Эфестиктерге 4:1-32 KYB2004 - Bible AI

1Ошентип, Теңир үчүн туткун болгон мен силерден өтүнөмүн: Кудай тарабынан чакырылып алынганыңарга ылайык жашагыла,

2бардык учурда момун, жоош жана чыдамдуу болгула, бири-бириңерге сүйүү менен мамиле кылып, көтөрүмдүү болгула.

3Рух биримдигин тынчтык байланышы аркылуу сактоого аракеттенгиле.

4Дене бирөө, Рух бирөө, чакырылып алынганыңарда, бир үмүткө чакырылгансыңар.

5Теңир бирөө, ишеним бирөө, чөмүлдүрүү бирөө,

6бардыгынын үстүндө, бардыгы аркылуу жана бардыгынын ичинде болгон, бардыгынын Кудайы жана Атасы бирөө.

7Машайактын чени менен ар бирибизге ырайым берилген.

8Ошондуктан Ыйык Жазууда: «Жогоруга чыкты, туткундоону туткундады, адамдарга белектерди берди», – деп айтылган.

9Ал эми «чыкты» деген сөздүн мааниси Машайак адегенде жердин түпкүрүнө түштү дегенди билдирбейби?

10Төмөн түшкөн да, бардыгын толтуруш үчүн, асмандан жогору көтөрүлгөн да – Ал.

11Бардыгыбыздын ишенимибиз жана Кудай Уулун таанып билүүбүз бирдей деңгээлге жеткенге чейин,

12жеткилең адамдын, Машайактын деңгээлине жеткенге чейин, Машайактын Денесин түзүүдө ыйыктарды кызмат кылууга жөндөмдүү кылуу үчүн,

13Ал бирөөлөрдү элчи, бирөөлөрдү пайгамбар, бирөөлөрдү Жакшы Кабар таратуучу, бирөөлөрдү Жыйын башчысы жана окутуучу кылып дайындады.

14Ал буларды адамдык амалкөйлүк жана ар кандай азгыруу ыкмасы менен адаштырган ар кандай окутуулардын шамалына айдалган, олку-солку болгон жаш балдардай болбой,

15тескерисинче, чындыкты сүйүү менен айтып, бардык жагынан Башчыбыз Машайакка окшошуп өсүшүбүз үчүн дайындады.

16Анын башчылыгы астында өз ара бириккен бардык муундардын жардамы менен бириктирилген жана түзүлгөн дене өзүн сүйүү менен бекемдеп, ар бир мүчөнүн өз алдынча кылган аракетине жараша өсөт.

17Ошондуктан Теңирдин атынан айтып эскертемин: мындан ары силер бутпарастарга окшоп куру кыял менен жашабагыла.

18Алардын акылы караңгылангандыктан, түркөйлүктөрүнүн жана жүрөктөрүнүн катууланганынын айынан Кудайдын жашоосунан четтеп калышкан.

19Ыйманынан ажырап калган алар ар кандай ыпылас иштерди тойбостук менен жасап, бузуктукка берилип кетишкен.

20Бирок силер Машайакты мындай таанып билген эмессиңер,

21силер Ал жөнүндө уккансыңар жана Андан үйрөнгөнсүңөр, анткени чындык Ыйсада.

22Силер Андан алдамчы кумарлары менен чирип бара жаткан эски адамдын мурдагы жүрүм-турумун таштоо керек экендигин,

23акыл-оюңарды жаңыртып турушуңар керек экендигин,

24чыныгы адилдик жана ыйыктык менен Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган жаңы адамды кийүү керек экендигин үйрөнгөнсүңөр.

25Мына ошондуктан жалгандан баш тартып, ар кимиңер жакыныңарга чындыкты айткыла, себеби биз бири-бирибизге мүчөбүз.

26Ачууланганыңарда күнөө кетирбегиле: күн батканча, ачууңарды баскыла,

27шайтанга орун бербегиле.

28Ким уурулук кылып жүрсө, мындан ары уурулук кылбасын, тескерисинче, эмгектенип, муктаж болгон адамга бир нерсе бере алгыдай болуш үчүн, өз колу менен пайдалуу нерсе жасасын.

29Оозуңардан эч кандай жаман сөз чыкпасын, тескерисинче, уккандарга пайдалуу боло турган, ишенимди бекемдей турган жакшы сөздөрдү сүйлөгүлө.

30Кудайдын Ыйык Рухун капа кылбагыла. Куткарылуу күнү ошол Рух менен мөөрлөнгөнсүңөр.

31Кыжырдан, ачуудан, каардан, кыйкырыктан, заар тилден жана бардык жаман нерселерден арылгыла.

32Бири-бириңерге кайрымдуу, боорукер болгула. Кудай силерди Машайак аркылуу кечиргендей, бири-бириңерди кечиргиле.

cle>