1 Жылнаама 21:1-30 KYB2004 - Bible AI

1Шайтан Ысрайылга каршы чыгып, Дөөттү Ысрайылды санап чыгууга азгырды.

2Дөөт Жойапка жана эл башкаргандарга: «Баргыла, Бейер-Шебадан Данга чейин Ысрайылды эсептеп чыккыла, алардын эсебин алып келгиле, мен алардын санын билейин», – деп айтты.

3Жойап: «Теңир Өз элин азыркыга караганда жүз эсе көбөйтсүн. Мырзам падыша, алардын бардыгы сенин кулдарың эмеспи? Менин таксырым муну эмнеге талап кылып жатат? Ысрайылды күнөөгө батырыш үчүнбү?» – деди.

4Бирок падышанын сөзү Жойапты жеңип кетти. Жойап жөнөп кетип, бүткүл Ысрайылды кыдырып чыгып, Иерусалимге кайтып келди.

5Жойап эл каттоо тизмесин Дөөткө берди. Кылычын кынынан сууруган бардык ысрайылдыктардын саны бир миллион жүз миң адам болду, кылычын кынынан сууруган жүйүттөрдүн саны төрт жүз жетимиш миң болду.

6Алардын ичинен лебилер менен бенжеминдиктерди ал санаган жок, анткени падышанын сөзү Жойапка жаккан эмес.

7Бул иш Кудайга жаккан жок, андыктан Ал Ысрайылды жазалады.

8Дөөт Кудайга: «Ушуну кылып, оор күнөөгө баттым. Эми Өз кулуңдун күнөөсүн кечире көр, анткени мен акылсыз иш кылдым», – деди.

9Теңир Дөөттүн көрөгөчү Гатка мындай деди:

10«Бар, Дөөткө айт: Теңир мындай дейт дегин: “Мен сага үч жаза сунуш кылам, үчөөнүн бирин тандап ал, Мен аны өзүңдүн башыңа салам”».

11Гат Дөөткө келип: «Теңир мындай деп жатат: “Өзүңө бирөөнү тандап ал:

12Же үч жыл ачарчылык болот, же үч ай душмандарыңдан качып жүрөсүң, душмандарыңдын кылычы сага жетет, же үч күн Теңир кылычын сунат, жерди жугуштуу оору каптайт, ошондо Теңирдин периштеси бүткүл Ысрайыл элин кырат”. Эми ойлон, бул сөздү айттырып Жибергенге эмне деп жооп берейин», – деди.

13Дөөт Гатка: «Бул мага абдан оор болду. Бирок Теңирдин колуна түшкөнүм жакшы, анткени Ал өтө ырайымдуу, адамдын гана колуна түшпөсөм болду», – деп айтты.

14Ошондо Теңир Ысрайылга жугуштуу оору каптатты. Ысрайылдыктардын жетимиш миң адамы кырылды.

15Иерусалимди тукум курут кылыш үчүн, Кудай периште жөнөттү. Ал элди кыра баштаганда, Теңир бул апааттан кырылып жаткандарды көрүп, аларды аяп кетип, кырып жаткан периштеге: «Жетишет! Эми колуңду тарт», – деди. Ошол учурда Теңирдин периштеси жебустук Арабенанын кырманынын үстүндө турган.

16Дөөт башын көтөрүп, жер менен асмандын ортосунда жалаңдаган кылычын Иерусалимге сунуп турган Теңирдин периштесин көрдү. Ошондо Дөөт да, уруу аксакалдары да зумбал жамынып, жүзтөмөндөп жыгылышты.

17Дөөт Кудайга: «Элдин санын алгыла деп, мен жибербедим беле. Күнөө кылган мен, кыянаттык кылган мен. Бул койлор эмне кылды? Кудай-Теңирим! Сенин колуң Өз элиңе эмес, мага каршы, менин атамдын тукумуна каршы болсун, Өз элиң тукум курут болбосун», – деп айтты.

18Гат Дөөткө айтсын деп, Теңирдин периштеси ага: «Дөөт келип, жебустук Арабенанын кырманына Теңирге арнап курмандык чалынуучу жай курсун», – деди.

19Дөөт Теңирдин атынан сүйлөгөн Гаттын сөзү боюнча жөнөп кетти.

20Арабена бурулуп, периштени көрүп, төрт уулу менен жашынып калды. Арабена эгин бастырып жаткан.

21Дөөт Арабенага келди. Арабена башын көтөрүп, Дөөттү көрдү да, кырманынан чыгып, Дөөткө жерге жете таазим кылды.

22Дөөт Арабенага: «Кырманың турган жерди мага бер. Мен бул жерге Теңирге арнап курмандык чалынуучу жай курам. Аны мага өз баасына бер, элди кыруу токтосун», – деди.

23Арабена Дөөткө мындай деди: «Ала бер, мырзам падыша көңүлүнө жакканын кылсын. Мына, мен бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка өгүздөрүмдү, отунга эгин бастырган шайманымды, нан курмандыгына буудайымды кошо берем. Бардыгын бекер берем».

24Дөөт падыша Арабенага: «Жок, мен буларды сенден өз баасына сатып алам, анткени сенин менчиктериңди Теңирге арнагым келбейт жана бекер алгандарды бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалгым келбейт», – деди.

25Дөөт кырман турган жер үчүн Арабенага алты жүз шекел алтын берди.

26Дөөт ал жерге Теңирге арнап курмандык чалынуучу жай куруп, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен тынчтык курмандыгын чалды. Анан Кудайды чакырды, Ал анын үнүн укту да, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык өрттөлгөн жайга асмандан от жиберди.

27Теңир периштеге: «Кылычыңды кынына сал», – деди.

28Ошол учурда Дөөт жебустук Арабенанын кырманында Теңир анын үнүн укканын көрүп, ошол жерге курмандык чалды.

29Муса чөлдө жасаган Теңирдин жыйын чатыры менен курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жай ошол кезде Гибондогу дөңсөөдө эле.

30Дөөт Кудайга кайрылуу үчүн, ал тарапка бара алган жок, анткени Теңирдин периштесинин кылычынан коркту.

le>