1Акашбейрош падышанын ачуусу тарагандан кийин, Башти тууралуу, анын эмне кылганы тууралуу, ага кандай токтом чыгарылганы тууралуу эстеди.
2Падышага кызмат кылган кеңешчилери мындай дешти: «Падышага сулуу, жаш кыздарды таап келишсе кандай болот.
3Падыша өзүнүн бардык дубандарына кишилерди дайындаса, алар сулуу, жаш кыздарды чогултуп, борбор шаар Шушандагы аялдарды кайтарган, падышанын эбнуху Эйгенин көзөмөлүндөгү үйгө алып келишсе, аларга майлоочу заттарды беришсе,
4анан падышага жаккан кыз Баштинин ордуна ханыша болуп калса кандай болот». Падыша бул сөздү жактырып, так ошондой кылды.
5Борбор шаар Шушанда Бенжемин уруусунан Мордохай деген жүйүт бар эле. Ал – Жайырдын уулу, Жайыр – Шемейдин уулу, Шемей – Киштин уулу.
6Ал Бабыл падышасы Небухаданасар туткундап кеткен Жүйүт падышасы Жайахин менен бирге Иерусалимден туткундалып келген.
7Ал агасынын кызы Адасаны (Эстерди) тарбиялап өстүргөн, анткени кыздын атасы да, энеси да жок болчу. Ал келбети келишкен, сулуу кыз эле. Атасы менен энеси көз жумгандан кийин, кызды Мордохай асырап алган.
8Падышанын буйругу менен токтому жарыялангандан кийин, борбор шаар Шушанга көптөгөн кыздар чогултулуп, Эйгенин көзөмөлүнө тапшырылганда, Эстер да падыша үйүнө, падыша аялдарын кайтарган Эйгенин көзөмөлүнө алынган.
9Бул кыз Эйгеге жагып, андан ырайым тапты. Ошондо Эйге майлоочу заттарды жана ага арналган нерселердин баарын бергенче, ошондой эле падыша үйүндөгү кыздардан анын жанында болууга татыктуу болгон жети кызды койгончо шашты. Аны жана анын жанындагы кыздарды аялдар турган үйдүн эң жакшы бөлмөсүнө жайгаштырды.
10Эстер өз эли жөнүндө, өз теги жөнүндө эч нерсе айткан жок, анткени Мордохай айтпа деп үйрөткөн.
11Мордохай Эстердин ден соолугун, аны эмне кылып жатышканын билиш үчүн, ар күнү аялдар турган үйдүн короосуна келип турду.
12Ар бир кыздын Акашбейрош падышага кирүү маалы келгенге чейин, аларды майлоочу заттар менен, башкача айтканда, алты ай мирра менен, алты ай жыпар жыттуу заттар менен, аялдардын ар кандай майлары менен майлашчу. Он эки айдын ичинде аялдарга белгиленген шарттын бардыгы аткарылып бүткөндөн кийин гана кыз падышанын үйүнө кирчү.
13Аялдар үйүнөн падыша үйүнө кириш үчүн, кыз эмнени талап кылса, ага ошонун бардыгын беришчү.
14Кыз кечинде кирип, эртең менен аялдарга даярдалган бөлөк үйгө, күң аялдарды кайтарган падышанын эбнуху Шаашхаздын көзөмөлүнө кайтып келчү. Андан кийин падыша өзү кааламайынча, аты аталып чакырылмайынча, ал падышага кирчү эмес.
15Мордохай асырап алган, агасы Абыгайылдын кызы Эстердин падышага кирер маалы келгенде, ал падыша аялдарын кайтарган падышанын эбнуху Эйгенин айтканынан башка эч нерсе сураган жок. Эстерди көргөндөрдүн баары жактырып калышты.
16Ошентип, Эстер Акашбейрош падышанын падыша үйүнө анын падышачылыгынын жетинчи жылынын онунчу айында, башкача айтканда, Тебейт айында алынды.
17Падыша Эстерди бардык аялдарынан жакшы көрүп калды. Ал падышага башка кыздарга караганда көбүрөөк жагып, андан ырайым тапты. Падыша анын башына ханышалык таажы кийгизип, Баштинин ордуна ханыша кылды.
18Анан падыша Эстер үчүн өзүнүн бардык төрөлөрү менен кызматчыларына чоң той берди. Падыша бардык дубандарга жеңилдик берип, берешендик менен белек таратты.
19Кыздарды экинчи жолу чогултушканда, Мордохай падыша дарбазасынын алдында отурган.
20Мордохай үйрөткөндөй, Эстер өз эли, өз теги жөнүндө айта элек болчу. Эстер Мордохайдын айткан сөзүн анын колунда тарбияланып жаткан кездегисиндей эле, азыр да так аткарды.
21Мордохай падыша дарбазасынын алдында отурганда, босого кайтарган падышанын эки эбнуху Биктан менен Тереш падышага кыжырланып, Акашбейрош падышаны өлтүрүүнү ойлошту.
22Аны Мордохай билип калып, Эстерге кабарлап койду, Эстер болсо аны Мордохайдын атынан падышага айтты.
23Бул иш изилденип, чын болуп чыкты. Ошондо экөөнү тең даракка асып ташташты. Мордохайдын кылган жакшылыгы жөнүндө падышанын күндөлүк жазуу китебине жазылып калды.