1 Жылнаама 3:1-24 KYB2004 - Bible AI

1Дөөттүн Хеброндо төрөлгөн уулдары булар: тун уулу – Амнон, ал изрейелдик аялы Акинаамдан төрөлгөн; экинчи уулу – Даниел, ал кармелдик аялы Абигейилден төрөлгөн;

2Yчүнчү уулу – Абышалом, ал Гешур падышасы Талмайдын кызы Маахадан төрөлгөн; төртүнчү уулу – Адония, ал Кагыттан төрөлгөн;

3Бешинчи уулу – Шепатия, ал Абыталдан төрөлгөн; алтынчы уулу – Житреям, ал Эгладан төрөлгөн.

4Анын бул алты уулу Хеброндо төрөлгөн. Ал жерде ал жети жыл, алты ай падышачылык кылган. Отуз үч жыл Иерусалимде падыша болгон.

5Анын Иерусалимде төрөлгөн уулдары булар: Шима, Шобап, Натан, Сулайман. Бул төртөө Амиелдин кызы Бат-Шебадан төрөлгөн.

6Дөөттүн дагы тогуз уулу болгон: Жибхар, Элишама, Элипелет,

7Нога, Непек, Жапия,

8Элишама, Элийада жана Элипелет.

9Булар – Дөөттүн күң аялдарынан төрөлгөн уулдарынан тышкаркы уулдары. Тамар алардын карындашы болгон.

10Сулаймандын уулу – Рехабам. Рехабамдын уулу – Абиям. Абиямдын уулу – Аса. Асанын уулу – Жошапат.

11Жошапаттын уулу – Жорам. Жорамдын уулу – Ахазай. Ахазайдын уулу – Жааш.

12Жааштын уулу – Аматсия. Аматсиянын уулу – Азария. Азариянын уулу – Жотам.

13Жотамдын уулу – Ахаз. Ахаздын уулу – Хиския. Хискиянын уулу – Менаше.

14Менашенин уулу – Амон. Амондун уулу – Жошия.

15Жошиянын уулдары: туну – Жаахаз, экинчиси – Жайаким, үчүнчүсү – Ситкия, төртүнчүсү – Шалум.

16Жайакимдин уулдары: Жайахин, Жайахиндин уулу – Ситкия.

17Жайахиндин уулдары: Асир, Асирдин уулу – Шалтиел;

18Малкирам, Педая, Шенатсар, Жекамия, Ошама жана Недабия.

19Педаянын уулдары: Зоробабыл менен Шимей. Зоробабылдын уулдары болсо: Мешулам менен Ханания, алардын карындашы – Шеломит,

20Зоробабылдын дагы беш уулу болгон: Хашуба, Ойел, Берекия, Хасадия жана Жушап-Хесет.

21Хананиянын уулдары: Пелатия менен Ышайа. Анын уулу – Репая, анын уулу – Арнан, анын уулу – Обадия, анын уулу – Шехания,

22Шеханиянын уулу – Шемая. Шемаянын уулдары: Хатуш, Игал, Бариах, Неярия жана Шапат – алтоо.

23Неяриянын уулдары: Элийойнай, Хиския жана Азрикам – үчөө.

24Элийойнайдын уулдары: Одабия, Элийашип, Пелая, Акуп, Жоханан, Делая жана Анани – жетөө.

e>