1Ыйсанын Машайак экендигине ишенген адам Кудайдан туулган. Ким Кудайды сүйсө, ал Кудайдан туулгандарды да сүйөт.
2Эгерде Кудайды сүйүп, Анын осуяттарын аткарып жатсак, анда Кудайдын балдарын сүйүп жатканыбызды билебиз.
3Кудайды сүйүү деген – Анын осуяттарын аткаруу. Анын осуяттарын аткаруу кыйын эмес.
4Анткени Кудайдан туулган адам дүйнөнү жеңет. Дүйнөнүн үстүнөн жеңишке жеткирген нерсе – бул биздин ишенимибиз.
5Дүйнөнү Ыйсанын Кудай Уулу экендигине ишенген адамдан башка ким жеңе алат?
6Ал – суу жана кан менен келген Ыйса Машайак. Ал суу менен гана эмес, суу жана кан менен келди. Ал жөнүндө Рух күбөлөндүрөт, анткени Рух – чындык.
7Ошентип, асманда үчөө күбөлөндүрөт: Ата, Сөз жана Ыйык Рух. Бул үчөө бир.
8Жерде үчөө күбөлөндүрөт: рух, суу жана кан. Бул үчөөнүн күбөлөндүрүүсү бир.
9Адамдардын күбөлөндүрүүсүн деле кабыл алып жатпайбызбы, адамдардын күбөлөндүрүүсүнөн Кудайдын күбөлөндүрүүсү жогору эмеспи. Анткени бул – Өз Уулу жөнүндө күбөлөндүргөн Кудайдын күбөлөндүрүүсү.
10Кудай Уулуна ишенген адамдын күбөлөндүрүүсү өз ичинде. Ал эми Кудайга ишенбеген адам Кудайды жалганчы кылган болот. Анткени ал Өз Уулу жөнүндө күбөлөндүргөн Кудайдын күбөлөндүрүүсүнө ишенген жок.
11Кудайдын күбөлөндүрүүсү болсо бул: Кудай бизге түбөлүк өмүр берди. Ал өмүр Анын Уулунда.
12Ким Кудайдын Уулуна ээ болсо, ал өмүргө ээ. Ким Кудайдын Уулуна ээ эмес болсо, ал өмүргө ээ эмес.
13Кудайдын Уулуна ишенүү аркылуу түбөлүк өмүргө ээ болгонуңарды билишиңер үчүн, мен муну силерге – Кудайдын Уулуна ишенгендерге жаздым.
14Анын алдында кандай кайраттуулукка ээбиз: Анын эрки боюнча эмнени сурасак да, Ал бизди угат.
15Эмнени сурасак да, Ал бизди угарын билсек, Андан сураганыбызды аларыбызды да билебиз.
16Ким бир тууганынын өлүмгө дуушар кылбай турган күнөө жасап жатканын көрсө, ал үчүн сыйынсын, Кудай ага өмүр берет. Өлүмгө дуушар кылбай турган күнөө кетиргендер жөнүндө айтып жатам. Өлүмгө дуушар кыла турган күнөө бар, ал жөнүндө сыйынгыла дебейм.
17Жалгандыктын баары – күнөө, бирок өлүмгө дуушар кылбай турган күнөө бар.
18Кудайдан туулган адамдын күнөө кылбастыгын билебиз. Кудайдан туулган адам өзүн сактайт, ошондуктан ага амалкөй жолобойт.
19Биз Кудайдан экенибизди, ал эми бүт дүйнө амалкөйдүн бийлиги астында экенин билебиз.
20Кудайдын Уулу келип, бизге чыныгы Кудайды таанып билүүгө акыл бергенин да билебиз. Биз Анын чыныгы Уулу Ыйса Машайактын ичиндебиз. Ал – чыныгы Кудай жана түбөлүк өмүр.
21Балдарым, өзүңөрдү буркандардан сактагыла. Оомийин!