1Кудайдын каалоосу менен Машайак Ыйсанын элчиси болгон Пабылдан Эфестеги ыйыктарга – Машайак Ыйсага ишенгендерге салам!
2Кудай Атабыз жана Теңирибиз Ыйса Машайак силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин.
3Бизге Машайак аркылуу асмандагы ар кандай рухий баталарды берген Теңирибиз Ыйса Машайактын Кудайы жана Атасы макталсын!
4Биз Кудайдын алдында сүйүүдө ыйык жана кемчиликсиз болушубуз үчүн, Ал бизди дүйнө жарала электен мурун Машайак аркылуу тандап алып,
5Өз каалоосу жана жакшы тилеги боюнча Ыйса Машайак аркылуу Өзүнө бала кылып алууну алдын ала белгилеп койгон.
6Кудай Өз ырайымынын даңкы чыгышы үчүн, сүйүктүү Уулу аркылуу бизге мол ырайым көрсөттү.
7Кудайдын мол ырайымынын негизинде Уулунун каны аркылуу кун төлөнүп, күнөөлөрүбүз кечирилди.
8Кудай бизге бул мол ырайымды Өзүнүн даанышмандыгы жана акылмандыгы менен көрсөттү.
9Кудай бизге Машайак аркылуу алдын ала белгилеп койгон Өзүнүн жакшы тилеги боюнча Өз каалоосунун жашыруун сырын ачып берди.
10Ал өз убагы келгенде, асмандагы менен жердегинин бардыгын Машайактын башчылыгы астында бириктирет.
11Машайакка башынан үмүт кылып жүргөн биз аркылуу Анын даңкы чыгышы үчүн, бардыгын Өз каалоосунун чечими боюнча Жасоочунун алдын ала аныктап койгону боюнча, Машайак аркылуу биз да мурасчылар болуп калдык.
13Чындык сөзүн – куткарылууңар жөнүндөгү Жакшы Кабарды угуп, Машайакка ишенгениңерде, силер да Ал аркылуу убадаланган Ыйык Рух менен мөөрлөнгөнсүңөр.
14Анын даңкы макталыш үчүн, Анын энчисине алынгандар куткарылышы үчүн, Ыйык Рух – биз ээ боло турган мурастын аманаты.
15Ошондуктан мен да силердин Теңир Ыйсага болгон ишенимиңер жана бардык ыйыктарга болгон сүйүүңөр жөнүндө уккандан бери,
16сыйынган сайын силерди эстеп, силер үчүн дайыма Кудайга ыраазычылык билдирип жатам.
17Теңирибиз Машайактын Кудайы, даңктуу Ата Аны таанып билишиңер үчүн силерге акылмандык берүүчү жана түшүндүрүүчү Рухун берсин деп;
18Ал чакырып алганда ээ болгон үмүтүңөр эмне экендигин жана Анын ыйыктарга бере турган даңктуу мурасынын молдугу кандай экендигин,
19ошондой эле Анын бийлиги бар күчүнүн таасири астында ишенген биздин ичибизде аракеттенип жаткан Анын кудурети канчалык ченемсиз экендигин таанып билишиңер үчүн, жүрөгүңөрдүн көздөрүн ачсын деп сыйынып жатам.
20Кудай Машайакты өлгөндөрдүн арасынан тирилтип, асманда Өзүнүн оң жагына отургузганда, ошол эле күч Машайактын ичинде аракеттенген;
21Аны бардык башчылыктан, бийликтен, күчтөн жана үстөмдүктөн, ошондой эле азыркы мезгилде гана эмес, келечекте да атала турган бардык ысымдардан жогору койгон;
22бардыгын Анын бут алдына багындырган жана Аны бардыгынын үстүнөн, Жыйындын Башчысы кылып койгон.
23Жыйын – Анын Денеси, бардыгын бардык жагынан Толтуруучунун толуктугу.