1 Жылнаама 4:1-43 KYB2004 - Bible AI

1Жүйүттүн уулдары: Перес, Хесрон, Карми, Хур жана Шобал.

2Шобалдын уулу Рейайдан Жахат төрөлдү. Жахаттан Акумай жана Лаада төрөлдү. Алардан Сора уруулары тарады.

3Эйтамдын уулдары булар: Изрейел, Жишма, Житпаш, булардын карындашынын ысымы – Атселелпони.

4Гедордун атасы – Пенуел, Куштун атасы – Эйзер. Булар – Бейт-Лехемдин атасы Эпраттын туну Хурдун уулдары.

5Текоянын атасы Ашкурдун Хела жана Наара деген эки аялы болгон.

6Наара ага Акузамды, Хейперди, Тейменини жана Акаштарды төрөп берди. Булар – Нааранын уулдары.

7Хеланын уулдары: Серет, Сохар жана Этнан.

8Кутустан Ануп, Собеп төрөлдү. Кутус – Харумдун уулу Акархелден тараган уруулардын да атасы.

9Жабес өз бир туугандарынын атактуусу болгон. Энеси: «Мен муну ооруп төрөдүм», – деп, атын Жабес койгон.

10Жабес Ысрайылдын Кудайына мындай деп кайрылды: «Мага Өзүңдүн батаңды бер, менин жеримди кеңейт, Сенин колуң мени менен болсун, кайгы тартпашым үчүн, жамандыктан сакта!» Кудай анын сураганын берди.

11Шуханын бир тууганы Хелуптан Мехир төрөлдү. Ал Эштонанын атасы болду.

12Эштонадан Бейт-Рапа, Пасейах жана Нахаш шаарынын атасы Техина төрөлдү. Булар – Рейханын тургундары.

13Кеназдын уулдары: Отниел жана Серая. Отниелдин уулу – Хатат.

14Мейонотайдан Опра төрөлдү, Сераядан Жойап төрөлдү. Жойап өрөөндө жашаган жыгач усталардын уруу башчысы болгон, анткени алар жыгач усталар эле.

15Жепундун уулу Калептин уулдары: Ир, Эйла жана Наам. Эйланын уулу – Кеназ.

16Жейелелейдин уулдары: Зуп, Зипа, Тирея жана Асарел.

17Эзранын уулдары: Жетер, Мерет, Эйпер жана Жалон. Жетерден болсо Мириям, Шамай жана Эштемоанын атасы Жишпах төрөлдү.

18Анын аялы Жейудей Гедордун атасы Жеретти, Сохонун атасы Хеберди, Заноахтын атасы Жекутиелди төрөдү. Мереттин аялы, фараон кызы Бития да уулдарды төрөп берген.

19Кеиланын атасы Нахамдын эжеси Одиянын аялы эле, андан төрөлгөн уулдар: маахалык Гармы менен Эштемоа.

20Шымондун уулдары: Амнон, Рина, Бен-Канан жана Тилон. Жишинин уулдары: Зохет менен Бен-Зохет.

21Жүйүттүн уулу Шилонун уулдары: Леханын атасы Эйир, Марейшанын атасы Лада жана Ашбеянын тукумунан чыккан кездеме токуучу уруулар.

22Жоким менен Хозейбанын тургундары, Жааш менен Сарап Маапты жана Жашуп-Лекемди башкарып келишкен. Булардын бардыгы байыркы заманда болгон.

23Алар карапачылар болушкан. Нетайим менен Гедерада жашап, падышанын жумушун кылышкан.

24Шымондун уулдары: Немуел, Жамин, Жарип, Зерах жана Шабул.

25Шабулдун уулу – Шалум, Шалумдун уулу – Мипсам, Мипсамдын уулу – Мишма.

26Мишманын уулдары: Хамуел, Закур, Шимей.

27Шимейдин он алты уулу жана алты кызы болгон. Анын бир туугандарынын уулдары аз эле, алардын бүтүн уруусу Жүйүт уулдарындай көп эмес эле.

28Алар Бейер-Шебада, Моладада, Хатсар-Шуалда,

29Билада, Этсемде, Толатта,

30Бетуелде, Хормада, Сыклакта,

31Бейт-Маркаботто, Хатсар-Сусимде, Бейт-Бириде жана Шаарайымда жашашкан. Дөөт падыша болуп, бийлик кылганга чейин алардын жашаган шаарлары мына ушулар.

32Алардын айыл-кыштактары: Эйтам, Айын, Римон, Тохен жана Ашан – бешөө.

33Алардын Баалга чейин созулуп жаткан айыл-кыштактары ушулар. Алардын жашаган жерлери жана санжырасы ушул.

34Мешобап, Жамлек жана Аматсиянын уулу Жоша,

35Жоел жана Асиелдин уулу, Сераянын уулу, Жошибиянын уулу Жейу.

36Элийойнай, Жакып, Жешохая, Асая, Адиел, Жесимиел жана Беная,

37Шемаянын уулу, Шимринин уулу, Жедаянын уулу, Алондун уулу, Шипинин уулу Зиза.

38Бул аталгандар өз урууларынын төрөлөрү болгон жана булардын аталарынын тукуму көп урууларга бөлүнүп кеткен.

39Булар өз малдарына жайыт табыш үчүн, Герарга чейин жана өрөөндүн күн чыгышына чейин барышкан.

40Алар оттуу жайыттарды, жакшы конуштарды, кенен жерлерди, коопсуз, тынч өрүштөрдү таап жайланышкан, анткени аларга чейин ал жерлерде бир азыраак гана хамдыктар жашашкан.

41Аттары жазылган ушул кишилер Жүйүт падышасы Хиския башкарып турган күндөрдө келишип, ал жерлерде отурукташкандарды да, көчүп жүргөндөрдү да талкалап, биротоло жок кылып, алардын ордуна отурукташып калышты. Анткени ал жерлерде алардын малдары үчүн жайыт бар эле.

42Алардын арасынан, Шымондун уулдарынан Сеир тоосуна беш жүз адам барган. Алардын башында Жишинин уулдары Пелатия, Неярия, Репая жана Узиел турган.

43Алар ал жердеги амалыктыктардын аман калгандарын кырып салышкан. Алар ушул кезге чейин ал жерде жашашат.

e>