1Пелиштиликтер ысрайылдыктар менен согушуп жатышты. Ысрайылдыктар пелиштиликтерден качып, Гилбоя тоосунда кырылып жатышты.
2Пелиштиликтер Шабулдун жана анын уулдарынын артынан түшүп, Шабулдун уулдарын: Жонатанды, Абынадапты, Малки-Шууну өлтүрүштү.
3Шабулга каршы салгылаш күч алды. Жаа аткычтар Шабулду атып, аны катуу жарадар кылышты.
4Шабул курал көтөргөн жигитине: «Кылычыңды кынынан сууруп, мени мууздап сал, болбосо мына бул сүннөткө отургузулбагандар келип, мени мазакташат», – деди. Бирок курал көтөргөн жигит макул болгон жок, анткени аябай коркуп кетти. Ошондо Шабул кылычын сууруп алып, ага сайыла жыгылды.
5Курал көтөргөн жигит Шабулдун өлгөнүн көргөндө, өз кылычына өзү сайыла жыгылды.
6Шабул өлдү, анын үч уулу, аны менен бирге бүт үй-бүлөсү өлдү.
7Өрөөндөгү ысрайылдыктар бардыгынын качып баратканын, Шабулдун жана анын уулдарынын өлгөнүн көрүшкөндө, шаарларын таштап, туш-тушка качып кетишти. Ал шаарларга пелиштиликтер келип отурукташып алышты.
8Эртеси күнү пелиштиликтер өлгөндөрдү тоногону келишкенде, Гилбоя тоосунан Шабулдун жана анын уулдарынын өлүгүн табышты.
9Алар Шабулдун кийимин чечип, башын кесип, курал-жарагын алып, өз буркандарынын жана элдин алдында жарыялаш үчүн, Пелишти жерине киши жөнөтүштү.
10Анын курал-жарагын өз кудайларынын бутканасына коюшту, башын Дагон үйүнүн ичине сайып коюшту.
11Гилатта жашаган бүт жабештиктер пелиштиликтердин Шабулду эмне кылганын угушту.
12Ошондо алардын бардык эр жүрөк адамдары келип, Шабулдун жана анын уулдарынын өлүгүн алып, Жабешке алып келишти да, Жабештеги эмен дарагынын түбүнө көмүштү жана жети күн орозо кармашты.
13Шабул өзүнүн Теңирдин алдында кылган мыйзамсыздыгы үчүн, Теңирдин сөздөрүн сактабагандыгы үчүн жана Теңирдин эркин сурабай, сыйкырчы аялга кайрылгандыгы үчүн мына ушинтип өлдү.
14Ошондуктан Теңир аны өлтүрдү да, падышачылыкты Жышай уулу Дөөткө өткөрүп берди.