1Лебинин уулдары: Гейиршон, Каат жана Мерари.
2Кааттын уулдары: Амрам, Житсар, Хеброн жана Узиел.
3Амрамдын уулдары: Арун, Муса жана Мириям. Арундун уулдары: Надап, Абыйут, Элазар жана Итамар.
4Элазардан Пинехас төрөлдү. Пинехастан Абышуа төрөлдү.
5Абышуадан Буки төрөлдү. Букиден Уззи төрөлдү.
6Уззиден Зерахия төрөлдү. Зерахиядан Мерайот төрөлдү.
7Мерайоттон Амария төрөлдү. Амариядан Акитуп төрөлдү.
8Акитуптан Садок төрөлдү. Садоктон Акимаас төрөлдү.
9Акимаастан Азария төрөлдү. Азариядан Жаканан төрөлдү.
10Жаканандан Азария төрөлдү. Ал – Иерусалимдеги Сулайман тургузган ийбадатканада ыйык кызмат кылуучу болгон киши.
11Азариядан Амария төрөлдү. Амариядан Акитуп төрөлдү.
12Акитуптан Садок төрөлдү. Садоктон Шалум төрөлдү.
13Шалумдан Хилкия төрөлдү. Хилкиядан Азария төрөлдү.
14Азариядан Серая төрөлдү. Сераядан Жетсадак төрөлдү.
15Теңир жүйүттөрдү жана иерусалимдиктерди Небухаданасардын колуна салып бергенде, Жетсадак туткунга түшүп кеткен.
16Ошентип, Лебинин уулдары: Гейиршон, Каат жана Мерари.
17Гейиршон уулдарынын ысымдары булар: Либни жана Шимей.
18Кааттын уулдары: Амрам, Житсар, Хеброн жана Узиел.
19Мераринин уулдары: Махли менен Муши. Уруулары боюнча Леби тукуму мына ушулар.
20Гейиршондун уулдары: Гейиршондун уулу – Либни, Либнинин уулу – Жахат, Жахаттын уулу – Зима,
21Зиманын уулу – Жаах, Жаахтын уулу – Идо, Идонун уулу – Зерах, Зерахтын уулу – Жейатрай.
22Кааттын уулдары: Кааттын уулу – Аминадап, Аминадаптын уулу – Корак, Корактын уулу – Асир,
23Асирдин уулу – Элкана, Элкананын уулу – Эбийасап, Эбийасаптын уулу – Асир,
24Асирдин уулу – Тахат, Тахаттын уулу – Уриел, Уриелдин уулу – Узия, Узиянын уулу – Шабул.
25Элкананын уулдары: Амасай менен Акимот.
26Акимоттун уулу – Элкана, Элкананын уулу – Сопай, Сопайдын уулу – Нахат,
27Нахаттын уулу – Элийап, Элийаптын уулу – Жерохам, Жерохамдын уулу – Элкана.
28Шемуелдин уулдары: туну – Жоел, экинчиси – Абия.
29Мераринин уулдары: Мераринин уулу – Махли, Махлинин уулу – Либни, Либнинин уулу – Шимей, Шимейдин уулу – Уза,
30Узанын уулу – Шима, Шиманын уулу – Хагыя, Хагыянын уулу – Асая.
31Теңир үйүнө мыйзам сандыкты койгондон кийин Дөөт ырчыларга койгон башчылар ушулар.
32Сулайман Иерусалимде Теңир үйүн тургузганга чейин, булар жыйын чатырында ырчылык кызматын аткарышкан. Алар өздөрүнө берилген көрсөтмө боюнча кызмат кылышкан.
33Өз уулдары менен бирге бул кызматта тургандар мына булар: Кааттын уулдарынан – Эйман ырчы, ал – Жоелдин уулу, Жоел – Шемуелдин уулу,
34Шемуел – Элкананын уулу, Элкана – Жерохамдын уулу, Жерохам – Элиелдин уулу, Элиел – Тойахтын уулу,
35Тойах – Зуптун уулу, Зуп – Элкананын уулу, Элкана – Махаттын уулу, Махат – Амасайдын уулу,
36Амасай – Элкананын уулу, Элкана – Жоелдин уулу, Жоел – Азариянын уулу, Азария – Сепаниянын уулу,
37Сепания – Тахаттын уулу, Тахат – Асирдин уулу, Асир – Абыйасаптын уулу, Абыйасап – Корактын уулу,
38Корак – Житсардын уулу, Житсар – Кааттын уулу, Каат – Лебинин уулу, Леби – Ысрайылдын уулу.
39Анын оң жагында тууганы Асап турган. Ал – Берекиянын уулу, Берекия – Шиманын уулу,
40Шима – Михаелдин уулу, Михаел – Баасеянын уулу, Баасея – Малкиянын уулу,
41Малкия – Жепуненин уулу, Жепуне – Зерахтын уулу, Зерах – Адаянын уулу,
42Адайа – Эйтандын уулу, Эйтан – Зиманын уулу, Зима – Шимейдин уулу,
43Шимей – Жахаттын уулу, Жахат – Гейиршондун уулу, Гейиршон – Лебинин уулу.
