Эстер 7:1-10 KYB2004 - Bible AI

1Ошентип, падыша Аман менен ханыша Эстердин тоюна келди.

2Тойдун экинчи күнү падыша Эстерге: «Эмне каалайсың, Эстер ханыша? Ошол каалооң канааттандырылат, кандай өтүнүчүң бар? Жарым падышачылыкты сурасаң да, берем», – деди.

3Эстер ханыша мындай деп жооп берди: «Падыша, эгерде мен сенин алдыңда ырайым тапкан болсом, эгерде падыша туура көрсө, анда менин каалоом боюнча жанымды куткарып кал, менин өтүнүчүм боюнча элим аман калсын!

4Анткени мен да, менин элим да кырылыш үчүн, жок болуш үчүн, өлүш үчүн сатылганбыз. Эгерде биз кулдукка, күңдүккө эле сатылган болсок, анда мен унчукпайт элем, бирок душман падышанын жоготуусунун ордун толтура албайт».

5Ошондо Акашбейрош падыша Эстер ханышага: «Мындай кылууга батынган неме ким, ал кайда?» – деди.

6Эстер: «Касыбыз да, душманыбыз да – ушул кыянатчыл Аман!» – деди. Ошондо Аман падыша менен ханышанын алдында калтырап кетти.

7Падыша тойдон каарданып чыгып, падыша сарайынын багына барды. Аман болсо жан соогалап, Эстер ханышага жалынды, анткени падышанын катуу өкүм чыгарганын билди.

8Падыша сарайынын багынан падыша той өтүп жаткан жерге кайра келгенде, тахтадагы Эстерге жабышкан Аманды көрүп: «Ал тургай, менин үйүмдө ханышаны зордуктагысы барбы?» – деди. Бул сөз падышанын оозунан чыгары менен, Амандын жүзүн чүмкөй салышты.

9Ошондо падышага кызмат кылган эбнухтардын бири Харбон: «Падышага жакшылык каалагандыктан кабар берген Мордохай үчүн Аман даярдаган, бийиктиги элүү чыканак болгон жыгач мамы Амандын үйүнүн жанында турат», – деди. Падыша: «Ошол жыгач мамыга өзүн асып салгыла!» – деди.

10Ошентип, алар Амандын Мордохай үчүн жасаган жыгач мамысына өзүн асып салышты. Ошондо гана падышанын ачуусу тарады.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>