1Он экинчи айда, башкача айтканда, Адар айынын он үчүнчү күнү – падышанын буйругу менен токтому орундалар убак келгенде, жүйүттөргө душмандары үстөмдүк кылабыз деп турган күнү бардыгы тескерисинче болду, жүйүттөр душмандарына бийлик кылып калышты.
2Ошол күнү Акашбейрош падышанын бардык дубандарындагы жүйүттөр жамандык каалаган душмандарына кол салыш үчүн, өз шаарларына топтолуп жатышты. Алардын алдында эч ким туруштук бере алган жок, анткени алардан бардык элдердин үрөйү учуп калган эле.
3Дубандардагы төрөлөр, бийлөөчү төбөлдөр, дубан башчылар, падышанын иштерин аткаруучу кызматчылар жүйүттөрдү колдоп кетишти, анткени алар Мордохайдан коркуп калышкан эле.
4Анткени Мордохай падыша сарайында чоң кызматчы болчу. Анын кадыр-баркы көтөрүлгөндөн көтөрүлүп, атагы бүт дубандарга тарап жаткан.
5Жүйүттөр бардык душмандарын кылычтап кырып, жок кылып жатышты, аларды өз билгендериндей кылып жатышты.
6Жүйүттөр борбор шаар Шушанда беш жүз кишини кырышты.
7Алар Паршандатты, Далпону, Аспатты,
8Поратты, Адалияны, Аридатты,
9Пармаштаны, Арисайды, Аридайды, Байзатты –
10жүйүттөрдүн душманы Амадат уулу Амандын аталган он баласын өлтүрүп салышты, бирок мал-мүлктөрүнө тийишкен жок.
11Ошол эле күнү борбор шаар Шушандагы өлтүрүлгөндөрдүн санын падышага жеткиришти.
12Ошондо падыша Эстер ханышага мындай деди: «Жүйүттөр борбор шаар Шушанда беш жүз кишини, Амандын он баласын өлтүрүштү. Алар падышанын калган дубандарында эмне кылышты экен? Эмнени каалайсың? Каалаганың канагаттандырылат. Дагы кандай өтүнүчүң бар? Ал өтүнүчүң да аткарылат».
13Эстер: «Эгер падыша туура көрсө, Шушанда жашаган жүйүттөргө бүгүнкү кылгандарын эртең да кылууга, Амандын он уулун жыгач мамыга асып салууга уруксат берсин», – деди.
14Падыша ошондой кылууга буйрук берди, ал буйрук Шушанда берилди, Амандын он уулун асып салышты.
15Шушандагы жүйүттөр Адар айынын он төртүнчү күнү да чогулуп келип, Шушанда үч жүз кишини өлтүрүштү, бирок мал-мүлктөрүнө тийишкен жок.
16Падышанын башка дубандарында жашаган жүйүттөр да өз өмүрлөрүн коргош үчүн, душмандарынан коопсуз болуш үчүн чогулушуп, душмандарынан жетимиш беш миң адамды кырып салышты, бирок алардын мал-мүлктөрүнө тийишкен жок.
17Бул Адар айынын он үчүнчү күнү болду, ошол эле айдын он төртүнчү күнү алар тынчып, ал күндү көңүлдүү, кубанычтуу майрам катары кабыл алышты.
18Шушандагы жүйүттөр он үчүнчү күнү да, он төртүнчү күнү да чогулушуп, он бешинчи күнү гана тынчып, ал күндү алар кубанычтуу майрам катары өткөрүштү.
19Ошондуктан айыл-кыштактарда жашаган жүйүттөр Адар айынын он төртүнчү күнүн майрам күн катары белгилеп, бири-бирине белектерди жиберип, салтанат менен өткөрүшөт.
20Мордохай бул окуяларды жазып, Акашбейрош падышанын алыскы жана жакынкы дубандарында жашаган бардык жүйүттөргө кат аркылуу жөнөттү.
21Ал катта «Жүйүттөр жыл сайын Адар айынын он төртүнчү жана он бешинчи күнүн майрамдашсын» деген буйрук жазылган.
22«Бул күндөрдү жүйүттөр душмандарынан коопсуз болуп, тынч жашаган күндөр катары, бул айды болсо кайгысы шаттыкка айланган, муңу майрамга айланган ай катары, бири-бирине белек берип, жардыларга кайыр берүүчү кубанычтуу, көңүл ачуучу майрам катары майрамдашсын».
23Жүйүттөр Мордохайдын жазган каты боюнча майрам өткөрө башташты, өздөрү да буга чейин майрамдап жатышкан эле.
24Ал катта жүйүттөрдүн душманы агактык Амадат уулу Амандын жүйүттөрдү жок кылууну ойлоп, өкчөмө таш ыргытканы,
25Эстердин падышага киргени, падышанын жаңы буйругу боюнча Амандын жүйүттөргө каршы ойлогон жаман ниети өз башына тийгени, өзүн да, уулдарын да жыгач мамыга асып салышканы жөнүндө жазылган эле.
26Ошондуктан бул күндөрдү “пур” деген сөздөн Пурим деп аташты. Болгон иштерди өздөрү көрүп, өздөрүнүн башынан өткөргөндүктөн, бул каттагы бардык сөздөргө макул болушту.
27Жазылган кат боюнча алар мындай токтом кабыл алышты: жүйүттөр ушул эки күндү жыл сайын, өз убагында балдары менен бирге, өздөрүнө кошулган эл менен бирге үзгүлтүксүз майрамдашсын;
28бул күндөрдү ар бир уруу, ар бир дубан, ар бир шаар укумдан-тукумга, жыл сайын майрамдасын. Бул Пурим күндөрүн жүйүттөр алып салышпасын, бул күндөр алардын укум-тукумунун эсинен чыкпасын.
29Абыгайыл кызы Эстер ханыша менен жүйүт Мордохай Пурим тууралуу жазылган жаңы каттагы буйрук аткарылсын деп, катуу талап менен дагы бир кат жазышты.
30Тынчтык жана чындык сөздөрү жазылган ал каттарды бардык жүйүттөргө, Акашбейрош падышанын жүз жыйырма жети дубанына жөнөтүштү.
31Ал каттарда жүйүт Мордохай менен Эстер ханыша алар үчүн белгилеген Пурим күндөрүн өз убагында өткөрүп туруу жөнүндө, орозо кармап, боздоп ыйлаган күндөрдү эстеринен чыгарбаш үчүн, өздөрү да, балдары да бул күндөрдү майрам катары өткөрүшү керектиги жөнүндө жазылган.
32Пурим тууралуу жазылган ушул катты Эстер ушундай буйрук менен бекитти, ал буйрук китепке жазылды.