1Ошондуктан мен, Пабыл, силер – бутпарастар үчүн Машайак Ыйсанын туткуну болдум.
2Мага ачылган жашыруун сыр жөнүндө, атап айтканда, Кудайдын ырайымы жөнүндө силерге жарыялоо кызматы мага тапшырылгандыгын уккансыңар. Бул жөнүндө жогоруда кыскача жаздым.
4Силер бул катты окуганда, Машайактын жашыруун сырын кандай түшүнөрүмдү байкай аласыңар.
5Азыркы күндө Анын ыйык элчилерине жана пайгамбарларына Рух аркылуу белгилүү болгон бул сыр мурунку муундун адамдарына белгилүү болгон эмес.
6Ал сыр мындай: бутпарастар да мураскорлор жана ошол эле дененин мүчөлөрү болушат, ошондой эле Жакшы Кабардын негизинде Машайак Ыйса аркылуу Анын убадасы аларга да тиешелүү.
7Кудайдын күчү менен берилген Кудайдын ырайым белегинин негизинде мен Жакшы Кабар тарата турган кызматчы болуп калдым.
8Ыйыктардын эң кичинеси болгон мага берилген ырайым бул: Кудайдын ырайымы менен Машайактын изилденгис байлыгын бутпарас элдерге жар салуу,
9ошондой эле Кудайдын ар тараптуу акылмандуулугу асмандагы башкаруучуларга жана бийликтегилерге Жыйын аркылуу азыркы учурда белгилүү болушу үчүн,
10бардыгын жараткан Кудайдын Өзүндө эзелтеден бери жашыруун болуп келген сырдын мааниси кандай экендигин бардык адамдарга ачып берүү.
11Бул сыр Анын Теңирибиз Машайак Ыйса аркылуу жүзөгө ашырылган эзелтеден берки максатына негизделген.
12Машайак аркылуу жана Машайакка болгон ишенимибиз аркылуу Кудайга кайраттуулук менен, ишенимдүү түрдө кайрылууга мүмкүнчүлүгүбүз бар.
13Ошондуктан силер үчүн азап тартып жатканыма кайгырбооңорду өтүнөм, анткени менин азап тартуум – силердин даңкыңар.
14Ошол себептен мен Теңирибиз Ыйса Машайактын Атасынын – жердеги жана асмандагы бардык үй-бүлө Ким аркылуу аталса, Ошонун алдында тизе бүгүп,
16Ал Өз даңкынын молдугу боюнча Руху аркылуу ички адамыңарды бекемдесин деп;
17ишеним аркылуу Машайак силердин жүрөгүңөрдөн орун алсын деп;
18ошондой эле сүйүүгө тамырланышсын жана негизделишсин, бардык ыйыктар менен бирге Машайактын сүйүүсүнүн кеңдиги менен узундугу, тереңдиги менен бийиктиги эмне экенин түшүнө алышсын деп;
19акыл жеткис ошол сүйүүнү таанып билишсин, Кудайдын толуктугуна толушсун деп сыйынам.
20Биздин ичибизде күчү менен аракеттенип жаткан, сураганыбыздан да же ойлогонубуздан да артык кыла ала турган Кудай
21Жыйында Машайак Ыйса аркылуу муундан муунга, кылымдан кылымга даңкталсын! Оомийин!