Эстер 4:1-17 KYB2004 - Bible AI

1Мордохай болгон иштин бардыгын билгенде, кийимдерин айрып, зумбал кийип, башына күл сээп, шаардын ортосуна чыгып, боздоп ыйлап,

2падыша дарбазасынын алдына келди, анткени зумбалчан кишини падышанын дарбазасы аркылуу өткөрүшчү эмес.

3Ошондой эле бардык дубандарда, падышанын буйругу менен токтому жеткен жердин бардыгында жүйүттөр орозо кармап, боздоп ыйлап, кайгырып жатышты. Зумбал менен күл көбүнө төшөк болду.

4Эстердин кызматчы кыздары менен эбнухтары келип, болгон ишти айтып беришти, ошондо ханыша аябай коркуп кетти. Анан ал Мордохайга зумбалды чечип, башка кийим кийсин деп, кийим берип жиберди, бирок ал аны албай койду.

5Ошондо Эстер Атахты чакырып алды. Падыша аны эбнухтардын ичинен Эстерге кызмат кылууга бөлүп койгон. Эстер Мордохайга эмне болгонун, эмне үчүн ушинтип жатканын билиш үчүн, Атахты ага жөнөттү.

6Атах падыша дарбазасынын алдындагы шаар аянтында турган Мордохайга барды.

7Мордохай ага эмне болгонунун баарын айтып берди, Амандын жүйүт элин кырыш үчүн, падышанын казынасына тартып берем деп убада кылган күмүшүнүн салмагын да айтты.

8Анан ал жүйүт элин кыруу тууралуу Шушандагы элге жарыяланган буйруктун көчүрмөсүн Эстерге көрсөтүш үчүн, ага баарын билдириш үчүн, ал падышага барып, андан ырайым сурап, өз эли үчүн өтүнүшү үчүн, аны Атахтын колуна тапшырды.

9Атах келип, Мордохайдын сөзүн Эстерге айтып берди.

10Эстер Атахты Мордохайга мындай деп айттыруу үчүн кайра жөнөттү:

11«Эркек болобу, аял болобу, ким падыша сарайында отурган падышага чакыртылбай кирсе, ал өлүм жазасына тартыларын падышанын карамагындагы бардык кызматчылар да, падышанын дубандарындагы эл да билишет. Падыша алтындан жасалган падыша таягын кимге сунса, ошол гана аман калат. Менин падышага чакыртылбаганыма отуз күндүн жүзү болду».

12Эстердин сөзүн Мордохайга айтып беришти.

13Мордохай Эстерге мындай жооп айтты: «Жүйүттөрдүн ичинен жалгыз өзүң падышанын үйүндө аман калам деп ойлобо.

14Эгерде сен азыр унчукпай койсоң, анда жүйүт элине эркиндик менен куткарылуу башка жактан келет, бирок сен атаңдын тукуму менен кошо өлөсүң. Ким билет, балким, сен ханышалык даражага мына ушундай мезгил үчүн жеткендирсиң?»

15Ошондо Эстер Мордохайга мындай жооп жөнөттү:

16«Бар, Шушандагы бардык жүйүттөрдү чогулт. Мен үчүн орозо кармагыла, үч күн күнү-түнү менен эч нерсе жебегиле да ичпегиле. Мен өзүм да кызматчы кыздарым менен орозо кармайм, андан соң мыйзамга каршы келсе да, падышага барам. Өлсөм, өлөйүн».

17Мордохай жөнөп кетти. Эстер кандай буйруса, ал так ошондой кылды.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>