1 Жылнаама 16:1-43 KYB2004 - Bible AI

1Алар Кудайдын келишим сандыгын алып келишип, аны Дөөт тургузган жыйын чатырынын ортосуна коюшту. Анан Кудайга арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды жана тынчтык курмандыктарын чалышты.

2Дөөт бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен тынчтык курмандыктарын чалгандан кийин, элге Кудайдын ысымынан бата берди.

3Анан бардык ысрайылдыктарга, эркектерге жана аялдарга бирден нан, бир кесимден эт, мейиз кошулган бирден таттуу токоч таратты.

4Ысрайылдын Кудай-Теңирин даңктап, ыр менен мактап, ыраазычылык билдирип туруш үчүн, Теңирдин келишим сандыгынын алдына лебилерди кызматка койду.

5Асапты башчы кылып койду. Арфа чертип, лира тартып туруш үчүн, экинчи катарга Захарияны, Жейелди, Шемирамотту, Жехиелди, Мататияны, Элийапты, Бенаяны, Обейт-Эдомду жана Жейелди койду. Жез табак кагып турушу үчүн Асапты койду.

6Ал эми ыйык кызмат кылуучулар Беная менен Жехазиелди Кудайдын келишим сандыгынын алдында дайыма сурнай тартып туруу үчүн койду.

7Ошол күнү Дөөт биринчи жолу Асапка жана анын бир туугандарына Теңирди даңктап ырдап туруш үчүн, бул забурду тапшырды:

8«Теңирди даңктагыла, Анын ысымын жар салгыла, Анын иштерин бүт элдерге жарыялагыла.

9Ага ырдагыла, Аны даңктагыла, Анын бардык кереметтери жөнүндө айткыла.

10Анын ыйык ысымы менен мактангыла. Теңирди издегендердин жүрөгү кубансын.

11Теңирди жана Анын күчүн издегиле, Анын жүзүн тынымсыз издегиле.

12Ысрайыл тукуму, Анын кулдары, Жакыптын уулдары, Анын тандалгандары, силер,

13Ал жасаган кереметтерди, Анын жышаандарын жана Анын оозунан чыккан өкүмдөрүн унутпагыла.

14Ал биздин Кудай-Теңирибиз. Анын өкүмдөрү бүт жер жүзүндө.

15Анын келишимин, Анын муундан муунга осуят кылган сөзүн унутпагыла.

16Ал сөз – Ыбрайымга берилген осуят, Ыскакка берилген ант.

17Аны Жакыпка мыйзам кылып, Ысрайылга түбөлүк келишим кылып берем.

18Ал: “Мен сага Канаан жерин мураска берем”, – деп айткан.

19Ошол убакта алардын саны аз, өтө эле аз эле. Ал жерде алар келгин эл болуп жашап турушкан.

20Алар бир элден бир элге, бир өлкөдөн бир өлкөгө барып жер кезишкен.

21Бирок Ал эч кимдин аларды кордоосуна жол берген эмес, алар үчүн падышаларды ашкере кылган:

22“Менин майлангандарыма тийбегиле, Менин пайгамбарларыма жамандык кылбагыла”.

23Бүт жер жүзү, Теңирге ырда, Анын куткаруусун күн сайын жарыялагыла.

24Анын даңкын бутпарастарга, кереметтерин жер жүзүндөгү бардык элдерге жарыя кылгыла.

25Анткени Теңир улуу жана мактоого татыктуу, бардык кудайлардан коркунучтуу.

26Анткени башка элдердин кудайлары – болбогон нерсе. Ал эми Теңир асманды жараткан.

27Даңк менен улуулук Анын алдында, кудурет жана кубаныч Ал турган жерде.

28Бүт элдер, Теңирге Өзүнө тиешелүүсүн бергиле, Теңирди даңктагыла жана урматтагыла.

29Теңирди даңктагыла, Анын ысымын даңазалагыла. Тартуу алып, Анын алдына баргыла, Ага Өзүнүн ыйык жайында табынгыла.

30Бүт жер жүзү, Анын алдында титире, анткени Ал ааламды негиздеген, ал солк этпейт.

31Асман кубансын, жер шаттансын, элдер: “Теңир падышачылык кылып жатат!” – дешсин.

32Деңиз шарпылдасын, анын ичиндегилер кубансын. Талаа жана андагы бардык нерселер кубансын.

33Токойдогу дарактардын бардыгы Теңирдин алдында кубанышсын, анткени Теңир жерди соттогону келе жатат.

34Теңирди даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

35“Кудайыбыз, Куткаруучубуз, бизди куткар! Бизди чогулт, бизди башка элдерден куткар, биз Сенин ыйык ысымыңды даңктайлы, Сенин даңкың менен мактаналы!” – дегиле.

36Ысрайылдын Кудай-Теңири кылымдан кылымга даңкталсын!» Ошондо бүт эл: «Оомийин! Теңирди даңктагыла!» – деди.

37Келишим сандыгынын алдында дайыма, ар күнү кызмат кылып туруш үчүн, Асапты жана анын бир туугандарын Дөөт ошол жерге калтырды.

38Обейт-Эдомду жана анын бир туугандарын, алтымыш сегиз адамды калтырды. Жедутундун уулу Обейт-Эдомду жана Хосаны дарбазачы кылып койду.

39Ал эми ыйык кызмат кылуучу Садок менен анын ыйык кызмат кылуучу бир туугандарын Гибон дөңсөөсүндөгү Кудай үйүнүн алдына,

40курмандык чалынуучу жайда дайыма, ар күнү эртең менен жана кечинде Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык өрттөп туруу үчүн, Теңирдин Ысрайылга берген мыйзамында жазылгандын бардыгын аткарып туруш үчүн койду.

41Алар менен бирге Эйманды, Жедутунду жана Теңирди даңктап туруш үчүн, аттары аталып, атайы дайындалган дагы башка тандалган адамдарды койду, анткени Теңирдин ырайымы кылымдардан кылымдарга!

42Алардын алдында Эйман менен Жедутун сурнай тартып, жез табак кагып, ар түрдүү күү аспаптарды чертип, Кудайды даңктап турушту. Ал эми Жедутундун уулдарын дарбазанын алдына койду.

43Ошондон кийин бардык эл, ар ким өз үйүнө кайтты. Дөөт да өз үй-бүлөсүнө бата бериш үчүн кайтып келди.

le>