1Ошондон кийин Дөөт пелиштиликтерди талкалап, аларды багындырып, алардын колунан Гатты жана ага караштуу шаарларды тартып алды.
2Ал ошондой эле мааптыктарды талкалады. Мааптыктар Дөөткө салык төлөөчү кулдар болуп калышты.
3Дөөт Соба падышасы Ададезерди Хаматта өлтүрдү. Ал Эфрат дарыясынын боюна бийлигин орноткону бара жаткан эле.
4Дөөт анын бир миң майдан арабасын, жети миң атчан аскерин жана жыйырма миң жөө аскерин колго түшүрүп, майдан арабалардын баарын талкалап, өзүнө жүз гана майдан араба алып калды.
5Соба падышасы Ададезерге Дамасктан сириялыктар жардамга келишти. Бирок Дөөт жыйырма эки миң сириялыкты кыйратты.
6Дөөт сакчы аскерлерин Сириядагы Дамаскка койду. Сириялыктар Дөөткө кул болуп, салык төлөп калышты. Дөөт кайда барбасын, бардык жерде Теңир ага жардам берип турду.
7Дөөт Ададезердин кулдарынын алтын калкандарын алып, Иерусалимге алып келди.
8Ал эми Ададезердин шаарлары Тапхат менен Кундан Дөөт абдан көп жез алды. Андан Сулайман чоң жез чараны, жез мамыларды, жез идиштерди жасады.
9Хамат падышасы Той Дөөттүн Соба падышасы Ададезердин аскерин кырып салганын укту.
10Дөөттүн Ададезер менен согушуп, аны талкалаганы үчүн, Той аны куттуктап, ыраазычылыгын билдирип, ага өз уулу Адорамды жөнөттү, анткени Той Ададезер менен согушуп турган эле. Уулу менен кошо ар кандай алтын, күмүш, жез идиштерди берип жиберди.
11Падыша Дөөт аларды бардык элдерден олжого түшкөн алтын, күмүштөр менен бирге Теңирге арнады. Алар эдомдуктардан, мааптыктардан, амондуктардан, пелиштиликтерден, амалыктыктардан түшкөн олжолор эле.
12Серуянын уулу Абышай Туздуу өрөөнүндө он сегиз миң эдомдукту талкалады.
13Ал Эдомго сакчы аскерлерин койду, бардык эдомдуктар анын кулу болуп калды. Дөөт кайда гана жүрбөсүн, аны Теңир колдоп жүрдү.
14Дөөт бүт Ысрайылга бийлик кылды. Ал өз элине туура өкүм жүргүзүп, адилеттик көрсөттү.
15Серуянын уулу Жойап аскер башчы болду. Акилуттун уулу Жошапат тарыхчы болду.
16Акитуптун уулу Садок жана Абыйатардын уулу Абы-Мелек ыйык кызмат кылуучу, Шапша болсо катчы болду.
17Жойаттын уулу Беная – керейлер менен пелейлердин үстүнөн башкаруучу, ал эми Дөөттүн уулдары падыша алдындагы биринчи кызматтагы адамдар болушту.