1 Жылнаама 29:1-30 KYB2004 - Bible AI

1Дөөт падыша бүткүл жыйынга мындай деди: «Кудай уулдарымдын ичинен бир гана Сулайман уулумду тандап алды. Бирок ал жаш, кубаты аз, бул иш болсо эбегейсиз чоң иш, анткени бул имарат адам үчүн эмес, Кудай-Теңир үчүн!

2Менин Кудайымдын үйүнө алтын буюмдар үчүн алтын, күмүш буюмдар үчүн күмүш, жез буюмдар үчүн жез, темир буюмдар үчүн темир, жыгач буюмдар үчүн жыгач, акак таштарды, коюлуучу таштарды, ар түрдүү кооз таштарды, ар кандай асыл таштарды, көп мрамор таштарды болгон күч-кубатым менен даярдап койдум.

3Алтын-күмүш сакталган өзүмдүн казынам бар. Ыйык жай үчүн даярдагандарымдан тышкары, мен аны Кудайдын үйүн сүйгөндүктөн, Кудайдын үйү үчүн берем.

4Yйдүн дубалдарын капташ үчүн, алтындан жасала турган алтын буюм үчүн, күмүштөн жасала турган ар бир буюм үчүн, чебер усталар жасай турган ар кандай нерселер үчүн үч миң талант Опир алтынын, жети миң талант таза күмүш бердим. Бүгүн дагы ким өз каалоосу менен Теңир үчүн курмандык кылат?»

6Ошондо уруу башчылары, Ысрайыл урууларынын башчылары, миң башылары, жүз башылары, падышанын чарба иштерин башкаруучулары ар кандай курмандык бере башташты.

7Кудай үйүн тургузуш үчүн, алар беш миң талант таза алтын, он миң алтын драхма, он миң талант күмүш, он сегиз миң талант жез, жүз миң талант темир беришти.

8Кимдин асыл таштары болсо, аларды Кудай үйүндөгү казынага, гейиршунилик Жехиелдин колуна беришти.

9Эл алардын демилгесине аябай кубанды, анткени алар Теңирге чын жүрөктөн курмандык кылышты. Буга Дөөт падыша да абдан кубанды.

10Дөөт бүт жыйындын көз алдында Теңирди мындай деп даңктады: «Атабыз Ысрайылдын Кудай-Теңири, Сага кылымдан кылымга даңк!

11Теңир, улуулук да, кудуреттүүлүк да, даңк да, жеңиш да, урмат-сый да Сага таандык, жердеги менен асмандагынын баары Сеники! Теңир, падышачылык бийлик да Сеники! Бардыгынын Эгедери Сенсиң, бир Өзүң бардыгынан жогорусуң!

12Байлык да, атак-даңк да Сенден келет, бардыгына Сен үстөмдүк кылып турасың, Сен күчтүүсүң жана кудуреттүүсүң. Жогору көтөрүү жана бардыгын бекемдөө Сенин колуңда!

13Бүгүн биз Сени, Теңир, даңазалап, улуу ысымыңды мактап жатабыз!

14Анткени ушундай курмандык кылууга кудуретибиз жеткидей, мен киммин да, менин элим ким? Анткени бардыгы Сенден, Сенин колуңдан алганыбызды кайра Өзүңө бердик.

15Себеби биз ата-бабаларыбыздай эле Сенин алдыңда жолоочубуз, келгинбиз. Жер үстүндөгү биздин өмүрүбүз көлөкө сыяктуу, эч кандай үмүт жок.

16Теңир, Кудайыбыз! Сага, Сенин ыйык ысымыңа арнап үй куруу үчүн даярдап койгондорубуздун баары Сенин колуңдан чыккан, баары Сеники!

17Кудуреттүү Кудайым, Сенин жүрөктү сынарыңды, таза жүрөктү сүйөрүңдү билем. Мен ушунун бардыгын чын жүрөгүмдөн курмандык кылдым, бул жерде турган элиңдин да Сага кубаныч менен курмандык кылып жатканын көрүп турам.

18Теңир, биздин ата-бабаларыбыз Ыбрайымдын, Ыскактын, Ысрайылдын Кудайы! Өз элиңдин жүрөгүндөгү ушул жакшы ниетти түбөлүккө сактай көр, алардын жүрөгүн Өзүңө бур.

19Сенин осуяттарыңды, көрсөтмөлөрүңдү, мыйзамдарыңды сакташы үчүн, ушунун бардыгын аткарышы үчүн жана керек-жарактарын өзүм даярдап берген имаратты курушу үчүн, менин уулум Сулайманга таза жүрөк бер».

20Дөөт бүт жыйынга: «Биздин Кудай-Теңирибизди даңктагыла!» – деди. Ошондо жыйындагы бүт жамаат ата-бабаларынын Кудай-Теңирин даңктады, жерге жыгылып, Теңирге жана падышага таазим кылышты.

21Эртеси күнү алар Теңирге курмандыктарын алып келишти, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды: бир миң букачар, бир миң кочкор, бир миң козу, куюлуучу курмандыктарын жана бүт Ысрайылдан көп курмандыктарды алып келишти.

22Ошол күнү Теңирдин алдында зор кубаныч менен ичип-жешти. Дөөттүн уулу Сулайманды экинчи ирет падыша көтөрүп, Теңирдин алдында жогорку бийликке майлашты, Садокту болсо ыйык кызмат кылуучу кылып майлашты.

23Сулайман өз атасы Дөөттүн ордуна Теңирдин тагына падыша болуп отурду, аны ийгилик коштоп жүрдү. Бүткүл Ысрайыл эли ага баш ийип турду.

24Бардык башчылар, бардык күчтүүлөр, ошондой эле Дөөттүн башка бардык уулдары Сулайман падышага баш ийишти.

25Теңир бүткүл Ысрайылдын көз алдында Сулаймандын зоболосун көтөрдү. Ага буга чейин Ысрайылдын эч бир падышасы ээ болбогон падышачылык атак-даңкты берди.

26Жышай уулу Дөөт Ысрайылга падышачылык кылды,

27ал Ысрайылга кырк жыл падыша болду: Хеброндо жети жыл падышачылык кылды, Иерусалимде отуз үч жыл падышачылык кылды.

28Ал бакыбат өмүр сүрүп, өмүргө тоюп, байлыкка, даңкка ээ болуп көз жумду. Анын ордуна уулу Сулайман падыша болду.

29Дөөттүн алгачкы жана акыркы иштери көрөгөч Шемуелдин жазууларында, пайгамбар Натандын жазууларында жана көрөгөч Гаттын жазууларында жазылган.

30Ошондой эле ал жазууларда Дөөттүн падышачылык кылышы, эрдиги, анын башынан өткөргөн окуялары, Ысрайылдын жана жер жүзүндөгү бардык падышачылыктардын тарыхы жазылган.

le>