1Балдарым, мен муну силерге күнөө кылбасын деп жазып жатам. Эгерде ким күнөө кылса, Атанын алдында адил Арачыбыз Ыйса Машайак бар.
2Ал – биздин күнөөлөрүбүз үчүн, биздин гана эмес, бүт дүйнөнүн күнөөлөрү үчүн чалынган ырайым курмандыгы.
3Осуяттарын аткарганыбыздан улам, Аны таанып билгенибизди билебиз.
4Ким: «Мен Кудайды таанып билдим», – десе, бирок Анын осуяттарын аткарбаса, ал жалганчы, анын ичинде чындык жок.
5Ал эми ким Анын сөздөрүн аткарып жатса, ал адамда Кудайдын жеткилең сүйүүсү бар. Машайактын ичинде экенибизди ушундан билебиз.
6«Машайактын ичиндемин» деген адам Машайак кандай жашаса, ошондой жашашы керек.
7Сүйүктүүлөрүм, мен силерге жаңы осуят эмес, байыркы эле осуятты жазып жатам. Ал осуят силерде башынан эле бар болчу. Байыркы осуят – бул силер башынан бери угуп келе жаткан сөз.
8Ошондой болсо да силерге жазып жатканым – жаңы осуят, ал Анын жана силердин ичиңерде. Анткени караңгылык өтүп бара жатат, чыныгы жарык жаркырай баштады.
9Ким: «Жарыкта жүрөм», – десе, бирок бир тууганын жек көрүп жатса, ал дагы деле караңгылыкта жүрөт.
10Ким бир тууганын сүйсө, ал жарыкта жашап жатат жана эч кимге азгырык болгон жок.
11Ал эми ким бир тууганын жек көрсө, ал караңгылыкта жүрөт жана өзүнүн кайда бара жатканын билбейт. Анткени караңгылык анын көзүн сокур кылып койгон.
12Балдарым, силерге жазып жатканымдын себеби: силердин күнөөлөрүңөр Машайактын ысымынын урматына кечирилген.
13Аталар, силерге жазып жатканымдын себеби: силер башынан бери бар болгон Кудайды таанып билдиңер. Жаштар, силерге жазып жатканымдын себеби: силер амалкөйдү жеңдиңер. Балдар, силерге жазып жатканымдын себеби: силер Атаны таанып билдиңер.
14Аталар, силерге жазганымдын себеби: силер башынан бери бар болгон Кудайды таанып билдиңер. Жигиттер, силерге жазганымдын себеби: силер күчтүүсүңөр жана Теңирдин сөзү силердин ичиңерде жашап жатат. Силер амалкөйдү жеңдиңер.
15Бул дүйнөнү жана бул дүйнөдөгүнү сүйбөгүлө. Ким бул дүйнөнү сүйсө, ал адамда Атага болгон сүйүү жок.
16Анткени бул дүйнөдө болгон нерсенин баары: дене кумары, көз кумары жана турмуш-тиричиликтеги текебердик. Булар Атадан эмес, бул дүйнөнүкү.
17Бул дүйнө өзүнүн кумарлары менен кошо жок болот. Ал эми Кудайдын эркин аткарган адам түбөлүк жашайт.
18Балдарым, замандын акыры келди. Машайактын каршылашы келерин силер уккансыңар. Азыр Машайактын көп каршылаштары пайда болду, замандын акыры келгенин ушундан билсек болот.
19Алар арабыздан чыгып кетишти, бирок алар биздики эмес эле. Эгерде алар биздики болсо, биз менен калышмак. Бирок алар чыгып кетишти. Баары эле биздики эмес экендиги ошондон улам айкын болду.
20Дегинкиси, силер Ыйык тарабынан майлангансыңар, ошондуктан баарын эле билесиңер.
21Чындыкты билбегениңер үчүн эмес, чындыкты билгениңер үчүн, ошондой эле ар бир жалган нерсенин чындыктан эмес экенин билгениңер үчүн жаздым.
22Ыйсанын Машайак экендигин жокко чыгаруучу жалганчы болбогондо, ким жалганчы болмок эле? Ким Атаны жана Уулду четке какса, ал – Машайактын каршылашы.
23Уулду четке каккан адамда Ата да жок, ал эми Уулду ачык тааныган адамда Ата да бар.
24Башынан бери эмнени уксаңар, ошол ичиңерде жашасын. Эгерде башынан бери укканыңар ичиңерде жашаса, анда силер да Уулдун жана Атанын ичинде жашайсыңар.
25Ал эми Анын бизге берген убадасы – түбөлүк өмүр.
26Мен силерге адаштыруучулар жөнүндө жаздым!
27Дегинкиси, Андан алган Рух силердин ичиңерде жашап жатат, ошондуктан силер кимдир бирөөнүн үйрөтүүсүнө муктаж эмессиңер. Силерге баарын үйрөтүп жаткан ал Рух – жалган эмес, чындык. Ал силерге эмнени үйрөтсө, ошону сактап жашагыла.
28Ошентип, балдарым, Машайактын ичинде болгула. Ал келгенде, кайраттуу болгудай, Анын алдында уят болбогудай бололу.
29Эгерде Анын адил экенин билсеңер, анда муну билип алгыла: адил жашаган адам Андан туулган.