1Дөөт картайып, өмүргө тойгон соң, уулу Сулайманды Ысрайылга падыша көтөрдү.
2Анан ысрайылдыктардын бардык төрөлөрүн, ыйык кызмат кылуучуларын, лебилерин чогултту.
3Отуз жаштагы жана андан жогорку жаштагы лебилер эсепке алынды. Аларды бирден санап чыкканда, отуз сегиз миң адам болду.
4Алардын ичинен Теңирдин үйүндөгү иштерге жыйырма төрт миңи дайындалды, катчылары менен башкаруучулары алты миң болду.
5Төрт миң дарбазачы, Теңирди мактап ырдоочу төрт миң адам дайындалды, алар Кудайды даңктоо үчүн, Дөөт жасаган күү аспаптарда ойношот.
6Дөөт аларды Лебинин уулдары Гейиршонго, Каатка жана Мерариге өздөрүнүн кызмат кезеги боюнча бөлүп берди.
7Гейиршон уулдарынан Ладан менен Шимейди бөлүп алды.
8Ладандын уулдары: биринчи Жехиел, Зейтам жана Жоел – үчөө.
9Шимейдин уулдары: Шеломит, Хазиел жана Аран – үчөө. Булар – Ладан уруусунун башчылары.
10Шимейдин башка уулдары: Жахат, Зиза, Жейуш жана Берия. Бул төртөө – Шимейдин уулдары.
11Жахат булардын башчысы болду, Зиза – экинчиси. Жейуш менен Берия көп балалуу эмес эле, андыктан алар атасынын үй-бүлөсү менен бир эсепке киришти.
12Кааттын уулдары: Амрам, Житсар, Хеброн жана Узиел – төртөө.
13Амрамдын уулдары: Арун менен Муса. Арун ыйыктын ыйыгына кызмат кылууга дайындалган, ал уулдары менен Теңирдин алдында жыпар жыттуу зат түтөтүп туруу үчүн, Ага кызмат кылыш үчүн, Анын ысымын түбөлүккө даңктап туруш үчүн бөлүнгөн.
14Ал эми Кудайдын кишиси Муса жана анын уулдары Леби тукумуна кирген.
15Мусанын уулдары: Гейиршом менен Элиезер.
16Гейиршомдун уулдары: биринчиси – Шебуел.
17Элиезердин уулу: биринчиси – Рехабия. Элиезердин мындан башка уулу болгон эмес. Рехабиянын уулдары өтө көп болгон.
18Житсардын уулдары: биринчиси – Шеломит.
19Хеброндун уулдары: биринчиси – Жерия, экинчиси – Амария, үчүнчүсү – Жахазиел, төртүнчүсү – Жекамам.
20Узиелдин уулдары: биринчиси – Миха, экинчиси – Жишия.
21Мераринин уулдары: Махли менен Муши. Махлинин уулдары: Элазар менен Киш.
22Элазар дүйнөдөн өттү. Анын эркек балдары болгон эмес, кыздары эле бар болчу. Аларды өздөрүнүн бир туугандары болгон Киштин уулдары аялдыкка алышты.
23Мушинин уулдары: Махли, Эйдер жана Жереймот – үчөө.
24Булар – Леби уулдарынан тараган уруулар, уруу башчылар. Теңирдин үйүндө кызмат кылып турган, жыйырма жана андан жогорку жаштагы аттары аталып эсепке кирген Леби уулдары ушулар.
25Анткени Дөөт мындай деди: «Ысрайылдыктардын Кудай-Теңири Өз элине бейпилдик берип, аны түбөлүккө Иерусалимге жайгаштырды.
26Эми лебилер жыйын чатырын жана андагы кызмат кылууда колдонулуучу ар кандай буюмдарды көтөрүп жүрүшпөйт».
27Ошондуктан Дөөттүн акыркы буйругу боюнча, жыйырма жана андан жогорку жаштагы лебилер эсепке алынды.
28Алар Теңирдин үйүнө кызмат кылуу үчүн, короодо жана кошумча үйлөрдө, бүт ыйык жайда тазалыкты сакташ үчүн, Кудайдын үйүндөгү ар кандай кызматтарды аткарыш үчүн, алар Арун уулдарынын кол астында болушат.
29Алар Кудайдын алдына коюлуучу нанга, нан курмандыгына алып келинген буудай унуна, ачыткысыз нандарга, бышырылган, куурулган тамактарга, алардын өлчөмү менен салмагына көз салышат.
30Алар ар күнү эртең менен жана кечинде Теңирге ыраазычылык билдирип, Аны даңазалап турушат.
31Ар дайым Теңирдин алдында, мыйзамда жазылгандай, ишемби сайын, ай жаңырган сайын, майрам сайын Теңирге арналган бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты өрттөгөн учурда кызмат кылышат.
32Алар келишим сандыгын, ыйык жайды жана Теңир үйүндө кызмат кылып жаткан өз бир туугандары болгон Арундун уулдарын кайтарышат.