1Арундун уулдары мындай бөлүндү: Арундун уулдары: Надап, Абыйут, Элазар жана Итамар.
2Надап менен Абыйут атасынан мурун каза болушту, алардын уулдары болгон эмес. Ошондуктан Элазар менен Итамар ыйык кызмат кылышты.
3Дөөт аларды кызматка бөлүштүрдү – Элазардын уулдарынан Садокту, Итамардын уулдарынан Акимелекти кызматы боюнча бөлдү.
4Итамардын уулдарына караганда Элазардын уулдарынын башчылары көбүрөөк болуп чыкты. Ошондуктан ал буларды мындай бөлдү: Элазар уулдарынан он алты уруу башчы, Итамар уулдарынан сегиз уруу башчы.
5Аларды өкчөмө таш ыргытып бөлдү, анткени Элазардын уулдарынан да, Итамардын уулдарынан да ыйык жайда жана Кудайдын алдында башчы болуп турушту.
6Аларды лебилерден катчы болгон Натанаелдин уулу Шемая падыша менен төрөлөрдүн алдында, ыйык кызмат кылуучу Садоктун алдында жана Абыйатардын уулу Акимелектин алдында, лебилер менен ыйык кызмат кылуучулар тукумунун башчыларынын алдында тизмеге жазды. Өкчөмө таш ыргытканда, Элазар уруусунан бир үй-бүлөнү, Итамар уруусунан бир үй-бүлөнү алышты.
7Биринчи өкчөмө таш Жейойарипке, экинчи таш Жедаяга түштү.
8Yчүнчүсү Харимге, төртүнчүсү Сейоримге,
9бешинчиси Малкияга, алтынчысы Мияминге,
10жетинчиси Акоско, сегизинчиси Абияга,
11тогузунчусу Жейшуяга, онунчусу Шеханияга,
12он биринчиси Элийашипке, он экинчиси Жакимге,
13он үчүнчүсү Хупага, он төртүнчүсү Жешебапка,
14он бешинчиси Билгага, он алтынчысы Имерге,
15он жетинчиси Хейзирге, он сегизинчиси Апитсеске,
16он тогузунчусу Петахияга, жыйырманчысы Хискияга,
17жыйырма биринчиси Жахинге, жыйырма экинчиси Гамулга,
18жыйырма үчүнчүсү Делаяга, жыйырма төртүнчүсү Мазияга түштү.
19Ысрайылдын Кудай-Теңиринин алардын атасы Арунга берген буйругу боюнча алардын Теңирдин үйүнө келип кызмат кылуу кезеги ушундай.
20Лебинин башка уулдарынын бөлүнүшү: Амрам уулдарынан: Шубаел. Шубаел уулдарынан: Жехдея.
21Рехабиядан: Жишия. Ал Рехабиянын тун уулу болчу.
22Житсардан: Шеломот. Шеломот уулдарынан: Жахат.
23Хеброндун уулдарынан: биринчи Жерия, экинчи Амария, үчүнчү Жахазиел, төртүнчү Жекамам.
24Узиелдин уулдарынан: Миха. Миханын уулдарынан: Шамир.
25Миханын бир тууганы Жишия. Жишиянын уулдарынан: Захария.
26Мераринин уулдары: Махли менен Муши. Жаазиянын уулдарынан: Бено.
27Мераринин уулдарынын ичинен Жаазиядан: Бено менен Шоям, Закур жана Ибри.
28Махлиден Элазар, Элазардын уулдары болгон эмес.
29Киш тукумунан, Киштин уулдарынан: Жерахмейел.
30Мушинин уулдары: Махли, Эйдер жана Жеримот. Уруулары боюнча лебилердин уулдары ушулар.
31Алар да өз бир тууганы Арундун уулдары менен кошо Дөөт падышанын, Садоктун, Акимелектин жана ыйык кызмат кылуучулар менен леби урууларынын башчыларынын алдында өкчөмө таш ыргытышты. Уруу башчылары кенже бир туугандары менен бирдей укукта болду.