44Мераринин уулдарынан, анын сол тарабында тууганы Эйтан турду, ал – Кишинин уулу, Киши – Обадиянын уулу, Обадия – Малухтун уулу,
45Малух – Хашабиянын уулу, Хашабия – Аматсиянын уулу, Аматсия – Хилкиянын уулу,
46Хилкия – Амисийдин уулу, Амисий – Банинин уулу, Бани – Шемердин уулу,
47Шемер – Махлинин уулу, Махли – Мушинин уулу, Муши – Мераринин уулу, Мерари – Лебинин уулу.
48Алардын леби бир туугандары Кудайдын үйүндө ар кандай кызматка бекитилген.
49Кудай Өзүнүн кулу Муса аркылуу осуяттагандай, ысрайылдыктарды бардык жагынан тазалоо үчүн, Арун жана анын уулдары курмандык чалынуучу жайда бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты өрттөп, жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайда жыпар жыттуу заттарды түтөтүп турушчу, ыйыктын ыйыгында ар кандай ыйык кызматтарды аткарышчу.
50Арундун уулдары булар: Арундун уулу – Элазар, Элазардын уулу – Пинехас, Пинехастын уулу – Абыйут,
51Абыйуттун уулу – Буки, Букинин уулу – Узи, Узинин уулу – Зерахия,
52Зерахиянын уулу – Мерайот, Мерайоттун уулу – Амария, Амариянын уулу – Акитуп,
53Акитуптун уулу – Садок, Садоктун уулу – Акимаас.
54Алар жашаган шаарлар жана алардын тегерегиндеги айыл-кыштактар: Каат уруусундагы Арундун уулдарына өкчөмө таш ыргытканда тийген жерлер:
55Жүйүт жериндеги Хеброн шаары жана анын тегерегиндеги жерлер.
56Бул шаардын талаасы менен айыл-кыштактарын Жепундун уулу Калепке беришти.
57Арундун уулдарына дагы баш калкалай турган шаарларды: Хебронду жана Либнаны чет-жакаларындагы жерлери менен, Жатирди жана Эштемоаны чет-жакасындагы жерлери менен,
58Хилейинди чет-жакасы менен, Дебирди чет-жакасы менен,
59Ашанды чет-жакасы менен, Бейт-Шемешти чет-жакасы менен беришти.
60Ал эми Бенжемин уруусунан Гебаны жана анын чет-жакасын, Алеметти жана анын чет-жакасын, Анатотту жана анын чет-жакасын беришти. Алардын урууларына бардыгы болуп он үч шаар берилди.
61Ушул уруудагы үй-бүлөлөрдүн ичинен Кааттын калган уулдарына Менашенин жарым уруусунан өкчөмө таш боюнча он шаар берилди.
62Гейиршондун уулдарынан тараган урууларга Исахар уруусунан, Ашыр уруусунан, Напталы уруусунан жана Башандагы Менаше уруусунан он үч шаар берилди.
63Мераринин уулдарынан тараган урууларга Рубейин уруусунан, Гат уруусунан жана Забулун уруусунан өкчөмө таш боюнча он эки шаар берилди.
64Ысрайыл уулдары лебилерге шаарларды жана чет-жакасындагы жерлерди ушинтип бөлүштүрүштү.
65Алар өкчөмө таш ыргытып, Жүйүт уулдарынан тараган уруулардан, Шымон уулдарынан тараган уруулардан жана Бенжеминдин уулдарынан тараган уруулардан аттары аталган ушул шаарларды беришти.
66Каат уулдарынын кайсы бир урууларына Эпрайым уруусунан шаарлар берилди.
67Аларга баш калкалай турган шаарларды: Эпрайым тоосундагы Шекем шаарын жана анын чет-жакасын, Гезер шаарын жана анын чет-жакасын,
68Жокмеямды жана анын чет-жакасын, Бейт-Коронду жана анын чет-жакасын,
69Айалонду жана анын чет-жакасын, Гат-Римонду жана анын чет-жакасын беришти.
70Менашенин жарым уруусунан Анейерди жана анын чет-жакасын, Биланды жана анын чет-жакасын беришти. Бул жерлер Кааттын калган урууларына берилди.
71Гейиршондун уулдарына Менашенин жарым уруусунан Башандагы Голанды жана анын чет-жакасын, Аштаротту жана анын чет-жакасын беришти.
72Исахар уруусунан Кедешти жана анын чет-жакасын, Дабератты жана анын чет-жакасын,
73Рамотту жана анын чет-жакасын, Анейемди жана анын чет-жакасын;
74Ашыр уруусунан Машалды жана анын чет-жакасын, Абдонду жана анын чет-жакасын,
75Хукокту жана анын чет-жакасын, Рехопту жана анын чет-жакасын;
76Напталы уруусунан Галилеядагы Кедешти жана анын чет-жакасын, Хамонду жана анын чет-жакасын, Кирийатайимди жана анын чет-жакасын беришти.
77Ал эми Мераринин калган уулдарына Забулун уруусунан Римонду жана анын чет-жакасын, Таборду жана анын чет-жакасын беришти.
78Рубейин уруусунан Иордандын аркы бетиндеги Иордандан чыгышка карай кеткен Жерихонун каршысындагы чөлдөгү Бетсерди жана анын чет-жакасын, Жаасты жана анын чет-жакасын,
79Кедемотту жана анын чет-жакасын, Мейпаатты жана анын чет-жакасын беришти.
80Гат уруусунан Гилат жериндеги Рамотту жана анын чет-жакасын, Маханайимди жана анын чет-жакасын,
81Кешпонду жана анын чет-жакасын, Жазерди жана анын чет-жакасын беришти.