1Адам, Шет, Энош,
2Кейнан, Маалалел, Жарет,
3Энох, Матушал, Лемек,
4Нух, Шейим, Хам жана Жепет.
5Жепеттин уулдары: Гомер, Магог, Мадай, Жабан, Тубал, Мешех жана Тирас.
6Гомердин уулдары: Ашкыназ, Рипат жана Тогарма.
7Жабандын уулдары: Элиша, Таршыш, Китим жана Роданим.
8Хамдын уулдары: Куш, Мисрайым, Пут жана Канаан.
9Куштун уулдары: Себа, Хабила, Сапта, Раама жана Саптеха. Рааманын уулдары: Шеба менен Дыдан.
10Куштан ошондой эле Нимрот төрөлдү. Ал жер үстүндө эң күчтүү адам боло баштады.
11Мисрайимден Лут, Анамим, Леябим, Наптухим,
12Патрус, Каслухим төрөлдү, алардан пелиштиликтер менен капторлуктар тарады.
13Канаандан тун уулу Сидон, Хет,
14Жебус, Амор, Гиргеш,
15Хиби, Арк, Сини,
16Арба, Семари жана Хамати төрөлдү.
17Шемдин уулдары: Эйлам, Ашур, Арпакшат, Лут, Рам, Ус, Хул, Гетер жана Мешех.
18Арпакшаттан Шелах төрөлдү, Шелахтан Эйбер төрөлдү.
19Эйберден эки уул төрөлдү: биринин ысымы – Пелек, анткени анын убагында жер бөлүнгөн. Анын бир тууганынын ысымы – Жоктан.
20Жоктандан Алмадат, Шелеп, Хатсар-Мабет, Жерах,
21Адорам, Узал, Дикла,
22Эйбал, Абымайыл, Шеба,
23Опур, Хабила жана Жобап төрөлдү. Булардын баары – Жоктандын уулдары.
24Шем, Арпакшат, Шелах,
25Эйбер, Пелек, Рейу,
26Серук, Нахор, Терах,
27Ыбрам (Ыбрайым).
28Ыбрайымдын уулдары: Ыскак менен Ысмайыл.
29Булардын санжырасы мындай: Ысмайылдын туну Ныбайот, андан кийин Кейдар, Адбаел, Мипсам,
30Мишма, Дума, Маса, Хадат, Тейма,
31Жетур, Напиш жана Кедма. Булар – Ысмайылдын уулдары.
32Ыбрайымдын күң аялы Кетурадан төрөлгөн уулдар: Зимран, Жокшан, Медан, Мидиан, Жишпах жана Шубах. Жокшандын уулдары: Шеба менен Дедан.
33Мидиандын уулдары: Эйпа, Эйпер, Ханох, Абида жана Элдаа. Булардын баары – Кетуранын уулдары.
34Ыбрайымдан Ыскак төрөлдү. Ыскактын уулдары: Эйсап менен Ысрайыл.
35Эйсаптын уулдары: Элипаз, Ребуел, Жейуш, Жалом жана Корак.
36Элипаздын уулдары: Тейман, Омар, Сепи, Гатам, Кеназ, Амалык.
37Ребуелдин уулдары: Нахат, Зерах, Шама жана Миза.
38Сеирдин уулдары: Лотан, Шобал, Сибон, Ана, Дишон, Эйитсер жана Дишан.
39Лотандын уулдары: Хори менен Омам. Ал эми Лотандын карындашы Тимна.
40Шобалдын уулдары: Алыйан, Манахат, Эйбал, Шепо жана Онам. Сибондун уулдары: Айа менен Ана.
41Ананын уулу – Дишон. Дишондун уулдары: Хамран, Эшпан, Итран менен Керан.
42Эйитсердин уулдары: Билан, Заабан жана Акан. Дишандын уулдары: Ус менен Аран.
43Ысрайыл уулдарына падышалар коюлганга чейин Эдом жеринде падышачылык кылган падышалар булар: Бейордун уулу Бела, ал жашаган шаардын аты – Динаба.
44Бела көз жумуп, анын ордуна Ботсрадан чыккан Зерахтын уулу Жобап падышачылык кылды.
45Жобап көз жумуп, анын ордуна теймандыктардын жеринен чыккан Хушам падышачылык кылды.
46Хушам көз жумуп, анын ордуна Маап талаасында мидиандарды кырган Быдаттын уулу Адат падышачылык кылды. Анын шаарынын аты – Абыт.
47Адат көз жумуп, анын ордуна Масрейкадан чыккан Самла падышачылык кылды.
48Самла көз жумуп, анын ордуна дарыя боюндагы Рехоботтон чыккан Шабул падышачылык кылды.
49Шабул көз жумуп, анын ордуна Акбардын уулу Баал-Канан падышачылык кылды.
50Баал-Канан көз жумуп, анын ордуна Хадар падышачылык кылды. Анын шаарынын аты – Пайы. Анын аялынын аты – Мейтабел, ал – Матрейданын кызы, Матрейда – Мей-Зааптын кызы.
51Хадар көз жумуп, Эдомду башчылар башкарды: Тимна башчы, Алба башчы, Жетейт башчы,
52Олибама башчы, Эйла башчы, Пинон башчы,
53Кеназ башчы, Тейман башчы, Мипсар башчы,
54Магдиел башчы, Ирам башчы. Эдомдуктардын башчылары мына ушулар.