1Бенжеминден тун уулу Бела, экинчи уулу Ашбел, үчүнчү уулу Акрак,
2төртүнчү уулу Нох, бешинчи уулу Рапа төрөлдү.
3Беланын уулдары: Адар, Гейра, Абыйут,
4Абышуа, Нааман, Акойак,
5Гейра, Шепупан жана Хурам.
6Гебада жашап, анан Манахатка көчүрүлгөн өз уруусунун уруу башчылары болгон Эйуттун уулдары булар:
7Нааман, Акия жана Гейра. Гейра аларды көчүрүп кеткен, андан Уза менен Акикут төрөлгөн.
8Шахарайым өз аялдары Хушим менен Баананы коё бергенден кийин, Маап жеринде балалуу болду.
9Алган аялы Ходеш ага Жобапты, Сибияны, Мейшаны, Малкамды төрөп берди.
10Жейусту, Сахейди жана Мирманы да төрөдү. Уруу башчылары болгон уулдары ушулар.
11Анын аялы Хушимден төрөлгөн уулдары – Абытуп жана Элпаал.
12Элпаалдын уулдары: Эйбер, Мишам жана Шемет. Шемет Оно менен Лодду жана анын карамагындагы шаарларды курду.
13Берия менен Шема Айалон тургундарынын үй-бүлө башчылары болгон. Алар Гаттын тургундарын кубалап чыгышкан.
14Ахио, Шашак, Жереймот,
15Зебадия, Арат, Эйдер,
16Михаел, Жишпа жана Жоха – Бериянын уулдары.
17Зебадия, Мешулам, Хиски, Хебер,
18Жишмерай, Жизлия жана Жобап – Элпаалдын уулдары.
19Жаким, Зихри, Забдий,
20Элийенай, Силтай, Элиел,
21Адая, Берая жана Шимрат – Шимейдин уулдары.
22Жишпан, Эйбер, Элиел,
23Абдон, Зихри, Ханан,
24Ханания, Эйлам, Антотия,
25Ипдея жана Пенуел – Шашактын уулдары.
26Шамшерай, Шехария, Аталея,
27Жаарешия, Эйлия жана Зихри – Жерохамдын уулдары.
28Булар – уруу башчылары, өз уруусундагы башкы адамдар. Алар Иерусалимде жашап турушкан.
29Гибондо гибондуктардын атасы жашаган, анын аялынын аты – Мааха,
30анын тун уулу – Абдон, андан кийинкилери – Сур, Киш, Баал, Надап,
31Гедор, Ахио, Зехер жана Миклот.
32Миклоттон Шимей төрөлдү. Алар бир туугандарынын жанында, Иерусалимде бир туугандары менен бирге турушту.
33Нейирден Киш төрөлдү. Киштен Шабул төрөлдү. Шабулдан Жонатан, Малки-Шуу, Абынадап жана Эшпаал төрөлдү.
34Жонатандын уулу – Мерибаал. Мерибаалдан Миха төрөлдү.
35Миханын уулдары: Питон, Мелех, Таарея жана Ахаз.
36Ахаздан Жейада төрөлдү. Жейададан Алемет, Азмабет жана Зимри төрөлдү. Зимриден Мотса төрөлдү.
37Мотсадан Бина төрөлдү. Бинанын уулу – Репая. Репаянын уулу – Элас. Эластын уулу – Атсел.
38Атселдин алты уулу болгон, алардын ысымдары булар: Азрикам, Бохра, Ысмайыл, Шеярия, Обадия жана Ханан. Булардын баары – Атселдин уулдары.
39Анын бир тууганы Эйшектин уулдары: туну – Улам, экинчиси – Жейуш, үчүнчүсү – Элипелет.
40Уламдын уулдары жоокер, жаа тарткан адамдар болгон, алардын балдары, неберелери көп эле, саны – жүз элүү. Алардын баары Бенжеминдин уулдарынан тараган.