1Тир падышасы Хирам Дөөткө үй куруп бериши үчүн, ага элчилери менен кедр жыгачтарын, таш жонуучуларды, жыгач усталарды жөнөттү.
2Ошондо Дөөт Теңирдин Ысрайылга падыша кылып бекемдегенин, өзүнүн эли Ысрайыл үчүн падышачылыгы жогору көтөрүлгөнүн билди.
3Ал Иерусалимде дагы бир нече аял алып, дагы уул-кыздуу болду.
4Анын Иерусалимде төрөлгөн уулдарынын аттары мына булар: Шамуя, Шобап, Натан, Сулайман,
5Жибхар, Элишуа, Элпелет,
6Нога, Непек, Жапия,
7Элишама, Белиада жана Элипелет.
8Пелиштиликтер Дөөттүн бүткүл Ысрайылга падыша болуп майланганын угушканда, түп көтөрүлө Дөөттү өлтүргөнү чыгышты. Дөөт муну укканда, алар менен согушканы жөнөдү.
9Пелиштиликтер Репа уулдарынын өрөөнүнө келип жайланышышты.
10Дөөт Кудайдан: «Пелиштиликтерге каршы барайынбы, аларды менин колума салып бересиңби?» – деп сурады. Теңир ага: «Бар, Мен аларды сенин колуңа салып берем», – деди.
11Алар Баал-Ператсимге бет алышты. Дөөт аларды ошол жерде талкалады. Ошондо Дөөт: «Кудай менин душмандарымды менин колум менен суу жарып киргендей талкалады», – деди. Ошондуктан бул жерди Баал-Ператсим деп аташты.
12Пелиштиликтер ошол жерге өз кудайларын таштай качышты. Дөөт буйрук берип, аларды өрттөтүп салды.
13Бирок пелиштиликтер кайрадан келип, өрөөнгө жайланышышты.
14Дөөт Кудайдан дагы сурады, Кудай ага мындай деди: «Аларга түз беттеп барба, аларды айланып өтүп, тыт дарактары тарабынан кир.
15Тыт дарактарынын үстүнөн басып келе жаткандай болгон дабышты укканыңда, согушка кир, анткени пелиштиликтердин кошуунун талкалаш үчүн, Кудай Өзү сенин алдыңда чыккан болот».
16Дөөт Кудай буйругандай кылды. Алар пелиштиликтердин кошуунун Гибондон Гезерге чейин кыйратышты.
17Ошондо Дөөттүн ысымы бүт жер жүзүнө тарады. Теңир бардык элдерди Дөөттөн корко тургандай кылды.