1Дөөт өз үйүндө жашап турганда, Натан пайгамбарга: «Мен кедр жыгачынан салынган үйдө турам, ал эми Теңирдин келишим сандыгы чатырдын астында турат», – деди.
2Натан Дөөткө: «Жүрөгүңдө эмне болсо, ошонун баарын жаса, анткени Кудай сени менен», – деди.
3Бирок ошол түнү Натанга Кудайдан мындай сөз болду:
4«Бар, Менин кулум Дөөткө айт: Теңир мындай дейт: “Мен жашай турган үйдү сен курбайсың.
5Анткени Мен Ысрайыл уулдарын алып чыккан күндөн бүгүнкү күнгө чейин үйдө жашаган жокмун, чатырдан чатырга, турак жайдан турак жайга көчүп жүрдүм.
6Бүткүл Ысрайыл уулдары менен кайсы гана жерде жүрбөйүн, Менин элим Ысрайылды кайтарууга Өзүм дайындаган Ысрайылдын уруусуна: "Эмне үчүн Мага кедрден үй куруп бербейсиңер?" – деп айттым беле?”
7Азыр Менин кулум Дөөткө: Себайот Теңир мындай дейт дегин: “Менин элим Ысрайылга жол башчы болушуң үчүн, Мен сени кой короодон алгам.
8Сен кайда барсаң да, бардык жерде сени менен болдум, сенин алдыңда бардык душмандарыңды кырдым. Сенин атыңды чыгарып, жер үстүндөгү улуу адамдар сыяктуу даңктуу кылдым.
9Мен Өзүмдүн элим Ысрайыл үчүн жер даярдайм, аны жайгаштырам, ал өз жеринде бейпил жашайт, ошондон кийин эч ким анын тынчын албайт,
10Өз элим Ысрайылга башкаруучуларды койгон күндөн тартып, кара ниет адамдар аларды кысымга алып келишкен, мындан ары андай болбойт. Мен сенин душмандарыңдын баарын моюн сундурам. Теңир сенин үйүңдү Өзү тургузарын сага кабарлайм.
11Күнүң бүтүп, ата-бабаларың жаткан жайга кеткениңде, сенин ордуңа Мен сенин тукумуңду, уулдарыңдын бирин коём, анын падышачылыгын бекемдейм.
12Ал Мага үй тургузат, Мен анын тагын түбөлүккө бекемдейм.
13Мен ага Ата болом, ал Мага уул болот. Сенден мурунку падышаны Өз ырайымымдан ажыраткандай, аны Өз ырайымымдан ажыратпайм.
14Мен аны Өз үйүмө жана Өз падышачылыгыма түбөлүккө коём, анын тагы түбөлүккө бекем болот”».
15Натан бул сөздөрдүн бардыгын, көрүнүштү толугу менен, так өзүндөй кылып, Дөөткө айтып берди.
16Дөөт падыша келди да, Теңирдин алдына туруп, мындай деди: «Кудай-Теңирим, Сен мени ушунча көтөргүдөй, мен киммин, менин тукумум ким?
17Бирок Сенин көзүңө бул да аз көрүндү, Кудайым. Өз кулуңдун тукумунун келечеги жөнүндө айттың, мени улуу адамдай көрдүң, Кудай-Теңир!
18Сен Өз кулуңду ушунча көкөлөттүң, Сенин алдыңда Дөөт дагы эмне дей алат? Сен Өз кулуңду билесиң!
19Теңир! Өз жүрөгүңө жаккан Өз кулуңа бардык улуулукту көрсөтүш үчүн, сен ушул улуу иштерди кылып жатасың.
20Теңир! Өз кулагыбыз менен уккандарыбыз боюнча Сага тең келген эч ким жок, Сенден башка Кудай жок!
21Жер жүзүндө Сенин элиң Ысрайылдай эл барбы?! Кун төлөп, Өзүңө эл кылып алыш үчүн, Мисирден куткарган Өз элиңдин алдында элдерди кууп чыгып, Өз ысымыңды улуу жана коркунучтуу кылыш үчүн, жер үстүндөгү жалгыз ушул элге Өзүң келгенсиң!
22Сен Өз элиң Ысрайылды түбөлүккө Өзүңдүн элиң кылып алдың. Сен, Теңир, анын Кудайы болдуң.
23Ошондуктан эми, оо Теңир, Өзүңдүн кулуң тууралуу жана анын тукуму тууралуу айткан сөзүңдү түбөлүккө бекемде, Өзүң айткандай кыл.
24Сенин ысымың кылымдарга жашасын, түбөлүккө даңазалансын. “Себайот Теңир, Ысрайылдын Кудайы – Ысрайылдын үстүндө турган Кудай”, – дешсин. Сенин алдыңда Өз кулуң Дөөттүн тукуму бекем болсун.
25Анткени Сен, менин Кудайым, Өз кулуңа анын үйүн тургузарын ачып бердиң, ошондуктан Сенин кулуң Сенин алдыңда сыйынууга батынды.
26Теңирим, Сен Кудайсың, азыр Сен Өз кулуң тууралуу ушундай жакшы нерсени айттың.
27Сенин алдыңда түбөлүк болушу үчүн, Өз кулуңдун тукумуна батаңды бере башта. Теңир, эгерде Сен бата берсең, анда ал түбөлүккө баталуу болот».