1 Жакан 1:1-10 KYB2004 - Bible AI

1Эң башында Өмүр Сөзү болгон. Аны биз угуп, өз көзүбүз менен көрүп, карап, колубуз менен кармап көргөнбүз.

2Өмүр келди, аны биз көрдүк жана ал жөнүндө күбөлөндүрүп жатабыз. Ата менен бирге болуп, бизге келген ошол түбөлүк Өмүрдү жарыялап жатабыз.

3Силер менен биздин ортобузда мамиле болуш үчүн, биз силерге укканыбызды жана көргөнүбүздү жарыялап жатабыз. Ал эми биздин мамиле – Ата жана Анын Уулу Ыйса Машайак менен болгон мамиле.

4Муну силерге кубанычыңар толук болуш үчүн жазып жатабыз.

5Биз Машайактан уккан Жакшы Кабарды азыр силерге жарыялап жатабыз: Кудай – жарык, Анда эч кандай караңгылык жок.

6Эгерде Аны менен мамилебиз бар деп жатсак, бирок караңгылыкта жүрсөк, анда жалган айтып жатабыз жана чындык боюнча мамиле кылган жокпуз.

7Ал жарыкта болгон сыяктуу биз да жарыкта жүрсөк, анда бири-бирибиз менен мамилебиз бар жана Анын Уулу Ыйсанын каны бизди ар кандай күнөөдөн тазалайт.

8Эгерде күнөөбүз жок деп жатсак, анда өзүбүздү өзүбүз алдап жатабыз жана бизде чындык жок.

9Эгерде күнөөлөрүбүздү мойнубузга алып ачык айтсак, ишенимдүү жана адилеттүү Кудай күнөөлөрүбүздү кечирет жана бизди бардык адилетсиздиктен тазалайт.

10Эгерде күнөө кылган жокпуз деп жатсак, анда Кудайды жалганчы кылып жатабыз жана Анын сөзү биздин ичибизде жок.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>