Эфестиктерге 5:1-33 KYB2004 - Bible AI

1Сүйүктүү балдар катары Кудайды туурагыла,

2Машайак бизди сүйгөндүктөн, биз үчүн Өзүн Кудайга жыты жагымдуу тартуу жана курмандык катары бергендей, силер да сүйүү жолунда жүргүлө.

3Араңарда ойноштук, ар кандай ыпыластык жана дүнүйөкорлук жөнүндө сөз да болбошу керек, себеби ыйыктарга мындай кылуу жарабайт.

4Ошондой эле уятсыз, маңызсыз жана маскаралаган сөздөрдү сүйлөбөгүлө, мындай кылуу жарабайт, анын ордуна ыраазычылык билдиргиле.

5Билип койгула: ойноштук кылуучу, нике бузуучу, дүнүйөкор, башкача айтканда, бутка табынуучу Машайактын жана Кудайдын Падышачылыгында мураска ээ болбойт.

6Эч ким силерди маңызсыз сөздөр менен алдабасын. Ошондой кылган баш ийбес адамдар Кудайдын каарына калышат.

7Ошондуктан аларга шерик болбогула.

8Силер бир кезде караңгы элеңер, бирок азыр Теңир аркылуу жарык болдуңар, жарыктын балдары катары жашагыла.

9Анткени жарыктын жемиши: боорукердик, адилдик, чындык.

10Кудайга эмне жагарын ажырата билгиле.

11Караңгылыктын жемишсиз иштерине аралашпагыла, тескерисинче, аларды ашкере кылгыла,

12анткени алардын жашыруун кылып жаткандарын айтканга ооз да барбайт.

13Анткени ашкереленген нерсенин баары жарык аркылуу ашкереленет, ачыкка чыккан нерсенин баары – жарык.

14Ошондуктан Ыйык Жазууда: «Уктап жаткан өлүк адам, ойгон, тирил, Машайак сени жарык кылат», – деп айтылган.

15Ошентип, кандай жашап жатканыңарга көңүл коюп карап, акылсыздардай эмес, акылдуулардай жашагыла.

16Убакытты пайдалана билгиле, анткени убакыт жаман.

17Ошон үчүн акылсыз болбогула, тескерисинче, Кудайдын каалоосу эмне экендигин таанып билгиле.

18Шарап ичип мас болбогула, анткени бул бузулган жашоого алып барат, тескерисинче, Рухка толгула:

19бири-бириңерге забурларды, даңктоо ырларын жана рухий ырларды айтып, Теңирди чын жүрөгүңөр менен даңктап ырдагыла;

20Теңирибиз Ыйса Машайактын атынан Кудай Атабызга бардык учурда бардык нерсе үчүн ыраазычылык билдиргиле;

21Кудайдан коркуу менен бири-бириңерге баш ийгиле.

22Аялдар, күйөөңөргө Теңирге баш ийгендей баш ийгиле,

23анткени дененин Куткаруучусу Машайак Жыйындын башчысы болгон сыяктуу эле, күйөө да аялдын башчысы.

24Жыйын Машайакка баш ийгендей эле, аялдар да бардык нерседе күйөөлөрүнө баш ийишсин.

25Күйөөлөр, аялыңарды Машайак Жыйынды сүйгөндөй сүйгүлө. Машайак Жыйын үчүн Өзүн берген.

26Ал Жыйынды сөз менен, суу менен жууп тазалап, ыйыктоо үчүн;

27тагы, кемчилиги же ушул сыяктуу бир нерсеси жок, ыйык жана кемчиликсиз кылып, Өзүнүн алдына даңктуу кылып коюу үчүн Өзүн берген.

28Ошол сыяктуу эле күйөөлөр да аялдарын өздөрүнүн денесин сүйгөндөй сүйүшү керек. Аялын сүйгөн адам өзүн сүйөт.

29Анткени эч ким эч качан өзүнүн денесин жек көрбөйт, тескерисинче, Машайак Жыйын үчүн кам көргөн сыяктуу, өз денесин азыктандырат, жылытат,

30анткени биз Анын дене мүчөлөрүбүз. Анын этинен жана сөөгүнөн жаратылганбыз.

31«Ошондуктан адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет. Ошентип, экөө бир дене болот».

32Бул сыр аябай терең, менин айтканым Машайакка жана Жыйынга тиешелүү.

33Силерге тиешелүүсү болсо бул: күйөөсү аялын өзүн сүйгөндөй сүйсүн, аял болсо күйөөсүн урматтасын.

cle>