1 Жылнаама 2:1-55 KYB2004 - Bible AI

1Ысрайылдын уулдары булар: Рубейин, Шымон, Леби, Жүйүт, Исахар, Забулун,

2Дан, Жусуп, Бенжемин, Напталы, Гат жана Ашыр.

3Жүйүттүн уулдары: Эйир, Онан жана Шило. Бул үч уулу канаандык Шуйинин кызынан төрөлгөн. Жүйүттүн тун уулу Эйир Теңирге жаккан эмес, ошондуктан Ал аны өлтүрүп салган.

4Келини Тамар ага Перес менен Зеракты төрөп берди. Жүйүттүн бардыгы болуп беш уулу болгон.

5Перестин уулдары: Хесрон менен Хамул.

6Зерактын уулдары: Зимри, Эйтан, Эйман, Калкол жана Дара. Бардыгы болуп бешөө.

7Карминин уулу – Ахар (Ахан), ал Кудайга арналган буюмдарды алып, Ысрайылдын башына мүшкүл түшүргөн.

8Эйтандын уулу – Азария.

9Хесрондун уулдары: Жерахмейел, Рам жана Хелубай.

10Рамдан Аминадап төрөлдү. Аминадаптан Жүйүт уулдарынын төрөсү Нахшон төрөлдү.

11Нахшондон Салмон төрөлдү. Салмондон Бууз төрөлдү.

12Бууздан Обейт төрөлдү. Обейттен Жышай төрөлдү.

13Жышайдын тун баласы – Элийап, экинчи уулу – Аминадап, үчүнчүсү – Шима,

14төртүнчүсү – Натанаел, бешинчиси – Радай,

15алтынчысы – Отсем, жетинчиси – Дөөт.

16Булардын карындаштары: Серуя менен Абигейил. Серуянын үч уулу: Абышай, Жойап жана Асаел.

17Абигейил Амасаны төрөдү. Амасанын атасы ысмайылдык Жетер болгон.

18Хесрондун уулу Калептин Жерийоттун кызы Азубадан төрөлгөн уулдары: Жейшер, Шобап жана Ардон.

19Азуба көз жумгандан кийин, Калеп Эпратка үйлөндү, ал Хурду төрөп берди.

20Хурдан Ури төрөлдү. Уриден Бетселел төрөлдү.

21Андан кийин Хесрон алтымыш жашка келгенде, Гилаттын атасы Махирдин кызын алды. Ал ага Сегупту төрөп берди.

22Сегуптан Жайыр төрөлдү, Гилат жеринде анын жыйырма үч шаары болгон.

23Бирок гешурлар менен сириялыктар Жайырдын кыштактарын, Кенат шаарын жана ага караштуу алтымыш шаарды каратып алышты. Бул шаарлардын бардыгы Гилаттын атасы Махирдин уулдарыныкы болгон.

24Хесрон Калеп-Эфратада көз жумду. Ал өлгөндөн кийин, анын аялы Абия ага Текоянын атасы Ашкурду төрөп берди.

25Хесрондун тун уулу Жерахмейелдин уулдары: Рам, бул – туну, артынан Буна, Орен, Отсем жана Акия төрөлдү.

26Жерахмейелдин дагы бир аялы болгон, анын аты Атара эле, ал – Онамдын энеси.

27Жерахмейелдин тун уулу Рамдын уулдары: Маас, Жамин жана Эйкер.

28Онамдын уулдары: Шамай менен Жада. Шамайдын уулдары: Надап менен Абышур.

29Абышурдун аялынын аты – Абикейил. Ал ага Акбан менен Молидди төрөп берди.

30Надаптын уулдары: Селет менен Апайым. Селет бала көрбөй өттү.

31Апайымдын уулу – Жиши, Жишинин уулу – Шейшан, Шейшандын уулу – Аклай.

32Шамайдын бир тууганы Жаданын уулдары: Жетер менен Жонатан. Жетер бала көрбөй өттү.

33Жонатандын уулдары: Пелет менен Заза. Булар – Жерахмейелдин уулдары.

34Шейшандын эркек балдары болгон эмес, кызы гана болгон. Шейшандын мисирлик кулу бар эле, аты Жарха болчу.

35Шейшан өз кызын ошол кулу Жархага аялдыкка берди. Ал ага Атайды төрөп берди.

36Атайдан Натан төрөлдү. Натандан Забат төрөлдү.

37Забаттан Эплал төрөлдү. Эплалдан Обейт төрөлдү.

38Обейттен Жейу төрөлдү. Жейудан Азария төрөлдү.

39Азариядан Хелез төрөлдү. Хелезден Элас төрөлдү.

40Эластан Сисемай төрөлдү. Сисемайдан Шалум төрөлдү.

41Шалумдан Жекамия төрөлдү. Жекамиядан Элишама төрөлдү.

42Жерахмейелдин бир тууганы Калептин уулдары: Мейша, ал – тун баласы, Зуптун атасы. Калептин уулу – Марейша, Марейшанын уулу – Хеброн.

43Хеброндун уулдары: Корак, Тапуах, Рекем жана Шема.

44Шемадан Жоркеямдын атасы Рахам төрөлдү. Ал эми Рекемден Шамай төрөлдү.

45Шамайдын уулу – Маон. Маон – Бейт-Сурдун атасы.

46Калептин күң аялы Эйпа Харанды, Мотсаны жана Газести төрөдү. Харандан Газес төрөлдү.

47Жадайдын уулдары: Регем, Жотам, Гейшан, Пелет, Эйпа жана Шаап.

48Калептин күң аялы Мааха Шебер менен Тирханды төрөдү.

49Ал Мадмананын атасы Шаапты, Махбейнанын атасы Шебаны жана Гибанын атасын да төрөдү. Калептин кызы – Акса.

50Калептин уулдары мына булар: Эпраттан төрөлгөн тун баласы – Хур, Кирийат-Жейаримдин атасы – Шобал.

51Бейт-Лехемдин атасы – Салма. Бейт-Гадейирдин атасы – Хареп.

52Кирийат-Жейаримдин атасы Шобалдын уулдары: Аройе, менухоттордун жарымы.

53Кирийат-Жейаримдин уруулары: житриликтер, путтуктар, шуматтыктар жана мишрайлыктар. Булардан соралыктар менен эштаулдуктар тараган.

54Салманын уулдары: Жаабап тукумунун таажысы болгон бейт-лехемдиктер менен нетопалыктар, манахиттердин жарымын түзгөн соралыктар,

55Жабесте жашаган сопереттиктердин уруулары: тирликтер, шимейликтер, сухаттыктар. Булар – Бейт-Рейкаптын атасы Хаматтан тараган кейниликтер.

e>