1Ошондон кийин амондуктардын падышасы Нахаш дүйнөдөн кайтып, анын ордуна уулу падыша болду.
2Ошондо Дөөт: «Атасынын мага кылган жакшылыгы үчүн, Нахаштын уулу Ханунга ырайым көрсөтөм», – деп айтты. Атасы өлгөн Ханунга көңүл айттырыш үчүн, Дөөт элчилерин жөнөттү. Ханунга көңүл айтыш үчүн, Дөөттүн кулдары амондуктардын жерине келишти.
3Бирок амондуктардын төрөлөрү Ханунга: «Көңүл айтуучуларды Дөөт сага сенин атаңды сыйлагандыктан жиберди деп ойлойсуңбу? Анын кулдары сага жериңди чалгындап, карап чыгып, анан чаап алыш үчүн келип жүрүшпөсүн?» – деп айтышты.
4Ошондо Ханун Дөөттүн кулдарын кармап алып, алардын сакалынын жарымын кырып, кийген кийимдерин белинен ылдый кесип салды, анан аларды коё берди.
5Алар жөнөп кетишти. Бул кишилер тууралуу Дөөткө кабар жетти. Булар маскара болушкандыктан, жолунан тосуп чыгууга ал чабармандарды жөнөттү. Падыша аларга: «Сакалыңар өскүчө, Жериходо тура тургула, анан кайтып келгиле», – деди.
6Амондуктар өздөрүнүн Дөөткө жек көрүндү болуп калышканын билип, Ханун менен амондуктар Месопотамиянын Сириясынан, Мааханын Сириясынан жана Собадан майдан арабалар менен атчандарды жалдаш үчүн, бир миң талант күмүш жөнөтүштү.
7Алар отуз эки миң майдан арабаны жана Мааха падышасын эли менен кошо жалдап алышты. Алар Мейдебанын алдына келип, кошуундарын жайланыштырышты. Амондуктар өз шаарларынан топ-топ болуп чогулушуп, майданга киришти.
8Дөөт бул тууралуу укканда, Жойапты бардык эр жүрөк аскерлери менен кошо жөнөттү.
9Амондуктар салгылашка киришти, алар шаар дарбазасынын алдына катар-катар турушту, ал эми келген падышалар өздөрүнчө талаада турушту.
10Жойап өзүнүн алдынан да, артынан да салгылашарын билип, Ысрайылдын тандамал жоокерлеринин ичинен мыктыларын тандап алып, аларды сириялыктарга каршы тизди.
11Ал эми калган элдин бөлүгүн амондуктарга каршы катар тургузууну өз бир тууганы Абышайга тапшырды.
12Ал мындай деди: «Эгерде сириялыктар мени жеңип бара жатса, сен мага жардамга келесиң. Эгерде амондуктар сени жеңип бара жатса, сага мен жардам берем.
13Кайраттуу бол, өз элибиз үчүн жана Кудайыбыздын шаарлары үчүн бекем турабыз, Теңир Өзүнө жакканды кылсын».
14Жойап өзүнүн адамдары менен сириялыктарга каршы салгылашка кирди. Алар андан качып жөнөштү.
15Амондуктар сириялыктардын качканын көрүп, өздөрү да анын бир тууганы Абышайдан качып, шаарга киришти. Жойап Иерусалимге кайтып келди.
16Сириялыктар өздөрүнүн ысрайылдыктардан жеңилгенин көрүп, элчилерин жөнөтүп, дарыянын аркы бетиндеги сириялыктарды алып чыгышты. Ададезердин аскер башчысы Шобак аларга жол башчылык кылды.
17Бул тууралуу Дөөткө билдиришкенде, ал бардык ысрайылдыктарды чогултуп, Иордандан өтүп, аларга келип, сириялыктарга каршы аскерин тизди. Дөөт сириялыктарга каршы салгылашка кирди, алар аны менен согушту.
18Сириялыктар ысрайылдыктардан качып жөнөштү, Дөөт сириялыктардын жети миң майдан арабасын талкалап, кырк миң жөө аскерин жана аскер башчысы Шобакты өлтүрдү.
19Ададезердин кулдары өздөрүнүн ысрайылдыктардан жеңилгенин көрүшүп, Дөөт менен тынчтык келишим түзүп, ага баш ийип беришти. Ошондон кийин сириялыктардын амондуктарга жардам бергилери келбей калды.