1Исахардын уулдары: Пуя, Тола, Жашуп жана Шимрон – төртөө.
2Толанын уулдары: Узи, Репая, Жериел, Жахмай, Жипсам жана Шемуел. Алар Толанын уруу башчылары болушкан. Алардын урууларындагы адамдар жоокерлер эле. Алардын саны Дөөттүн убагында жыйырма эки миң алты жүзгө жеткен.
3Узинин уулу – Жизрахия. Ал эми Жизрахиянын уулдары: Михаел, Обадия, Жоел жана Жишия – бешөө. Булардын бардыгы башчылар болгон.
4Алардын урууларында согушка даяр турган отуз алты миң жоокери болгон. Анткени алар көп аял алгандыктан, уулдары көп болгон.
5Алардын бир туугандары болгон Исахардын урууларындагы жоокер адамдардын санжырага киргендеринин саны сексен жети миң.
6Бенжеминдин уулдары: Бела, Бехер жана Жедийаел – үчөө.
7Беланын уулдары: Эспон, Узи, Узиел, Жеримот жана Ири – бешөө. Уруу башчылары жоокер адамдар болгон. Алардын санжырага киргендеринин саны жыйырма эки миң отуз төрт.
8Бехердин уулдары: Земира, Жааш, Элиезер, Элийойнай, Омри, Жереймот, Абия, Анатот жана Алемет. Булардын баары – Бехердин уулдары.
9Санжырасында алардын уруулары боюнча, урууларга башчылык кылган жоокер адамдары жыйырма миң эки жүз болуп катталган.
10Жедийаелдин уулу – Билан. Биландын уулдары: Жейуш, Бенжемин, Эйут, Кенаана, Зейтан, Таршыш жана Акишакар.
11Жедийаелдин ушул уулдары уруулардын башында турган жоокер адамдар болгон. Согушка чыга тургандары он жети миң эки жүз эле.
12Шупим жана Хупим – Ирдин уулдары. Хушим – Ахейирдин уулу.
13Напталынын уулдары: Жахсиел, Гуни, Жетсер жана Шалум. Булар – Биладан төрөлгөн уулдары.
14Менашенин уулдары: Асриел жана Гилаттын атасы Махир. Буларды рамдык күң аялы төрөгөн.
15Махир Хупим менен Шупимдин карындашына үйлөнгөн, алардын карындашынын ысымы – Мааха. Дагы башка уулунун ысымы – Салапат. Салапаттын кыздары гана болгон.
16Махирдин аялы Мааха уул төрөп, ысымын Переш койду, анын бир тууганынын ысымы – Шереш. Анын уулдары: Улам менен Рекем.
17Уламдын уулу – Бедан. Булар – Гилаттын уулдары. Гилат – Махирдин уулу, Махир – Менашенин уулу.
18Анын карындашы Амолехет Ишоданы, Абиезерди жана Махланы төрөгөн.
19Шемиттин уулдары: Ахийан, Шехем, Лики жана Аниям.
20Эпрайымдын уулдары: Шуталах, Беред, Тахат, Элат, Тахат, Забат,
21Шутелах, Эзер жана Элат. Эпрайымдын уулдарын Гаттын тургундары өлтүрүп салышкан, анткени алар гаттыктардын малын тартып алганы барышкан.
22Алардын атасы Эпрайым уулдарын жоктоп, көп күн аза күттү. Бир туугандары аны соороткону келишти.
23Анан ал өз аялына жакындады. Анын боюна бүтүп, уул төрөдү. Атасы баланын ысымын Берия койду, анткени анын үйүнө мүшкүл түшкөн эле.
24Анын Шейера деген кызы болгон. Ал кыз төмөнкү жана жогорку Бейт-Корон менен Узейин-Шейераны курду.
25Эпрайымдын уулу – Репай, Репайдын уулу – Решеп, Решептин уулу – Телах, Телахтын уулу – Тахан,
26Тахандын уулу – Ладан, Ладандын уулу – Амийут, Амийуттун уулу – Элишама,
27Элишаманын уулу – Нун, Нундун уулу – Жашыя.
28Алар ээлеген, алар турган жерлер: Бейтел жана анын карамагындагы шаарлар; чыгыш жактагы Нааран, батыш жактагы Гезер жана анын карамагындагы шаарлар; Шекем жана анын карамагындагы шаарлар, Аза жана анын карамагындагы шаарлар.
29Ал эми Менашенин уулдары Бейт-Шейанды жана анын карамагындагы шаарларды, Таанахты жана анын карамагындагы шаарларды, Мегидону жана анын карамагындагы шаарларды, Дорду жана анын карамагындагы шаарларды ээлешкен. Ал шаарларда Ысрайыл уулу Жусуптун уулдары жашап турушкан.
30Ашырдын уулдары: Имна, Жишпа, Жишпи менен Берия, булардын карындашы Серак болгон.
31Бериянын уулдары: Хебер менен Малкиел. Малкиел – Бирзайиттин атасы.
32Хеберден Жаплет, Шомер, Хотам жана алардын карындашы Шуя төрөлдү.
33Жаплеттин уулдары: Пасах, Бимал жана Ашбат. Булар – Жаплеттин уулдары.
34Шемердин уулдары: Аки, Рага, Хуба жана Рам.
35Анын бир тууганы Эйлемдин уулдары: Сопах, Имна, Шейлеш жана Амал.
36Сопахтын уулдары: Субах, Харнепер, Шубал, Бейри, Жимра,
37Бетсер, От, Шама, Шилша, Житран жана Бейра.
38Жетердин уулдары: Жепун, Писпа жана Ара.
39Уланын уулдары: Арах, Ханиел жана Ритсия.
40Булардын баары – Ашырдын уулдары, уруу башчылары, тандалган жоокер адамдары, башкы жетекчилери. Алардын санжырасына кирген, согушка даяр жоокерлердин саны жыйырма алты миң.