Эстер 1:1-22 KYB2004 - Bible AI

1Акашбейрош падышанын тушунда мындай окуя болду (Акашбейрош падыша Индиядан Эфиопияга чейинки жүз жыйырма жети дубанды башкарып турган):

2Акашбейрош падыша борбор шаар Шушанда падышачылык тактыда отурган күндөрү,

3падышачылыгынын үчүнчү жылында, бардык төрөлөрүнө, кол астындагы кызматчыларына, персиялык жана мадайлык башкы аскер башчыларына, өз дубандарынын дубан башчыларына чоң той берди.

4Ал падышачылыгынын сан жеткис байлыгын, өзүнүн шаан-шөкөткө толгон сарайларын көп күндүн аралыгында, жүз сексен күндүн ичинде, көрсөтүп чыкты.

5Ошол күндөрдөн кийин падыша борбор шаар Шушанда жашаган өзүнүн эли үчүн, кичинесинен чоңуна чейин, падыша сарайынын бакчасында жети күн той өткөрдү.

6Зыгыр буласынан токулган ак түстөгү жана жүндөн токулган жакут түстөгү көшөгөлөр илинип турду. Алар зыгыр буласынан жана кочкул кызыл кездемеден жасалган боолор менен күмүш шакектерге байланып, мармар мамыларга илинип турду.

7Алтын-күмүш менен капталган супалар жакут, мармар, седеп жана кара таштар кынала жаткырылган жерге жайгашкан.

8Суусундуктар баасы отуз миң талант турган, бири-бирине окшошпогон алтын идиштер менен сунулуп жатты. Падышанын байлыгына жараша шарап көп болду, бирок тартип менен ичилип жатты, эч ким эч кимди мажбурлаган жок. Анткени падыша үй башкаруучуларына ар кимди өз эркине коюуну буйрук кылган.

9Башти ханыша да падыша Акашбейроштун падыша сарайында аялдар үчүн той өткөрдү.

10Шарап ичип көңүлү көтөрүлгөн Акашбейрош падыша тойдун жетинчи күнү элге жана төрөлөргө аялынын сулуулугун көрсөтүш үчүн,

11өзүнө кызмат кылган эбнухтарына – Меуманга, Бистага, Харбонго, Биктага, Абахтага, Зейтарга, Каркаска ханыша Баштини ханышалык таажысы менен өзүнүн алдына алып келүүнү буйруду. Анткени ал аябай сулуу эле.

12Бирок ханыша Башти падышанын эбнухтары аркылуу берген буйругу боюнча келгиси келген жок.

13Ошондо падыша абдан ачууланып, каары кайнады. Ал өткөн мезгилдерди билген акылмандарга кайрылды, анткени мыйзам менен укуктарды билгендер менен кеңешип турчу.

14Ошол убакта Персия менен Мадайдын жети төрөсү: Каршена, Шейтар, Адмата, Таршыш, Мерес, Марсена, Мемухан падышанын кеңешчилери эле. Алар падышага бардык учурда кире алышкан, падышачылыкта алдыңкы орунда отурушкан.

15«Акашбейрош падышанын эбнухтары аркылуу берген буйругун аткарбай койгону үчүн, мыйзам боюнча ханыша Баштини эмне кылыш керек?»

16Ошондо Мемухан төрө падыша менен төрөлөрдүн алдында мындай деп айтты: «Башти ханыша жеке эле падышанын алдында айыптуу болуп отурган жок, ал бардык төрөлөрдүн жана Акашбейрош падышанын бардык дубандарында жашаган бардык элдердин алдында айыптуу болду.

17Анткени ханышанын бул жоругу бардык аялдарга жетет да, алар өздөрүнүн күйөөсүн барктабай: “Акашбейрош падыша Башти ханышаны өзүнүн алдына алып келүүнү буйруганда, ал келбей койгон”, – дешет.

18Ханышанын бул жоругун уккан Персия менен Мадай төрайымдары да падышанын төрөлөрүнө ушинтип айтышат. Тоотпостук, каардануу көп болот.

19Эгерде падыша ылайык тапса, “Мындан ары Башти ханыша Акашбейрош падышанын алдына келбесин, падыша анын ханышалык даражасын андан артык турган башка аялга берсин” деген токтом чыгарсын, ал Персия менен Мадай мыйзамына жазылсын, өзгөртүлбөсүн.

20Падышанын бул токтому, анын падышачылыгы канчалык чоң болбосун, анын бүткүл булуң-бурчуна тарайт. Ошондо аны уккан аялдар күйөөлөрүн, атактуу болобу, жөнөкөй болобу, сыйлай башташат».

21Бул сөз падыша менен төрөлөргө жакты. Падыша Мемухандын айтканындай кылып, өзүнүн бардык дубандарына

22ар бир эркек өз үйүндө кожоюн болсун, бул токтом ар бир адамга өз эне тилинде жарыялансын деп, ар бир дубандын өз арибинде, ар бир элдин өз эне тилинде жазылган кат жөнөттү.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>