1Бул – Ысрайыл уулдарынын жылдын бардык айында, ар ай сайын келип-кетип турган, падышанын бардык иштеринде бөлүм-бөлүм боюнча кызмат кылган уруу башчылардын, миң башылардын, жүз башылардын жана иш башкаруучулардын саны. Ар бир бөлүмдө алар жыйырма төрт миңден болгон.
2Биринчи ай үчүн, биринчи бөлүмдө Забдиелдин уулу Жашобам башчылык кылган. Анын бөлүмүндө жыйырма төрт миң адам болгон.
3Ал Перестин уулдарынан болгон, ал биринчи айда бардык аскер башчылардын үстүнөн башчы болгон.
4Экинчи айда бөлүмдүн үстүнөн акойактык Додай башчылык кылган. Анын бөлүмүндө Миклот төрө да болгон, бөлүмдө жыйырма төрт миң киши бар эле.
5Yчүнчү ай үчүн үчүнчү аскер башчы Жойаттын, ыйык кызмат кылуучунун уулу Беная болду, анын бөлүмүндө жыйырма төрт миң киши болгон.
6Бул Беная – отуз эр жүрөк жоокердин бири, алардын башчысы. Анын бөлүмүндө өз уулу Амизабат бар болчу.
7Төртүнчү ай үчүн, төртүнчүсү Жойаптын бир тууганы Асаел болду, андан кийин анын уулу Зебадия. Анын бөлүмүндө жыйырма төрт миң адам болгон.
8Бешинчи ай үчүн, бешинчиси жизрахиялык Шамут төрө болду. Анын бөлүмүндө жыйырма төрт миң адам болгон.
9Алтынчы ай үчүн, алтынчысы текоялык Икештин уулу Ира болду. Анын бөлүмүндө жыйырма төрт миң адам болгон.
10Жетинчи ай үчүн, жетинчиси пелондук Хелез болду, ал Эпрайымдын уулдарынан эле. Анын бөлүмүндө жыйырма төрт миң адам болгон.
11Сегизинчи ай үчүн, сегизинчиси Зерак уруусунан хушалык Сипхай болду. Анын бөлүмүндө жыйырма төрт миң адам болгон.
12Тогузунчу ай үчүн, тогузунчусу Бенжемин уулдарынан анатоттук Абиезер болду. Анын бөлүмүндө жыйырма төрт миң адам болгон.
13Онунчу ай үчүн, онунчусу Зерак уруусунан нетопалык Марай болду. Анын бөлүмүндө жыйырма төрт миң адам болгон.
14Он биринчи ай үчүн, он биринчиси Эпрайым уулдарынан пиратондук Беная болду. Анын бөлүмүндө жыйырма төрт миң адам болгон.
15Он экинчи ай үчүн, он экинчиси Отниелдин уруусунан нетопалык Хелдай болду. Анын бөлүмүндө жыйырма төрт миң адам болгон.
16Ал эми Ысрайыл урууларына коюлган башчылар: Рубейинге Зихринин уулу Элиезер, Шымонго Мааханын уулу Шепатия,
17Лебиге Кемуелдин уулу Хашабия, Арунга Садок,
18Жүйүткө Дөөттүн бир туугандарынан Элийап, Исахарга Михаелдин уулу Омри,
19Забулунга Обадиянын уулу Жишмая, Напталыга Азриелдин уулу Жеримот,
20Эпрайым уулдарына Азазиянын уулу Ошуя, Менашенин жарым уруусуна Педая уулу Жоел,
21Гилаттагы Менашенин жарым уруусуна Захариянын уулу Идо, Бенжеминге Абенердин уулу Жаасиел,
22Данга Жерохамдын уулу Азариел болду. Булар Ысрайыл урууларынын жол башчылары эле.
23Жыйырма жаштагыларды жана андан төмөнкүлөрдү Дөөт санакка киргизген жок, анткени Теңир Ысрайыл тукумун асмандагы жылдыздардай көбөйтөм деп айткан.
24Серуянын уулу Жойап эсептей баштады, бирок бүтпөй калды. Бул санак үчүн Кудай Ысрайылга каарданды. Бул санак Дөөт падышанын тарыхына кирген жок.
25Падышанын казыналарынын үстүнөн Адиел уулу Азмабет коюлду. Ал эми талаадагы, шаардагы, айыл-кыштактардагы, мунаралардагы кампаларга Узиянын уулу Жонатан коюлду.
26Талаада иштегендердин үстүнөн, дыйканчылыкка Хелуптун уулу Эзри,
27жүзүмзарларга рамалык Шимей, жүзүмзарлардагы шарап сакталуучу кампалардын үстүнөн шепамдык Забдий,
28өрөөндөгү зайтун жана анжыр бактарына гедейралык Баал-Канан, өсүмдүк майлары сакталуучу кампаларга Жааш,
29Шарон жайытындагы бодо малга шарондук Шитрай, өрөөндөгү малга Адлайдын уулу Шапат,
30төөлөргө Ысмайыл тукумунан Обил, эшектерге мейрондук Жехдея,
31майда малга агрылык Жазиз жоопкерчиликтүү эле. Булардын баары – Дөөт падышанын мал-мүлкүнө жооптуу адамдар.
32Дөөттүн агасынын баласы Жонатан даанышман адам болгондуктан, анын кеңешчиси жана катчысы болду. Хахмоминин уулу Жехиел падышанын уулдарына көзөмөлчү болду.
33Акитопел падышанын кеңешчиси болду. Архилик Хушай падышанын жан досу болду.
34Акитопелден кийин Бенаянын уулу Жойат жана Абыйатар кеңешчи болду. Ал эми Жойап падышанын аскер башчысы болду.