1 Жылнаама 15:1-29 KYB2004 - Bible AI

1Дөөт өзүнө Дөөттүн шаарында үйлөрдү курду. Кудайдын келишим сандыгы үчүн жай камдап, ал үчүн жыйын чатырын тургузду.

2Ошондо Дөөт: «Кудайдын келишим сандыгын лебилерден башка эч ким көтөрүүгө тийиш эмес, анткени Теңир аларды Кудайдын келишим сандыгын көтөрүүгө, Өзүнө кылымдар бою кызмат кылууга тандап алган», – деди.

3Ал келишим сандыгы үчүн өзү даярдап койгон жерге Кудайдын келишим сандыгын алып келиш үчүн, бардык ысрайылдыктарды Иерусалимге чогултту.

4Дөөт Арундун уулдарын жана лебилерди:

5Каат уулдарынан Уриел башчыны жана анын бир туугандарын – жүз жыйырма кишини,

6Мераринин уулдарынан Асая башчыны жана анын бир туугандарын – эки жүз жыйырма кишини,

7Гейиршондун уулдарынан Жоел башчыны жана анын бир туугандарын – жүз отуз кишини,

8Элитсапан уулдарынан Шемая башчыны жана анын бир туугандарын – эки жүз кишини,

9Хеброн уулдарынан Элиел башчыны жана анын бир туугандарын – сексен кишини,

10Узиелдин уулдарынан Аминадап башчыны жана анын бир туугандарын – жүз он эки кишини чакырды.

11Дөөт ыйык кызмат кылуучулар Садок менен Абыйатарды, ошондой эле лебилерди: Уриелди, Асаяны, Жоелди, Шемаяны, Элиелди жана Аминадапты чакырып алып, мындай деди:

12«Силер, леби урууларынын башчылары, өзүңөр да, бир туугандарыңар да ыйыкталгыла. Мен даярдап койгон жерге Ысрайылдын Кудай-Теңиринин келишим сандыгын алып келгиле.

13Анткени бул ишти мурункудай эле, силер кылбаганыңар үчүн, аны кантип алып келүүнү Теңирден сурабаганыбыз үчүн, бизди Кудай-Теңирибиз жазалады».

14Ошондо ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер Ысрайылдын Кудай-Теңиринин келишим сандыгын көтөрүп келиш үчүн ыйыкталышты.

15Теңирдин сөзү боюнча, Муса айткандай, лебилердин уулдары Кудайдын келишим сандыгын шыргыйларынан алып, ийинге салып, көтөрүп жөнөштү.

16Дөөт лебилердин башчыларына алардын ырчы бир туугандары музыкалык аспаптар менен, арфа чертип, лира тартып, жез табак кагып, катуу ырдап, элдин алдында турушун буйруду.

17Лебилер Жоелдин уулу Эйманды, анын бир туугандарынан Берехиянын уулу Асапты, ал эми Мерари уулдарынан алардын бир туугандарын, Кушаянын уулу Эйтанды коюшту.

18Алар менен кошо туугандары: Захарияны, Бенайды, Жаазиелди, Шемирамотту, Жехиелди, Унини, Элийапты, Бенаяны, Маасеяны, Мататияны, Элипейди, Микнеяны, Обейт-Эдомду жана Жейелди коюшту. Булар дарбазачылар болушкан.

19Эйман, Асап жана Эйтан жез табактарды катуу кагышты.

20Захария, Азиел, Шемирамот, Жехиел, Уни, Элийап, Маасея жана Беная арфа чертип, бийик үн менен ырдашты.

21Мататия, Элипей, Микнея, Обейт-Эдом, Жейел жана Азазия болсо жоон үндүү арфа чертишти.

22Ал эми лебилердин башчысы Кенания ырчыларды үйрөтүүчү болчу, анткени ал бул иште машыккан чебер эле.

23Берехия менен Элкана келишим сандыгынын жанында эшик кайтаруучулар болушту.

24Шебания, Жошапат, Натанаел, Амасай, Захария, Беная жана Элиезер ыйык кызмат кылуучулар Кудайдын келишим сандыгынын алдында сурнай тартып бара жатышты. Обейт-Эдом менен Жехия мыйзам сандыктын жанында эшик кайтаруучулар болуп турушту.

25Ошентип, Дөөт, Ысрайыл аксакалдары жана миң башылар Теңирдин келишим сандыгын Обейт-Эдомдун үйүнөн ыр-күү менен көчүрүп келгени жөнөштү.

26Теңирдин келишим сандыгын көтөргөн лебилерге Кудай жардам берди. Ошондо жети букачарды жана жети кочкорду курмандыкка чалышты.

27Дөөт жана келишим сандыгын көтөргөн бардык лебилер, ырчылар, музыкалык аспаптарды чертүүчүлөр менен ырчылардын башчысы Кенания зыгыр буласынан токулган кийим кийишкен. Дөөттүн үстүндө зыгыр буласынан токулган эфод да бар эле.

28Ошентип, бүт Ысрайыл Теңирдин келишим сандыгын мүйүз менен сурнайдын, жез табактын, арфанын, лиранын коштоосу менен, салтанат менен алып киришти.

29Теңирдин келишим сандыгы Дөөттүн шаарына киргенде, терезеден карап турган Шабулдун кызы Михал кубанычы койнуна батпай бийлеп келе жаткан Дөөт падышаны көрүп, аны жүрөгүндө кемсинтти.

le>