1Ошол күнү Акашбейрош падыша жүйүттөрдүн душманы Амандын үйүн Эстер ханышага берди. Мордохай падышанын алдына кирди, анткени Эстер падышага Мордохай эмнеси болорун айткан эле.
2Ошондо падыша Амандын колунан чыгарып алган өз шакегин Мордохайдын колуна салды. Эстер болсо Мордохайды Амандын үйүнө башчы кылды.
3Эстер падыша менен кайрадан сүйлөшүп, анын бутуна жыгылып, ыйлап, андан агактык Амандын кыянат ишин жана анын жүйүттөргө каршы жаман ниетин жокко чыгаруусун өтүндү.
4Падыша Эстерге алтындан жасалган падыша таягын сунду. Эстер өйдө болуп, падышанын алдында турду.
5Анан мындай деди: «Эгерде падыша туура көрсө, эгерде мен анын алдында ырайым тапсам, эгерде бул иш падышанын алдында адилеттүү болуп эсептелсе, эгерде мен ага жаксам, анда агактык Амадат уулу Амандын жаман ниети боюнча падышанын бардык дубандарындагы жүйүттөрдү кыруу жөнүндө жазылган каттар кайтарылышы үчүн буйрук жазылса экен.
6Мен өз элимдин башына түшкөн мүшкүлдү кантип карап турам, бир туугандарымдын кырылып жатканын кантип карап турам?»
7Ошондо Акашбейрош падыша Эстер ханыша менен жүйүт Мордохайга мындай деди: «Амандын үйүн Эстерге бердим, өзүн болсо жүйүттөргө каршы чыкканы үчүн, жыгач мамыга астырып салдым.
8Силер да падышанын атынан жүйүттөр жөнүндө өзүңөр каалагандай буйрук жазып, падышанын мөөр шакегин баскыла, анткени падыша атынан жазылып, анын мөөр шакеги басылган катты өзгөртүүгө болбойт».
9Yчүнчү айда, башкача айтканда, Сибан айынын жыйырма үчүнчү күнү падышанын катчылары чакыртылды. Алар Мордохай буйругандай кылып жүйүттөргө, падышанын бийлөөчү төбөлдөрүнө, аймак башкаруучуларына, дубан башчыларына, Индиядан Эфиопияга чейин жайгашкан жүз жыйырма жети дубандын ар бирине өз ариби менен, ар бир элдин өз тилинде, жүйүттөргө өз ариби менен, өз тилинде каттарды жазышты.
10Мордохай аларды Акашбейрош падышанын атынан жазып, падышанын мөөр шакегин басып, чабармандарды ат, төө, качыр менен жөнөттү.
11Ал катта ар кайсы шаарларда турган жүйүттөр чогулуп, өз өмүрлөрүн сакташ үчүн, өздөрүнө каршы чыккан элдин арасындагы жана дубандагы күчтүүлөрдүн баарын кырып, жок кылып, өлтүрүп, алардын балдарын, аялдарын, мал-мүлкүн талап-тоноп алууга падышанын жүйүттөргө уруксат бергени жөнүндө жазылган эле.
12Акашбейрош падышанын бул буйругу бардык дубандарда бир күндө, он экинчи айдын, башкача айтканда, Адар айынын он үчүнчү күнү аткарылсын деп көрсөтүлгөн.
13Бүт элдерге мыйзам катары жарыялана турган бул буйруктун көчүрмөсү ар бир дубанга жеткирилсин, жүйүттөр ошол күнү душмандарынан өч алууга даяр турушсун деп айтылган.
14Падышанын буудандарына минген чабармандар падышанын буйругун шашылыш алып жөнөштү. Буйрук борбор шаар Шушанда да жарыяланды.
15Ошондо Мордохай падышадан үстүнө ак, жакут түстүү падыша кийимин, башына чоң алтын таажы кийип, зыгыр кездемеден тигилген кочкул кызыл жамынгыч жамынып чыкты. Шушан шаары кубанычка жана шаттыкка бөлөндү.
16Ошол күн жүйүттөр үчүн жарык чачкан, кубанычтуу, шаңдуу майрам күн болду.
17Падышанын буйругу менен токтому жеткен бардык дубандардагы, бардык шаарлардагы, бардык жерлердеги жүйүттөрдүн кубанычы койнуна батпай, майрамдап, той өткөрүп жатышты. Өлкөдөгү элдердин көпчүлүгү жүйүттөрдөн корккондуктан, жүйүт болуп алышты.