1Шабыл болсо мурункусундай эле Теңирдин шакирттерин коркутууну жана өлтүрүүнү каалап, башкы ыйык кызмат кылуучуга барды.
2Бул окутууну жолдогондордун кимисин тапса, ал эркек болобу, аял болобу, аны байлап, Иерусалимге алып келиш үчүн, Шабыл андан Дамасктагы синагогаларга кат жазып берүүсүн өтүндү.
3Ошентип, ал жолго чыгып, Дамаскка жакындап калганда, күтүлбөгөн жерден ага асмандан бир жарык түштү.
4Ал жерге жыгылды. Ошондо ал
5«Сен кимсиң, Теңир?» – деп сурады Шабыл. Теңир ага:
6Ал коркконунан титиреп, мындай деди: «Теңир! Мага эмне кылууну буюрасың?» Теңир ага:
7Аны менен бирге бара жаткан адамдар үндү угуп, бирок эч кимди көрбөй, селдейип туруп калышты.
8Ордунан турган Шабыл көздөрү ачык болгонуна карабастан, эч кимди көргөн жок. Аны колунан жетелеп, Дамаскка алып келишти.
9Анын көзү үч күн көргөн жок, ал тамак да жеген жок.
10Дамаскта Анания деген бир шакирт бар эле. Теңир көрүнүш аркылуу ага:
11Ошондо Теңир ага мындай деди:
12
13Анания болсо Теңирге мындай деди: «Теңир! Мен анын Иерусалимде Сенин ыйыктарыңа канчалык жамандык кылгандыгын көп кишиден уккам.
14Бул жерде да ыйык кызмат кылуучулардан Сенин ысымыңды чакыргандардын бардыгын байлатууга уруксат алган».
15Бирок Теңир ага:
16
17Анания барып, ошол үйгө кирди да, Шабылдын үстүнө колдорун коюп, мындай деди: «Бир тууганым Шабыл! Келе жаткан жолуңда өзүңө көрүнгөн Теңир Ыйса, көздөрүң кайрадан көрүшү үчүн, Ыйык Рухка толушуң үчүн, мени сага жиберди».
18Ошол замат анын көзүнөн чел түшүп калгандай болду. Анын көздөрү ачылып, көрө баштады. Ошондо ал ордунан туруп, сууга чөмүлдүрүлдү.
19Анан тамак жеп, кубаттанды. Шабыл бир нече күн Дамасктагы шакирттер менен болду.
20Көп өтпөй эле, ал синагогаларда Ыйсанын Кудай Уулу экенин жарыялай баштады.
21Анын сөзүн уккандардын бардыгы: «Иерусалимде ушул ысымды чакыргандарды куугунтуктаган ушул киши эмес беле? Бул жерге да аларды байлап, башкы ыйык кызмат кылуучуларга алып барыш үчүн келбеди беле?» – деп таң калышты.
22Барган сайын ишеними бекемделген Шабыл болсо Ыйсаны Машайак деп далилдеп, Дамаскта жашаган жүйүттөрдүн баштарын маң кылды.
23Бир нече күн өткөндөн кийин, жүйүттөр аны өлтүрүүгө чечим чыгарышты.
24Бирок алардын бул жаман ою Шабылга маалым болду. Алар аны өлтүрүш үчүн, күндүр-түндүр шаар дарбазаларынын алдында күтүп турушту.
25Шакирттер болсо түн ичинде аны чабырага салып, дубалдын боору менен төмөн түшүрүп жиберишти.
26Шабыл Иерусалимге келип, ал жердеги шакирттерге кошулууга аракеттенди. Бирок алардын бардыгы анын Ыйсанын шакирти болгонуна ишенбей, андан коркушту.
27Барнаба болсо аны элчилерге ээрчитип барды да, аларга анын жолдо Теңирди көргөнүн, Теңирдин ага эмне деп айтканын жана Дамаскта Ыйсанын ысымы жөнүндө кайраттуулук менен Жакшы Кабар таратканын айтып берди.
28Ошондон кийин Шабыл Теңир Ыйсанын ысымы жөнүндө кайраттуулук менен Жакшы Кабар таратып, Иерусалимде алар менен чогуу жүрдү.
29Эллинисттер менен да сүйлөшүп, талашып-тартышты. Алар болсо аны өлтүрүүгө аракет кылышты.
30Бул жөнүндө уккан бир туугандар аны Кейсареяга алып келип, андан ары Тарска жөнөтүп жиберишти.
31Ал эми бүт Жүйүт аймагындагы, Галилеядагы жана Самария шаарындагы Жыйындар тынч күндөрдү өткөрүп, рухий жактан өсүп жатышты. Теңирден коркуу менен жашап жаткан алар Ыйык Рухтун жардамы менен көбөйүп жатышты.
32Петир баарын кыдырып жүрүп, Лидда шаарында жашаган ыйыктарга да келди.
33Ал жерден ал сегиз жылдан бери шал оорусу менен төшөктө жаткан Айней деген адамды көрдү.
34Петир ага: «Айней! Сени Ыйса Машайак айыктырып жатат. Төшөгүңдөн тургун», – деди. Ал ошол замат ордунан турду.
35Лиддада жана Шарондо жашагандардын бардыгы аны көрүп, Теңирге кайрылышты.
36Жапа шаарында Табита деген шакирт аял бар эле. Бул ысым «жейрен» деп которулат. Ал көптөгөн жакшы иштерди кылчу, жакырларга көп жардам берчү.
37Ошол күндөрдө ал ооруп өлүп калды. Анын сөөгүн жууп, жогорку бөлмөгө жаткырып коюшту.
38Лидда шаары Жапа шаарына жакын болгондуктан, шакирттер Петирдин Лиддада экендигин угуп, «Бизге тезинен кел» деген өтүнүч менен ага эки кишини жиберишти.
39Петир алар менен жолго чыкты. Ал келгенде, аны жогорку бөлмөгө киргизишти. Жесир аялдардын баары ыйлап, Петирге келишти да, ага Табитанын тирүү кезинде тиккен көйнөктөрү менен кийимдерин көрсөтүштү.
40Петир алардын бардыгын сыртка чыгарып жиберип, тизе бүгүп сыйынды, анан маркумга бурулуп: «Табита, ордуңдан тур!» – деди. Ошондо Табита көздөрүн ачты. Петирди көрүп, өйдө болуп отурду.
41Петир колун сунуп, аны тургузду да, ыйыктар менен жесирлерди чакырып, аларга өлүп кайра тирилген аны көрсөттү.
42Бул окуя бүт Жапага белгилүү болду. Ошондо көптөгөн адамдар Теңирге ишенип калышты.
43Петир бир нече күн Жапада, Шымон деген булгаарычыныкында болду.