1 Жылнаама 26:1-32 KYB2004 - Bible AI

1Дарбазачылардын бөлүштүрүлүшү: Корак тукумунан: Асап уулдарынан Корактын уулу Мешелемия.

2Мешелемиянын уулдары: туну – Захария, экинчиси – Жедийаел, үчүнчүсү – Зебадия, төртүнчүсү – Жатниел,

3бешинчиси – Эйлам, алтынчысы – Жоханан, жетинчиси – Элийонай.

4Обейт-Эдомдун уулдары: туну – Шемая, экинчиси – Жейозабат, үчүнчүсү – Жаах, төртүнчүсү – Сакар, бешинчиси – Натанаел,

5алтынчысы – Амиел, жетинчиси – Исахар, сегизинчиси – Пейултай, анткени ага Кудай батасын берген.

6Анын уулу Шемаядан да өз уруусуна башчылык кылган уулдар төрөлгөн. Алар күчтүү адамдар болгон.

7Шемаянын уулдары: Отни, Репаел, Обейт жана Элзабат, анын бир туугандары Элийу менен Семакия – күчтүү адамдар.

8Булардын баары Обейт-Эдомдун уулдарынан болгон. Алар, алардын уулдары жана бир туугандары тырышчаак, кызматка жөндөмдүү адамдар эле. Обейт-Эдомдун тукуму – алтымыш эки адам.

9Мешелемиянын жөндөмдүү уулдары менен бир туугандары – он сегиз адам.

10Мераринин уулдарынын бири Хосанын уулдары: Шимри – башчысы, ал тун уулу болбосо да, атасы аны башчы кылып койгон.

11Экинчиси – Хилкия, үчүнчүсү – Тебалия, төртүнчүсү – Захария. Хосанын уулдары менен бир туугандары он үч.

12Теңир үйүндө кызмат кылуу үчүн, бир туугандары сыяктуу эле жөндөмдүү дарбазачылардын башчы болуп бөлүнүшү мына ушундай.

13Алар өз уруулары боюнча ар бир дарбаза үчүн, улуу-кичүү дебей, өкчөмө таш ыргытышты.

14Өкчөмө ташты ыргытканда, Шелемияга чыгыш тарап түштү. Анын уулу акылман кеңешчи Захарияга түндүк тарап түштү.

15Обейт-Эдомго түштүк тарап, анын уулдарына кампанын капкасын кайтаруу түштү.

16Шупим менен Хосага батыш тарап жана жол өр тарткан жердеги Шалехет дарбазасы, эки күзөтчү бетме-бет турган жерди кайтаруу түштү.

17Чыгыш тарапка алтыдан леби, түндүк тарапка төрттөн, түштүк тарапка төрттөн, кампанын алдына экиден,

18батыш тарабынан короого кире турган жолго төрттөн, короонун өзүнө экиден.

19Корак уулдары менен Мерари уулдарынан бөлүнгөн дарбазачылар ушулар.

20Алардын бир туугандары лебилер болсо Кудайдын үйүндөгү казынаны жана Кудайга арналган буюмдар сакталуучу казынаны кайтарышты.

21Гейиршуни уулу Ладандын уулдарынан Жехиел. Ал Ладан уруусунун уруу башчысы эле.

22Жехиелдин уулдары: Зейтам жана анын бир тууганы Жоел Кудайдын үйүндөгү казынаны кайтарышты,

23алар менен бирге Амрамдын, Житсардын, Хеброндун жана Узиелдин уруулары турду.

24Мусанын уулу Гейиршомдун уулу Шебуел казына кайтаруучулардын башчысы болду.

25Шебуелдин бир тууганы – Элиезер, Элиезердин уулу – Рехабия, Рехабиянын уулу – Ышайа, Ышайанын уулу – Жорам, Жорамдын уулу – Зихри, Зихринин уулу – Шеломит.

26Шеломит жана анын бир туугандары Кудайга арналган буюмдар сакталуучу казынаны кайтарышкан, ал буюмдарды Дөөт падыша, уруу башчылар, миң башылар, жүз башылар жана аскер башчылар Кудайга арнашкан.

27Алар Теңир үйүнө керектөө үчүн, чаап алгандарынан, олжолоп алгандарынан Кудайга арнап турушкан.

28Шемуел пайгамбар эмнени арнаса, ошонун баары, Киштин уулу Шабулдун, Нейирдин уулу Абенердин, Серуянын уулу Жойаптын арнагандарынын бардыгы Шеломит менен анын бир туугандарынын колунда болгон.

29Житсар уруусунан: Кенания менен анын уулдары ысрайылдыктардын тышкы иштерин тейлеген катчылар жана башкаруучулар болуп дайындалышты.

30Хеброн уруусунан: Хашабия жана анын бир туугандары, бир миң жети жүз эр жүрөк адамдар падышанын кызматтарында, Теңирдин ар кандай иштеринде, Иордандын берки тарабында батышты карай жайгашкан бүт Ысрайылды кайтарып турушту.

31Хеброн уруусунда уруулары менен укум-тукумун башкарып, Хеброн урууларына башчы болуп Жерия турду. Дөөттүн бийлигинин кыркынчы жылында алар санакка киришти, алардын арасынан гилаттык Жазерден баатыр адамдар чыкты.

32Анын бир туугандарынан жөндөмдүү эки миң жети жүз адамы уруу башчы болду. Аларды Дөөт Рубейиндин, Гаттын уруусуна жана Менашенин жарым уруусуна башчы кылып, Кудайдын бардык иштери менен падышанын бардык иштерин башкартып койгон.

le>