.
21Бул иште сенин тиешең да, үлүшүң да жок, анткени сенин жүрөгүң Кудайдын алдында таза эмес.
22Ошондуктан бул күнөөң үчүн Теңирден кечирим сурап сыйын, балким, Ал жүрөгүңдөгү жаман оюңду кечирер.
23Анткени мен сенин көрө албастык кылып жатканыңды жана күнөөнүн кишенинде экендигиңди көрүп турам».
24Ошондо Шымон: «Айткандарыңардын эч бири башыма түшпөш үчүн, мен үчүн Теңирге сыйынгылачы», – деди.
25Алар болсо Ыйса жөнүндө күбөлөндүрүп, Теңирдин сөзүн жарыя кылышкандан кийин, Самариянын бир нече айылында Жакшы Кабар таратып, Иерусалимге кайтып келишти.
26Теңирдин периштеси Филипке мындай деди: «Тур, түштүккө, Иерусалимден Азаны карай кеткен ээн жолго бар».
27Ал туруп, ошол жакка жөнөдү. Кудайга табынуу үчүн Иерусалимге келген эфиопиялык бир адам үйүнө кайтып бара жаткан эле. Бул эбнух, эфиопиялыктардын аял падышасы Кандакиянын жогорку даражалуу төрөсү, анын казына иштерин башкаруучуларынын башчысы болчу.
28Ал адам өзүнүн арабасында Ышайа пайгамбардын китебин окуп бара жаткан.
29Рух Филипке мындай деди: «Жакын барып, бул арабага катарлаш бас».
30Филип жакын барды да, анын Ышайа пайгамбардын китебин окуп жаткандыгын угуп, андан: «Окуганыңды түшүнүп жатасыңбы?» – деп сурады.
31«Мага бирөө түшүндүрүп бербесе, кантип түшүнмөк элем?» – деди ал. Анан ал Филиптен арабага түшүп, өзүнүн жанына отуруусун өтүндү.
32Ал Ыйык Жазуудан бул жерди окуган эле: «Ал союлуш үчүн жетеленип келген козу сыяктуу, кыркмачынын алдында үнсүз жаткан кой сыяктуу ооз ачпайт.
33Ал кемсинтилип, адилет соттолуу укугунан ажыратылды. Бирок Анын тегин ким айтып бере алат? Анткени Анын жер үстүндөгү өмүрү бүтөт».
34Эбнух Филиптен: «Өтүнөм, айтчы, пайгамбар ким жөнүндө айтып жатат? Өзү жөнүндөбү же башка бирөө жөнүндөбү?» – деп сурады.
35Ошондо Филип сөзүн баштады. Ал Ыйык Жазуунун ушул жеринен баштап, Ыйса жөнүндөгү Жакшы Кабарды айтып берди.
36Алар жолдо бара жатып, бир сууга келишти. Ошондо эбнух: «Мына суу! Менин сууга чөмүлдүрүлүүмө кандай тоскоолдук бар?» – деди.
37Филип болсо ага: «Эгерде бүт жүрөгүңдөн ишенсең, анда чөмүлдүрүлсөң болот», – деди. «Ыйса Машайак Кудайдын Уулу экендигине ишенем», – деди ал.
38Анан ал арабаны токтотууга буйрук берди. Ошентип, Филип менен эбнух сууга киришти. Филип аны сууга чөмүлдүрдү.
39Алар суудан чыгышканда, эбнухтун үстүнө Ыйык Рух түштү. Филипти болсо Теңирдин периштеси алып кетти. Ошондон кийин эбнух аны көргөн жок. Ал кубанган бойдон өз жолун улантып кете берди.
40Филип болсо Азотто болуп калды. Кейсареяга жеткенче, бардык шаарларды аралап, Жакшы Кабар таратып жүрүп отурду.