1Дөөт менен аскер башчылар Асаптын, Эймандын жана Жедутундун уулдарын кызмат кылууга бөлүп коюшту. Алар лира тартып, арфа чертип, жез табак кагып, пайгамбарчылык кылып туруулары керек эле. Ушул кызматты аткарууга бөлүнгөн адамдар булар:
2Асаптын уулдарынан: Закур, Жусуп, Нетания жана Асарел. Булар – падышанын буйругу боюнча, Асаптын жетекчилиги астында ойной турган Асаптын уулдары.
3Жедутундан Жедутундун уулдары: Гедалия, Сери, Ышайа, Шемей, Хашабия жана Мататия – алтоо. Булар – атасы Жедуттун жетекчилиги астында Теңирди мактап жана даңктап, лира черте тургандар.
4Эймандан Эймандын уулдары: Букия, Матания, Узиел, Шебуел, Жеримот, Ханания, Ханани, Элийап, Гидалети, Ромамти-Эзер, Жошбекеша, Малоти, Отир жана Махазиот.
5Кудайдын сөзү боюнча, Анын даңкын даңазалоого коюлган падышанын көрөгөчү Эймандын уулдары ушулар. Кудай Эйманга он төрт уул жана үч кыз берген.
6Булардын баары – падышанын же Асаптын, Жедутундун жана Эймандын көрсөтүүсү боюнча Кудайдын үйүндө кызмат кылып, атасынын жетекчилиги астында Теңирдин үйүндө жез табак кагып, арфа жана лира чертип ырдагандар.
7Бул өнөрдү билген, Теңирдин алдында ырдоого үйрөнгөн бир туугандары менен бирге алардын саны эки жүз сексен сегиз эле.
8Алар кызмат кылуу кезегин билиш үчүн, улуу-кичүү, устат-шакирт дебей, өкчөмө таш ыргытышты.
9Биринчи кезек Асапка тийди, Жусуп үчүн. Экинчи кезек бир туугандары жана уулдары менен Гедалияга тийди. Алар – он эки.
10Yчүнчү кезек уулдары жана бир туугандары менен Закурга тийди. Алар – он эки.
11Төртүнчү кезек уулдары жана бир туугандары менен Житсириге түштү. Алар – он эки.
12Бешинчи кезек уулдары жана бир туугандары менен Нетанияга тийди. Алар – он эки.
13Алтынчы кезек уулдары жана бир туугандары менен Букияга тийди. Алар – он эки.
14Жетинчи кезек уулдары жана бир туугандары менен Жесарелге тийди. Алар – он эки.
15Сегизинчи кезек уулдары жана бир туугандары менен Ышайага тийди. Алар – он эки.
16Тогузунчу кезек уулдары жана бир туугандары менен Матанияга тийди. Алар – он эки.
17Онунчу кезек уулдары жана бир туугандары менен Шимейге тийди. Алар – он эки.
18Он биринчи кезек уулдары жана бир туугандары менен Азариелге тийди. Алар – он эки.
19Он экинчи кезек, уулдары жана бир туугандары менен Хашабияга тийди. Алар – он эки.
20Он үчүнчү кезек уулдары жана бир туугандары менен Шубаелге тийди. Алар – он эки.
21Он төртүнчү кезек уулдары жана бир туугандары менен Мататияга тийди. Алар – он эки.
22Он бешинчи кезек уулдары жана бир туугандары менен Жеримотко тийди. Алар – он эки.
23Он алтынчы кезек уулдары жана бир туугандары менен Хананияга тийди. Алар – он эки.
24Он жетинчи кезек уулдары жана бир туугандары менен Жошбекешага тийди. Алар – он эки.
25Он сегизинчи кезек уулдары жана бир туугандары менен Хананиге тийди. Алар – он эки.
26Он тогузунчу кезек уулдары жана бир туугандары менен Малотиге тийди. Алар – он эки.
27Жыйырманчы кезек уулдары жана бир туугандары менен Элийапка тийди. Алар – он эки.
28Жыйырма биринчи кезек уулдары жана бир туугандары менен Отирге тийди. Алар – он эки.
29Жыйырма экинчи кезек уулдары жана бир туугандары менен Гидалетиге тийди. Алар – он эки.
30Жыйырма үчүнчү кезек уулдары жана бир туугандары менен Махазиотко тийди. Алар – он эки.
31Жыйырма төртүнчү кезек уулдары жана бир туугандары менен Ромамти-Эзерге тийди. Алар – он эки.