1 Жылнаама 22:1-19 KYB2004 - Bible AI

1Дөөт: «Кудай-Теңирдин үйү менен ысрайылдыктардын бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты чалуучу жайы ушул жерде болот», – деди.

2Дөөт Ысрайыл жеринде турган келгиндердин бардыгын жыйнап келүүгө буйрук берди да, Кудайдын үйүн куруш үчүн, таш жонгонго таш жонуучуларды койду.

3Ал дарбазага мык жана илгич жасаш үчүн, эң көп темир даярдады, ошондой эле сансыз көп жез даярдады.

4Эсепсиз көп кедр жыгачын даярдады, анткени сидондуктар менен тирликтер Дөөткө көп кедр жыгачын жеткиришти.

5Дөөт мындай деди: «Менин уулум Сулайман жаш, күчү да аз, ал эми Теңир үчүн курула турган үй абдан чоң, жер жүзүндөгү эң мыкты, эң кооз имарат болушу керек. Ошондуктан ал үчүн бардыгын мен өзүм даярдайм». Дөөт көзү өткөнгө чейин көп нерсе даярдап койду.

6Ал өз уулун, Сулайманды, чакырып, Ысрайылдын Кудай-Теңирине үй курууну буйруду.

7Дөөт Сулайманга мындай деди: «Уулум! Менин жүрөгүмдө Кудай-Теңирим үчүн үй курам деген ой бар эле.

8Бирок мага Теңирден сөз болуп, мындай деп айтылган: “Сен көп согуштуң, көп кан төктүң, ошондуктан сага Менин ысымыма арнап үй курганга болбойт, анткени сен Менин көз алдымда жерге көп кан төктүң.

9Сенден уул төрөлөт, тынчтыкта жашаган адам болот. Мен аны курчап турган бардык душмандардан ага тынчтык берем, ошондуктан анын ысымы Сулайман болот. Анын тушунда Ысрайылга тынчтык жана бейпилдик берем.

10Ал Менин ысымыма арнап үй тургузат, ал Менин уулум болот, Мен анын атасы болом, Мен анын падышачылык тагын Ысрайылга түбөлүккө бекитем”.

11Эми, уулум, Теңир сени менен болсун, ийгиликке жет, Ал Өзү сен жөнүндө айткандай, Кудай-Теңириңе үй кур!

12Теңир сага акыл-эс берсин, сени Ысрайылдын үстүнөн койсун, Кудай-Теңириңдин мыйзамын сакта!

13Эгерде Ысрайыл үчүн Теңир Мусага берген мыйзам менен буйруктарын так аткарууга аракет кыла турган болсоң, анда сен зор ийгиликке жетесиң. Бекем, кайраттуу бол, коркпо, чөкпө.

14Мына, мен көп аракет кылып, Теңирдин үйү үчүн жүз миң талант алтын, бир миллион талант күмүш даярдап койдум, ал эми темир менен жездерге сан жетпейт, анткени алар эсепсиз көп. Ошондой эле жыгач менен таштарды да даярдап койдум. Сен булардын үстүнө дагы кош.

15Сенин көп сандаган жумушчуларың, таш жонуучуларың, кескичтериң, жыгач усталарың жана ар кандай ишке жөндөмдүү адамдарың бар.

16Алтын, күмүш, темир, жездерге эсеп жок. Башта да, жасай бер. Теңир сени менен болот».

17Дөөт Ысрайылдын бардык төрөлөрүнө уулу Сулайманга жардам кылуусун буйрук кылды:

18«Туш тараптан силерге бейкуттук, тынчтык берген биздин Кудай-Теңирибиз силер менен, анткени Ал жер жүзүндө жашоочуларды менин колума салып берди. Жер жүзү Теңирге жана Анын элине багынып берди.

19Жүрөгүңөрдү да, жаныңарды да Кудай-Теңириңерди издөөгө бургула. Тургула, Теңирдин келишим сандыгы менен Кудайдын ыйык идиштерин көчүрүп келүү үчүн, Теңирдин ысымына арнап, Кудай-Теңириңерге ыйык жай кургула».

le>