1 Жылнаама 11:1-47 KYB2004 - Bible AI

1Бардык ысрайылдыктар Хебронго, Дөөттүн алдына чогулушту да, мындай дешти: «Биз сенин сөөгүңбүз жана денеңбиз.

2Мурун эле, Шабул падыша болуп турганда эле, сен Ысрайылды алып чыгып, алып кирип тургансың. Ошондо Кудай-Теңириң сага мындай деген: “Менин элим Ысрайылды сен кайтарасың, Менин элим Ысрайылга сен жол башчы болосуң”».

3Ошентип, Ысрайылдын бардык аксакалдары Хебронго, падышага келишти. Дөөт Теңирдин алдында, Хеброндо алар менен келишим түздү. Алар Теңирдин Шемуел аркылуу айткан сөзү боюнча Дөөттү Ысрайылга падыша кылып майлашты.

4Дөөт менен бүт ысрайылдыктар Иерусалимге, башкача айтканда, Жебуска бет алышты. Ал жерде ошол жердин жергиликтүү тургундары жебустуктар жашашчу.

5Жебустун тургундары Дөөткө: «Бул жакка сен кирбейсиң», – дешти. Бирок Дөөт Сион сепилин басып алды. Ал Дөөттүн шаары болуп калды.

6Дөөт: «Ким баарынан мурда жебустуктарды кыйратып кирсе, ал жетекчи жана аскер башчы болот», – деди. Ошондо баарынан мурда Серуянын уулу Жойап кирип, аскер башчы болуп калды.

7Дөөт ошол сепилде жашагандыктан, аны Дөөттүн шаары деп атап калышты.

8Ал Милодон тартып шаарды тегерете бүт айланасын кайрадан курду, Жойап болсо шаардын калган бөлүгүн жаңыртып чыкты.

9Дөөт чоң ийгиликтерге жетип, зоболосу көтөрүлө берди. Себайот Теңир аны менен болду.

10Теңирдин сөзү боюнча Дөөттү Ысрайылга падыша коюш үчүн, бардык ысрайылдыктар менен бирге анын падышачылыгын колдогон эң күчтүү адамдарынын башчылары булар:

11Дөөттүн эр жүрөк адамдары булар: отуз жоокердин башчысы – Ахаман уулу Жашобам. Ал найзасын үч жүз кишиге көтөрүп, аларды бир жолку салгылашта талкалады.

12Андан кийинкиси, үч эр жүрөктүн бири – акойактык Додонун уулу Элазар.

13Ал Дөөт менен Паз-Дамимде болгон, ал жерге пелиштиликтер согушууга келишкен. Ал жерде талаанын бир бөлүгүнө арпа себилген болчу. Ысрайылдыктар пелиштиликтерден качып жөнөштү.

14Бирок алар талаанын ортосуна туруп, аны сактап калышты, пелиштиликтерди кыйратышты. Ошондо Теңир аларга улуу куткарылуу тартуулады.

15Пелиштиликтердин кошууну Репа уулдарынын жерине жайланышкан кезде, отуз баатырдын бул үч кол башчысы аскага чыгып, Дөөткө, Адулам үңкүрүнө келишти.

16Ошол кезде Дөөт бекемделген жерде болчу, пелиштиликтердин күзөт аскерлери болсо ал кезде Бейт-Лехемде турган.

17Дөөт абдан суусап: «Ким дарбазанын жанындагы Бейт-Лехем кудугунан суу алып келип, менин суусунумду кандырат?» – деди.

18Ошондо бул үч эр жүрөк пелиштиликтердин кошуунун жарып өтүп, дарбазанын жанындагы Бейт-Лехем кудугунан суу сузуп, Дөөткө алып келип беришти. Бирок Дөөт ичкиси келген жок, ал сууну Теңирдин даңкы үчүн төгүп салды да, мындай деди:

19«Теңир, мени ушул сууну ичкенден сакта! Өлүмгө баш койгон бул эр жигиттердин канын ичмек белем! Анткени булар өз өмүрүн тобокелге салып, суу алып келишти», – деди. Ошентип, ал сууну ичпей койду. Бул үч эр жүрөк ушундай эрдик кылган.

20Үч баатырдын ичинен Жойаптын бир тууганы Абышай башчы болчу. Ал өз найзасы менен үч жүз адамды өлтүргөн. Тигил үчөөнүн арасында анын кадыры бар эле.

21Үчөөнүн ичинен ал эң атактуусу болгон, ал экөөнүн башчысы болгон, бирок тигил үчөөнө тең келчү эмес.

22Улуу иштерди кылган капсейелдик эр жүрөк адам – Жойат уулу Беная. Беная мааптык Ариелдин эки уулун өлтүргөн. Ак карлуу кышта орго түшүп, арстанды өлтүргөн.

23Ал бою беш чыканак болгон мисирлик алп адамды өлтүргөн. Мисирлик алптын колундагы найзасы токуучу куралдын баканындай эле. Бирок ал ага союл менен чыгып, мисирликтин колунан найзасын жулуп алып, аны өз найзасы менен өлтүргөн.

24Жойат уулу Беная мына ушундай кылган. Тигил үч эр жүрөктүн арасында анын кадыры бар эле.

25Ал отуздун эң атактуусу эле, бирок үчөөнө тең келчү эмес. Дөөт аны өз буйруктарын аткарган жакын кишиси кылып койду.

26Ал эми жоокерлердин эң күчтүүлөрү булар: Жойаптын бир тууганы Асаел, бейт-лехемдик Додо уулу Элханан,

27арордук Шамот, пелондук Хейлез,

28текоялык Икеш уулу Ира, анатоттук Абиезер,

29хушалык Сипкай, акойактык Илай,

30нетопалык Марай, нетопалык Баана уулу Хейлет,

31Бенжеминдин Гибасынан Рибайдын уулу Итай, пиратондук Беная,

32нахалей-гаашалык Хурай, аравиялык Абиел,

33бакарумдук Азмабет, шаалбондук Элийакпа.

34Гизондук Ашейимдин уулдары: арардык Шагей уулу Жонатан,

35арардык Сакар уулу Ахиям, Урдун уулу Элипал,

36мехейралык Хейпер, пелондук Акия,

37кармелдик Хесро, Эзбайдын уулу Наарай,

38Натандын бир тууганы Жоел, Агринин уулу Мибхар,

39амондук Селек, бейроттук Нахрай, Серуянын уулу Жойаптын курал көтөрүп жүрүүчүсү,

40житрилик Ира, житрилик Гареп,

41хеттик Урий, Аклайдын уулу Забат,

42рубейиндик Шиза уулу Адынай, ал – рубейиндиктердин башчысы, анын да отуз эр жүрөк кишиси болгон.

43Мааханын уулу Ханан, митнилик Жошапат,

44аштароттук Узия, аройердик Хотамдын уулдары Шама менен Жейел,

45Шимринин уулу Жедийаел жана анын бир тууганы тистик Жоха,

46махабимдик Элиел, Элнаамдын уулдары Жерибай менен Жашабия жана мааптык Житма,

47Метсобайдан чыккан Элиел, Обейт жана Жаасиел.

le>