1Ысрайылдын тун уулу Рубейиндин уулдары (Рубейин Ысрайылдын тун уулу болгон, бирок ал өз атасынын төшөгүн булгагандыктан, анын тунгучтугу Ысрайылдын уулу Жусуптун уулдарына берилген, ал санжырага тунгуч болуп жазылган эмес.
2Жүйүт өз бир туугандарынан алда канча күчтүү болсо да, анын уруусунан жол башчы чыкса да, тунгучтук Жусупка ыйгарылган эле).
3Ысрайылдын туну Рубейиндин уулдары: Ханох, Палу, Хесрон жана Карми.
4Жоелдин уулдары: Шемая, Шемаянын уулу – Гок, Гоктун уулу – Шимей,
5Шимейдин уулу – Миха, Миханын уулу – Рейай, Рейайдын уулу – Баал,
6Баалдын уулу – Бейра, аны Ашур падышасы Тиглат-Пилесер туткундап кеткен. Ал рубейиндиктердин төрөсү болгон.
7Уруулары боюнча, санжырасы боюнча анын бир туугандары: биринчиси – Жейел, анан Захария менен Бела.
8Бела – Азаздын уулу, Азаз – Шеманын уулу, Шема – Жоелдин уулу. Ал Небо менен Баал-Мейонго чейин жаткан Аройерде жашаган.
9Чыгышта болсо ал Эфрат дарыясынан бери жаткан чөлгө чейинки жерлерде жашаган, анткени Гилат жеринде алардын малы өтө көп болчу.
10Шабулдун доорунда алар агрылыктар менен согушуп, аларды жеңип алышкан. Анан алар Гилаттын чыгыш тарабында, агрылыктардын чатырларында жашап калышкан.
11Гаттын уулдары алардын каршысында, Башан жеринде Салхага чейин жайгашышкан.
12Башанда Жоел башчы болгон, Шапам экинчи, андан соң Жаанай менен Шапат турган.
13Алардын бир туугандарынан жети уруу тараган: Михаел, Мешулам, Шеба, Жорай, Жаакан, Зия жана Эйбер.
14Булар – Хуринин уулу Абыкайылдын уулдары. Хури – Жаройахтын уулу, Жаройах – Гилаттын уулу, Гилат – Михаелдин уулу, Михаел – Жешишайдын уулу, Жешишай – Жахдонун уулу, Жахдо – Бузанын уулу.
15Абдиелдин уулу Аки өз уруусунун башчысы болгон. Абдиел – Гунинин уулу.
16Алар Гилатта, Башанда жана анын карамагындагы шаарларда, Шарондун бардык аймактарынын четине чейин жайгашышкан.
17Булардын бардыгы Жүйүт падышасы Жотамдын жана Ысрайыл падышасы Жаробамдын тушунда каттоого кирген.
18Рубейин менен Гат уулдарынан, Менашенин жарым уруусунан калкан жана кылыч көтөргөн, жаа тарткан, согушууга үйрөтүлүп, майданга аттанган жоокерлердин саны кырк төрт миң жети жүз алтымыш болду.
19Алар агрылыктар менен, Жетур менен, Напиш менен, Нодап менен согушкан.
20Алар агрылыктар менен согушканда, жардам берилди, ошондо алардын колуна агрылыктар да, алардын бардык нерселери да салынып берилди. Анткени согуш учурунда алар Кудайга жалынышты, жардам сурашты. Ага таянышкандыктан, Ал аларды укту.
21Алар агрылыктардын элүү миң төөсүн, эки жүз элүү миң майда жандыгын, эки миң эшегин, жүз миң адамын туткундап кетишти.
22Бул салгылашуу Кудайдан болгондуктан, өлтүрүлгөндөр өтө көп эле. Өздөрү туткундалып кеткенче, алардын жеринде жашап турушту.
23Менашенин жарым уруусунан тараган уруулар ошол жерде Башандан тартып Баал-Хермонго – Сенирге (Хермон тоосуна) чейин жайгашышкан. Алар да өтө көп болгон.
24Алардын урууларынын уруу башчылары мына булар: Эйпер, Жиши, Элиел, Азриел, Жеремия, Одабия жана Жахдиел. Булар күч-кубаттуу, атактуу адамдар болгон, өз урууларын башкарып турган.
25Бирок алар өз ата-бабаларынын Кудайына каршы күнөө кылышты, Кудай алардын алдынан кууп чыккан ал жердеги элдердин кудайларына табынып кетишти.
26Ошондо Ысрайыл Кудайы Ашур падышасы Пулдун рухун жана Ашур падышасы Тиглат-Пилесердин рухун козгоду. Ал рубейиндиктер менен гаттыктарды жана Менашенин жарым уруусун туткундап, Халах менен Хаборго, Арага жана Гозан дарыясына алып кетти. Алар ошол жерлерде бүгүнкү күнгө чейин жашашат.