Эфестиктерге 2:1-22 KYB2004 - Bible AI

1Кылмыштарыңардын жана күнөөлөрүңөрдүн айынан өлгөн силер

2бир кезде бул дүйнөнүн адаты боюнча, абада бийлик кылып жаткан төрөнүн жана Кудайга баш ийбеген адамдарда азыркы учурда аракеттенип жаткан рухтун каалоосу боюнча жашачусуңар.

3Бир кезде мындай адамдардын арасында биз да дененин каалоолорун аткарып, оюбузга келгенди кылып, денебиздин күнөөлүү каалоолору боюнча жашачубуз, башкалар сыяктуу эле табиятыбыз боюнча Кудайдын каарына кала турган адамдардан болчубуз,

4бирок ырайымга бай Кудай бизге болгон улуу сүйүүсү менен

5кылмыштарыбыздын айынан өлгөн бизди да Машайак менен бирге тирилтти (ырайымдын негизинде куткарылдыңар),

6бизди Машайак менен бирге тирилтип, Машайак Ыйса аркылуу асманга отургузду.

7Кудай муну Машайак Ыйса аркылуу бизге көрсөткөн жакшылыгын жана Өз ырайымынын ченемсиз молдугун келечек кылымдарда көрсөтүш үчүн жасады.

8Силер ырайымдын негизинде, ишеним аркылуу куткарылдыңар, бул силерден эмес, бул – Кудайдын белеги.

9Эч ким мактанбашы үчүн, бул кылган иштерден да эмес.

10Анткени бизди Ал жараткан, Кудай алдын ала белгилеп койгон жакшы иштерди аткарышыбыз үчүн, биз Машайак Ыйса аркылуу жаратылганбыз.

11Ошондуктан эстегилечи, бутпарас болуп төрөлгөн силер бир кезде кол менен сүннөткө отургузулгандар тарабынан «сүннөтсүздөр» деп аталчусуңар.

12Ошол мезгилде силер Машайаксыз элеңер, Ысрайыл коомчулугунан четтетилгендер элеңер, келишимдердин негизинде берилген убадаларга чоочун элеңер, бул дүйнөдө үмүтсүз жана кудайсыз элеңер.

13Бир кезде алыс болгон силер Машайак Ыйса аркылуу, Машайактын каны аркылуу азыр жакын болуп калдыңар.

14Анткени Машайак биздин тынчтыгыбыз, Ал экөөнөн бирди жаратып, аларды бөлүп туруучу тосмону талкалады,

15душмандыкты Өз Денеси менен, осуяттардан турган мыйзамды окутуусу менен жок кылды. Муну Ал тынчтык орнотуп, экөөнөн Өзүнө бир жаңы адамды жаратыш үчүн,

16душмандыкты айкаш жыгачта жок кылып, айкаш жыгач аркылуу экөөнү бир Денеде Кудай менен элдештириш үчүн кылды.

17Ошентип, Ал келип, алыс болгон силерге жана жакын болгон аларга тынчтыкты жар салды.

18Анткени Ал аркылуу биз – алыс жана жакын болгондор бир Рух менен Атага баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатабыз.

19Демек, силер эми чоочундар жана келгиндер эмессиңер, ыйыктардын мекендештерисиңер жана Кудайдын Өз элисиңер,

20силер элчилер менен пайгамбарлардын пайдубалынын үстүнө курулгандарсыңар, ал эми бурчка коюлуучу негизги таш – Ыйса Машайак Өзү.

21Ошол Таштын үстүнө кыналып курулуп жаткан бүт имарат Теңирдин ыйык ийбадатканасы болуу үчүн бийиктеп келе жатат.

22Кудайдын турак жайы болуу үчүн, силер да Рух аркылуу ошол Таштын үстүнө курулуп жатасыңар.

cle>