1 Жылнаама 12:1-40 KYB2004 - Bible AI

1Дөөт Сыклакта Киштин уулу Шабулдан жашынып жүргөн кезде, салгылашта ага жардам берүү үчүн келген эр жүрөк адамдар булар.

2Алар жаа менен куралданган, оң колу менен да, сол колу менен да таш ыргыткан, жаа тарткан адамдар болушкан. Алар – Бенжеминден тараган Шабулдун бир туугандары:

3эң башкысы – Акиезер, андан кийинкиси – Жааш, булар – гибалык Шемаянын уулдары. Азмабеттин уулдары Жезиел менен Пелет, анатоттук Берак менен Жейу.

4Отуздун ичинен эр жүрөк, отузду башкарган гибондук Жишмая, Жеремия, Жахазиел, Жоханан жана гедейралык Жозабат,

5Элузай, Жеримот, Беялия, Шемария, харуптук Шепатия,

6Элкана, Жишия, Азариел, Жоезер жана Жашабам, корактыктар,

7Гедорлук Жерохамдын уулдары Жоела менен Зебадия.

8Калкан, найза менен куралданган, эр жүрөк жоокер, гаттык аскерлер чөлгө, Дөөт жашынган бекемделген жерге өтүп келишти. Алар жүздөрүндө арстандын сүрү бар, тоодогу жейрендей тез чуркаган адамдар эле.

9Башчысы – Эйзер, экинчиси – Обадия, үчүнчүсү – Элийап,

10төртүнчүсү – Мишмана, бешинчиси – Жеремия,

11алтынчысы – Атай, жетинчиси – Элиел,

12сегизинчиси – Жоханан, тогузунчусу – Элзабат,

13онунчусу – Жеремия, он биринчиси – Махбанай.

14Гаттын бул уулдары аскер башчылар эле: кичүүсү – жүз башы, улуусу – миң башы.

15Биринчи айда, Иордан дарыясы ташкындап турган кезде, Иордандан өткөн ушулар болчу. Алар өрөөндүн чыгышы менен батышында жашагандардын бардыгын туш-тушка кууп жиберишкен.

16Дөөттүн сепилине Бенжемин менен Жүйүттүн уулдарынан да өтүп келишти.

17Дөөт аларды тосуп чыгып: «Эгерде силер мага жардам бергени, тынчтык ой менен келсеңер, анда менин жүрөгүм силер менен бирге болсун. Менин колумда жамандык жок болгонуна карабастан, эки жүздүүлүк менен душмандарымдын колуна салып бергени келсеңер, анда ата-бабаларыбыздын Кудайы көрүп турат, Ал Өзү жазалайт», – деди.

18Отуздун башчысы Амасайды рух каптап, ал: «Тынчтык сага, Дөөт, биз сени мененбиз, Жышайдын уулу. Тынчтык сага, жардамчыларыңа да тынчтык, анткени сага Кудайың жардам берип жатат», – деди. Ошондо Дөөт аларды кабыл алып, аскер башчы кылып койду.

19Дөөт пелиштиликтер менен бирге Шабулга каршы согушка бара жатканда, Менаше тукумунан да кээ бирөөлөр Дөөт тарапка өтүп кетишкен, бирок Дөөт аларга жардам берген эмес, себеби пелиштиликтердин башчылары өз ара кеңешип: «Биздин башыбызга мүшкүл түшүрүп, ал өз мырзасы Шабул тарапка өтүп кетет», – деп, аны артка жөнөтүп жиберишкен.

20Дөөт Сыклакка кайтып келе жатканда, Менашенин миң башылары Аднак, Жозабат, Жедийаел, Михаел, Жозабат, Элийу жана Силтай ал тарапка өтүштү.

21Алар Дөөткө сансыз аскерлер менен согушууда жардам беришти. Бул адамдардын баары эр жүрөк адамдар жана аскер башчылар болушкан.

22Ошентип, Дөөткө күн сайын жардамга келе беришкендиктен, анын аскери Кудайдын аскериндей көп болду.

23Теңирдин сөзү боюнча Шабулдун падышачылыгын Дөөткө өткөрүш үчүн, ага, Хебронго келген аскер башчылардын саны мынча болду:

24Жүйүт уулдарынан калкан жана найза көтөрүп, согушка даяр тургандардын саны алты миң сегиз жүз;

25Шымондун уулдарынан кошуундагы эр жүрөк адамдардын саны жети миң бир жүз;

26Леби уулдарынан төрт миң алты жүз;

27Арундун уруусунан Жойат төрө, аны менен үч миң жети жүз адам;

28эр жүрөк жигит Садок жана анын уруусу, жыйырма эки башчы;

29Шабулдун бир туугандарынан, Бенжеминдин уулдарынан, үч миң, бирок алардын көпчүлүгү дагы эле Шабулду жактап турушкан;

30Эпрайым уулдарынан өз урууларында атагы чыккан, кайраттуу адамдардын саны жыйырма миң сегиз жүз;

31Менашенин жарым уруусунан Дөөттү такка отургузуу үчүн барып, атайын аттары аталган адамдардын саны он сегиз миң;

32Исахардын уулдарынан Ысрайыл элинин качан, эмне кылуу керек экенин билген акыл-эстүү адамдар келишти, алардын башкы адамдарынын саны эки жүз эле, алардын бардык бир туугандары алардын айткан сөзү менен жүргөн;

33Забулун уруусунан согушка даяр турган, ар түрдүү согуш куралдары менен куралданган, катарда бир кишидей турган элүү миң жоокер;

34Напталы уруусунан миң жол башчы; алар менен калкан жана найза көтөргөн отуз жети миң жоокер;

35Дан уруусунан согушка даяр турган жыйырма сегиз миң алты жүз жоокер;

36Ашыр уруусунан согушка даяр турган кырк миң жоокер;

37Иордандын аркы бетинен, Рубейин, Гат урууларынан жана Менашенин жарым уруусунан ар кандай согуш куралын көтөргөн жүз жыйырма миң жоокер.

38Бул жоокерлердин бардыгы катарга тизилип, Дөөттү бүткүл Ысрайылга падыша кылып көтөрмөкчү болуп, чын жүрөктөн Хебронго келишти. Бүт Ысрайыл эли да Дөөттү такка отургузганга макул эле.

39Алар ал жерде, Дөөттүн жанында үч күн болуп, ичип-жешти, анткени бир туугандары аларга бардыгын даярдап коюшкан эле.

40Ошондой эле алардын жакындары да, атүгүл, Забулун, Напталы, Исахар уруулары да жей турган азыктарды төөлөргө, эшектерге, качырларга, өгүздөргө жүктөп келишкен. Ун, анжыр, мейиз, шарап, зайтун майы, бодо мал, майда мал өтө мол келди, анткени Ысрайыл элинин кубанычы койнуна батпай турган эле.

le>