1 Жылнаама 20:1-8 KYB2004 - Bible AI

1Бир жылдан кийин, падышалар согушууга чыга турган кезде, Жойап өзүнүн аскерлери менен чыгып, амондуктардын жерин талкалай баштады, анан Рабе шаарына келип, аны курчоого алды. Дөөт болсо Иерусалимде калган. Жойап Рабени каратып алып, аны талкалады.

2Дөөт алардын падышасынын башынан таажысын алды. Ал таажынын салмагы бир талант алтын, анын үстүндө кымбат баалуу асыл таштар бар эле. Таажыны Дөөттүн башына кийгизишти. Дөөт шаардан өтө көп олжо алып чыкты.

3Ал шаардагы кишилерди алып чыгып, араа, чот жана балта менен оор жумуштарды иштетти. Дөөт амондуктардын бардык шаарын ушундай кылды, анан бүт эли менен Иерусалимге кайтты.

4Ошондон кийин Гезерде пелиштиликтер менен согуш башталды. Ошондо хушалык Сипхай Репа тукумунан болгон Сыпайды өлтүрдү. Алар багынып беришти.

5Пелиштиликтер менен дагы согушушту. Ошондо Жайырдын уулу Элханан токуучу куралдын баканындай найза көтөргөн гаттык Голийаттын бир тууганы Лахмини өлтүрдү.

6Гатта дагы согуш болду. Ал жерде бир узун бойлуу киши бар эле, анын буту-колунда алтыдан манжасы, бардыгы жыйырма төрт манжасы бар эле. Ал да Репа тукумунан болгон.

7Ал Ысрайылды шылдыңдаган, бирок Дөөттүн бир тууганы Шиманын уулу Жонатан аны өлтүргөн.

8Булар Гаттагы Репа тукумунан эле, алар Дөөттүн жана анын кызматчыларынын колунан өлүштү.

e>