Эфестиктерге 6:1-24 KYB2004 - Bible AI

1Балдар, ата-энеңерге баш ийгиле, бул Теңирге жагат, анткени ушундай кылганыңар туура.

2«Ата-энеңди сыйла» деген осуят – убадалуу осуяттардын биринчиси:

3«Сага жакшы болушу үчүн жана жер үстүндө өмүрүң узак болушу үчүн, ата-энеңди сыйла».

4Аталар, силер да балдарыңарды кыжырдантпагыла, аларды Теңирдин үйрөтүүсү жана акыл-насааты менен тарбиялагыла.

5Кулдар, кожоюнуңарга Машайакка баш ийгендей, чын жүрөктөн, коркунуч жана титирөө менен баш ийгиле.

6Бирок адамдарга жагынуучуларга окшоп көзгө көрүнүш үчүн баш ийбегиле, тескерисинче, Машайактын кулдары катары Кудайдын эркин чын жүрөктөн аткарып,

7адамдарга эмес, Теңирге кызмат кылгандай, тырышчаактык менен кызмат кылып баш ийгиле.

8Анткени кул болобу, эркин адам болобу, ар ким өзүнүн кылган жакшы ишине жараша Теңирден тиешесин аларын билесиңер.

9Кожоюндар, силер да кулдарыңарга катаал мамиле жасабагыла, анткени алардын да, силердин да үстүңөрдө, асманда Кожоюнуңар бар экендигин, Анда бет карамалык жок экенин билесиңер.

10Акырында айтарым, Теңирден жана Анын кудуреттүү күчүнөн күч алгыла.

11Шайтандын айла-амалдарына каршы тура алуу үчүн, Кудайдын бардык курал-жарагын кийгиле,

12анткени биз адамдарга каршы эмес, башчыларга, бийликтерге, бул караңгы дүйнөнүн башкаруучуларына жана асман астындагы жаман рухтарга каршы күрөшөбүз.

13Ошондуктан кыйын күндөрдө каршы тура алышыңар үчүн, бардыгын жеңип, туруштук бере алышыңар үчүн, Кудайдын бардык курал-жарагын алгыла.

14Ошентип, чындык менен курчанып, адилдикти соот кылып кийип,

15бут кийимиңерди кийип, тынчтык жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратууга даяр тургула.

16Баарынан мурун амалкөйдүн оттуу жебелеринин баарын өчүрө алышыңар үчүн, ишенимди калкан кылып алгыла.

17Ошондой эле куткарылгандыгыңарды туулга кылып кийип, Кудай Сөзүн – рухий кылычты алгыла.

18Жалынуу жана сурануу менен, бардык учурда Рухтун жетеги менен сыйынгыла. Дайыма сергек болуп, туруктуулук менен сыйынгыла, бардык ыйыктар үчүн,

19ошондой эле мен үчүн сыйынгыла: мага керектүү сөз берилсин, Жакшы Кабардын сырын кайраттуулук менен ачык жарыялагыдай болоюн.

20Жакшы Кабар үчүн мен элчилик кызматты кишенде жүрүп аткарып жатам. Ошондуктан Жакшы Кабарды кайраттуулук менен, кандай таратышым керек болсо, ошондой таратышым үчүн сыйынып тургула.

21Менин абалым, иштерим кандай экендигин силер да билишиңер үчүн, Теңирдин ишенимдүү кызматчысы, сүйүктүү бир тууганыбыз Тихик силерге бүт баарын айтып берет.

22Мен аны силерге ушул максат менен жиберип жатам, ал силерге биздин абалыбыз жөнүндө билдирип, силерди сооротот.

23Кудай Атадан жана Теңир Ыйса Машайактан бир туугандарга тынчтык, ишеним жана сүйүү тилейм.

24Теңирибиз Ыйса Машайакты өзгөрүлбөс сүйүү менен сүйгөндөрдүн бардыгына Кудай ырайымын төгө берсин! Оомийин.

cle>