Эстер 3:1-15 KYB2004 - Bible AI

1Ошондон кийин Акашбейрош падыша агактык Амадат уулу Аманды жогорку кызматка көтөрүп, аны өзүнүн карамагындагы бардык төрөлөрдөн жогору койду.

2Ошондо падышанын карамагындагы, падыша дарбазасынын алдындагы кызматчылардын бардыгы Амандын алдында жерге жете ийилип таазим кылышчу, анткени падыша ошондой кылууну буйруган. Бирок Мордохай жерге жете ийилип таазим кылчу эмес.

3Падышанын дарбазасынын алдында кызмат кылган падыша кызматчылары Мордохайга: «Сен эмне үчүн падышанын буйругун аткарбай жатасың?» – дешти.

4Алар күндө айтып жатышса да, ал укпай койду. Ошондо алар Мордохай өз сөзүнө турар бекен деп, Аманга билдиришти. Анткени ал өзүнүн жүйүт экенин аларга айткан болчу.

5Аман өзүнө Мордохайдын жерге жете ийилип таазим кылбай жатканын көргөндө, каары кайнады.

6Бирок Аманга жалгыз Мордохайды өлтүрүп коюу аз көрүндү. Ага Мордохайдын кайсы элден экенин айтышканда, ал Акашбейроштун падышачылыгындагы бардык жүйүттөрдү Мордохайдын эли катары кырып салууну туура көрдү.

7Биринчи айда, башкача айтканда, Нисан айында падыша Акашбейроштун падышачылыгынын он экинчи жылында Амандын алдында күн сайын, ай сайын өкчөмө таш ыргытышты. Ошондо өкчөмө таш он экинчи айга – Адар айына түштү.

8Аман Акашбейрош падышага мындай деди: «Сен падышачылык кылган бардык дубандарда эл арасына чачылган, таралган бир эл бар. Алардын мыйзамы башка элдердин мыйзамдарынан айырмаланат, алар падышанын мыйзамын аткарышпайт, падыша аларды ушул бойдон калтырбашы керек.

9Эгерде падыша туура көрсө, аларды кырып салууга буйрук берсин. Падышанын казынасына салыш үчүн, мен падыша кызматчыларынын колуна он миң талант күмүш тартып берем».

10Ошондо падыша жүйүттөргө каршы чыгарган буйругун бекитиш үчүн, колундагы шакекти чыгарып, агактык Амадаттын уулу Аманга берди.

11Анан падыша Аманга: «Күмүштү да, элди да сага бердим. Кандай кылам десең, өзүң бил», – деди.

12Биринчи айдын он үчүнчү күнү падышанын катчылары чакыртылды. Алар Амандын буйругун падышанын бийлөөчү төбөлдөрүнө, ар бир дубандагы башчыларга, ар бир элдин төрөлөрүнө ар бир дубандын өз арибинде, ар бир элдин өз эне тилинде жазып жөнөтүштү. Бардыгы Акашбейрош падышанын атынан жазылып, падышанын мөөр шакеги менен бекитилди.

13Он экинчи айдын он үчүнчү күнү, башкача айтканда, Адар айында бардык жүйүттөрдү: жашын да, карысын да, балдарды да, аялдарды да бир күндө кырып, алардын мал-мүлкүн талап алыш үчүн, чабармандар аркылуу падышанын бардык дубандарына каттар жөнөтүлдү.

14Ошол күнгө бардык элдер даяр туруш үчүн, буйруктун көчүрмөсү мыйзам катары ар бир дубанга жарыяланды.

15Чабармандар падышанын буйругун алып, шашылыш жөнөп кетишти. Бул буйрук борбор шаар Шушанда да жарыяланды. Падыша да, Аман да ичип-жеп отурушту, Шушан шаары болсо дүрбөлөңгө түшүп жатты.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>